Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6138

24 сентябрындагы 2019 ЕЭК министри Виктор Назаренко: «ЕАЭБде техникалык жөнгө салуу – бул соодадагы тоскоолдуктарды максималдуу төмөндөтүү менен продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу» ​«Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумун түзүүнүн негизги максаттары ички рынокто соода жүргүзүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды жоюу, аны сапатсыз продукциядан коргоо, Бирликтин өнөр жайы тарабынан өндүрүлгөн продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Минскте (Беларусь) өткөрүлгөн «Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге беш жыл: Соттун ролу» деп аталган Эл аралык конференцияда билдирди. Ошондой эле, ал техникалык жөнгө салуунун, санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик санитардык чараларды колдонуунун ЕАЭБде түзүлүп жаткан укуктук базасы «адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана ден соолугун, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргойт жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылат».
Дагы көрсөтүү