Жаңылыктар

29.05.2024

ЕАЭБде дары-дармектерди каттоо жана экспертизалоо эрежелери өзгөртүлдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 29-майда өткөн отурумда Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди.


Укук колдонууну эске алуу менен катталган дары-дармек препаратынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосунун административдик бөлүгү актуалдаштырылды. Тизмек кеңейтилип жана эксперттик иштерди жүргүзүүнү талап кылбаган жана кабарлоо тартибинде жүргүзүлүүчү каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн түрлөрү такталды.

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий мындай деп белгиледи: "Тобокелдикке багытталган ыкманы киргизүү жөнгө салуу жүктөмүн төмөндөтүүгө жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө кабарлоо тартибин колдонууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет".


Комиссиянын Кеңешинин чечими Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары (эксперттик уюмдары) тарабынан эксперттик иштерди жүргүзүүдө жана катталган дары-дармектерге карата өзгөрүүлөрдүн ар кандай түрлөрү үчүн каттоо досьесин баалоодо жол-жоболордун аткарылышын оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле фармацевтикалык өндүрүүчүлөр тарабынан каттоо досьесинин материалдарын даярдоо оптималдаштырылат.

Дары-дармек препаратынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн бул жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу 2024-жылдын 1-мартынан тартып берилген өтүнмөлөргө карата колдонулат (б.а. Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдин жоболору ушул жылдын 1-мартынан келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат).