Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6153
01 октябрындагы 2019
ЕАЭБ эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө: Сингапур менен эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду, жакында Иран менен эркин соода зонасын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуу күчүнө кирмекчи
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 1-октябрда Ереванда (Армения) болуп өткөн отурумунда интеграция, эл аралык ишмердик, каржы саясаты, бажылык жөнгө салуу, энергетика тармактарында жана бир катар башка тармактарда маанилүү чечимдер кабыл алынды.
01 октябрындагы 2019
ЖЕЭКтин жыйынтыктары: Сингапур менен эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду, Жалпы каржы рыногун түзүүнүн концепциясы бекитилди, газды ташуу жана жеткирүү тармагында документтер кабыл алынды
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 1-октябрда Ереванда (Армения) болуп өткөн отурумунда интеграция, эл аралык ишмердик, каржы саясаты, бажылык жөнгө салуу, энергетика тармактарында жана бир катар башка тармактарда маанилүү чечимдер кабыл алынды.
30 сентябрындагы 2019
ЕЭК министри Тимур Жаксылыков: «Ишенимдүү мамилелерди камсыз кылуу үчүн жөнгө салуучулардын жана бизнес-коомдоштуктун өз ара аракеттенүүсүн жолго коюу зарыл»
«Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында өткөрүлгөн «Бизнес, акча, адам: ЕАЭБде интеграцияны тереңдетүүгө карата мамилелер» деп аталган панелдик сессиянын катышуучулары бизнес-климатты жакшыртуу, айрыкча кызмат көрсөтүүлөр тармагында ишкердик ишмердикти активдештирүү маселелерин талкуулашты.
30 сентябрындагы 2019
Вероника Никишина: «Соода өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр процессин сакталып жаткан тарифтик эмес бөгөттөр маселесине багыттоо зарыл»
Бишкекте өткөрүлгөн «Евразия жумалыгы» Эл аралык көргөзмө форумунун алкагындагы «ЕАЭБдин соода саясатын өнүктүрүүнүн 2020–2024-жылдарга карата негизги багыттары» деп аталган эксперттик сессиянын жүрүшүндө ЕАЭБдин эксперттик жана бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү кийинки беш жылда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) соода саясатын түзүү үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселелерди талкуулашты. Иш-чарада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина катышты.
30 сентябрындагы 2019
ЕЭК Бишкектеги «Евразия жумалыгы – 2019» форумунда криптовалюталар жана блокчейн багыты боюнча иштин натыйжаларын презентациялады
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) «Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунну аянтчасында өткөрүлгөн «Өнүктүрүү токтотууга болбойт» – Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) криптовалюталарды жана блокчейнди жөнгө салуунун көйгөйлөрү жана перспективалары. Кантип туура басым жасоо керек?» деп аталган презентациясынын жүрүшүндө криптовалюталарды жана блокчейнди жөнгө салуунун мүмкүн болгон ыкмалары көрсөтүлдү.
30 сентябрындагы 2019
Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБде АӨКтүн санариптик экотутумунун түзүлүшүн колдомокчу
«Санариптик трансформациянын маанилүү элементи – агроөнөр жай комплексинин экотутумун тузүү. Жана бул жерде биз долбоордук ишмердик аркылуу тез стратегиялык пландоо принциби боюнча аракеттенген, кросс-тармактык мамиле керек. Логистиканы жалпы агроөндүрүш процессинен бөлүп кароого болбойт. АӨКтүн санариптик экотутуму агропродукцияны өндүрүүдөн баштап, аны өткөрүү, керектөө жана утилдештирүүгө чейинки толук жашоо циклин камтышы зарыл. Эгер биз бул экотутумдун бардык элементтерин башында белгилеп, аларды тең өнүктүрө баштасак, ошондо гана баары ийгиликтүү болот», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян Бишкекте «Евразия жумалыгы – 2019» Эл аралык форумунун алкагында өткөрүлгөн «Агроөнөр жай комплексинин экспортунун логистикасы: эл аралык санариптик платформа» деп аталган эксперттик талкуунун жүрүшүндө баса белгиледи.
30 сентябрындагы 2019
Тимур Жаксылыков Кыргызстандын мугалимдерине жана студенттерине ЕАЭБде бизнес алып баруунун шарттарын жакшыртуу тууралуу айтып берди
ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков Бишкектеги Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөргөн лекциясынын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бизнес алып баруунун шарттарын жакшыртуу, интеллектуалдык менчик укуктарын сактоо жана коргоонун деңгээлин жогорулатуу жана жалпы эле кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдардын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылын камсыз кылуу боюнча иши тууралуу айтып берди.
30 сентябрындагы 2019
ЕЭК министри Серик Жумангарин: «Ийгиликтүү дүйнөлүк иш-тажрыйбаларды апробациялоо бизге ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторунда ак ниет атаандаштыкты сактоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет»
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Москвадагы штаб-квартирасында Анд коомдоштугунун (АК) генералдык катчысы Хорхе Эрнандо Педрас Гутьеррес менен жолугушту.
Дагы көрсөтүү