Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6148

02 ноябрындагы 2020 ЕАЭБдин Иран менен соода көлөмү пандемияга карабастан өсүүдө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү жана Иран пандемияга карабастан, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүдө. Алсак, ушул жылдын 8 айында товар айланымы 2% га көбөйүп, 2 миллиард АКШ доллардан ашткан. Өсүүгө негизги салым Ирандан импорттун дээрлик 230 миллион АКШ долларына көбөйүшүнөн улам болгон. Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ичинен Армениядан экспорт көбөйгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепнев ЕАЭБ менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашууга ылайык түзүлгөн Биргелешкен комитеттин теңтөрагаларынын жыйынында билдирди. Иран тараптан жолугушууга Ирандын өнөр жай жана соода министринин орун басары, өлкөнүн Сооданы өнүктүрүү боюнча уюмунун башчысы Хамид Задбум катышты. Айыл чарба продукциясы өз ара сооданын негизи болуп калды. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Иранга жеткирүүлөрдүн көлөмүнүн болжол менен 80% (939 млн АКШ доллары) азык-түлүк товарлары жана айыл чарба чийки заттарына туура келсе, анын жарымынан көбү (609 млн АКШ доллары) данга туура келген. Өз кезегинде, ушул сыяктуу товарлар Ирандан Бирликке келген жеткирүүлөрдүн көпчүлүк бөлүгүн түзгөн - 68% же 575 миллион АКШ доллар. Мөмө-жемиштер жана жаңгактар ​​Ирандан импорттун өсүшүнүн негизги драйвери болду.
Дагы көрсөтүү