Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6148
26 августундагы 2020
Коронавирус пандемиясы ЕАЭБде азык-түлүк жана айыл чарба продукциясы менен сооданын өсүшүнө өбөлгө түздү
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин азык-түлүк товарлары менен өз ара соода жүргүзүүсү 2020-жылдын I кварталында өткөн жылдын ушундай эле мезгил аралыгына салыштырмалуу 2,5%га, 4,1 млрд долларга чейин өскөн. Өз кезегинде, азык-түлүк эмес айыл чарба продукциясын сатуулар дароо 13,0%га, 0,32 млрд долларга чейин өскөн. 8,4 эсеге өсүштү көрсөткөн соя өз ара сооданын өсүшүнө орчундуу салым кошту, кантты сатуулар 26,2%га, сүр быштактарды жана быштактарды сатуулар – 10,2%га өскөн.
26 августундагы 2020
ЕЭКте улуттан жогорку жөнгө салуунун бизнес жүргүзүү шарттарына таасирин баалоого карата жаңы мамилелер презентацияланды
Ишкердик маселелери боюнча консультативдик комитеттин видеоконференция режиминде өткөрүлгөн отурумунда ЕЭКтин учурдагы чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоону (ИТБ) киргизүү жана жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) жол-жобосун Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна жайылтуу маселеси каралды. Мындай мамилелерди ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколдун долбооруна киргизүү сунушталууда.
25 августундагы 2020
"Тамак аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмектери толукталды
ЕЭК Коллегиясы Бажы бирлигинин "Тамак аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" техникалык регламентинин талаптарын колдонуу жана аткаруу жана техникалык жөнгө салуу объектилерин баалоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон сыноолордун эрежелерин жана ыкмаларын камтыган стандарттардын тизмектерине өзгөртүүнү бекитти.
24 августундагы 2020
ЕАЭБде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн медициналык жабдыктар чөйрөсүндөгү импортту алмаштыруу социалдык программаларга чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) өнөр жай кооперациясынын жана импортту алмаштыруунун алкагындагы өз ара аракеттенүү процессинде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн медициналык жабдыктарды өндүрүү боюнча алдыңкы компанияларына колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Комиссиянын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Тигран Арутюнян ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген бейтаптар үчүн диагностикалоо, протездөө жана реабилитациялоо боюнча техникалык каражаттарды өндүрүү боюнча жогорку технологиялуу россиялык ишканага – "Исток-Аудио" компаниялар тобунун заводуна сапарынын жүрүшүндө билдирди.
21 августундагы 2020
ЕЭК талаш жагдайларды жоюу жана ЕАЭБде товарлардын эркин өткөрүлүшүн камсыз кылуу боюнча "жол картасын" даярдоодо
21-августта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында келишпестиктерди жана талаш жагдайларды жоюу жана Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) товарлардын эркин өткөрүлүшүн камсыз кылуу маселелери боюнча Комитеттин ишин камсыз кылуу үчүн техникалык бюронун отуруму болуп өттү.
20 августундагы 2020
ЕАЭБ бизнеси евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун планын даярдоодо катышууда
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Ишкердик кеңешинин жана Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнес-ассоциацияларынын катышуусунда отурум өткөрүп, ал жерде евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын чараларын жана механизмдерин ишке ашыруунун комплекстүү планы каралды.
20 августундагы 2020
ЕЭКте Евразия өлкөлөрүнүн жана Маврикийдин кызматташтыгынын перспективалары талкууланды
Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Барсегян жана Маврикий Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин министр-кеңешчиси Рой Д. Биссундоял Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Маврикий Республикасынын экономикалык өз ара аракеттенүүсүнүн форматтарын талкуулашты. Сүйлөшүүлөр Маврикийдин Элчилигинин демилгеси боюнча өткөрүлдү.
19 августундагы 2020
ЕЭК жана Россиянын Айыл чарба министрлиги агроөнөр жай комплексиндеги интеграцияны өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян Россия Федерациясынын айыл чарба министринин орун басарлары Максим Увайдов жана Елена Фастова менен 18-августта болуп өткөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин туруктуу жалпы агрардык рыногун түзүү, биргелешкен изилдөөлөрдү ишке ашыруу жана тармакты кадрдлар менен камсыз кылуу маселелерин талкуулады.
Дагы көрсөтүү