Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6143

09 июнундагы 2018 Иннополистеги ӨРСИ-2018де евразиялык санариптик кросс-тармактык кооперациянын моделдерин сунушташты «Бизге ЕАЭБде биргелешкен долбоорлор аркылуу кошумча наркты түзүү боюнча биргелешкен тизмектерди, кросс-тармактык санариптик экотутумдарды жана бизнести жана мамлекеттик органдарды санариптөө процесстерин үндөштүрүү үчүн санариптик кооперациянын жаңы моделдери керек. Биздин конференциянын алкагындагы милдетибиз – ушундай моделди иштеп чыгуу жана сунуштоо, – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Карине Минасян ЕЭК уюштурган “Биргелешкен санариптик долбоорлор аркылуу ЕАЭБдин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруу» панелдик сессиясында сүйлөп жатып баса белгиледи. Иш чара Иннополистеги (Россия) «Өнөр жайлуу Россиянын санариптик индустриясы» конференциясынын алкагында өттү. Панелдик сессияга Комиссиянын министрлери: Карине Минасян, Вероника Никишина жана Сергей Сидорский катышышты.​
08 июнундагы 2018 ЕЭК министри Татьяна Валовая: «Биздин максат – ЕАЭБ менен ЕБдин ортосунда экономикалык кызматташуу чөйрөсүндө жаңы жандашуу чекиттерин табуу» Быйыл 2003-жылдын май айында Санкт-Петербургда болуп өткөн Россия – ЕБ саммитинде Жалпы европалык экономикалык мейкиндик концепциясынын негизинде Жалпы экономикалык мейкиндикти түзүү максатында кызматташууну бекемдөө жөнүндө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынганына 15 жыл толду. Андан тышкары, Россия – ЕБ өнөктөштүгүнүн Туруктуу кеңеши иштей баштады, жана кызматташуунун олуттуу багыттары жана “жол картасын” түзүү боюнча диалог ачылды. «Мындай тарыхты эске алуу менен Европа бирлигинен өнөктөштөрүбүз менен ишенимди калыбына келтирүү жана активдүү диалогду жаңыртуу, ЕАЭБ менен ЕБдин ортосундагы мамилелерде түйүндү чечүү зарыл», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) штаб-квартирасындагы «ЕБ – ЕАЭБ жалпы экономикалык мейкиндигинин перспективалары: бизнес үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» тегерек столунда билдирди.​
Дагы көрсөтүү