Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6148
19 мартындагы 2018
ЕЭК жана ЕБА жаңы Бажы кодекси боюнча иштердин биринчи кварталынын жыйынтыктарын чыгарышты
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин бардык новеллаларын ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу 2019-жылга чейин уланат, деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов, Комиссиянын делегациясынын Европалык бизнес ассоциациясынын (ЕБА) мүчө компанияларынын өкүлдөрү жана ассоциациянын генералдык директору Франк Шауфф менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө билдирди. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаңы бажылык мыйзам боюнча ишинин биринчи кварталынын жыйынтыктары боюнча пикир алмашуу орун алды.
19 февралындагы 2018
ЕАЭБ – ЕБ диалогу: Лиссабондон Владивостокко чейин бирдиктүү экономикалык мейкиндик европалык бизнестин көзү менен
«ЕАЭБ жана ЕБ диалогунун зарылдыгы негизги эл аралык платформаларда улам-улам талкууланууда. Бул талкууга ишкердик жана эксперттик коомдоштуктардын, адистештирилген эл аралык ассоциациялардын жана структуралардын өкүлдөрү жана эки биримдиктин мүчө мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү барган сайын көбүрөөк кошулууда», – деп Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая «Лиссабондон Владивостокко чейин» деп аталган жумушчу топтун жыйынында билдирди. Жумушчу топ Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) жана Европа биримдигинин (ЕБ) өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салууну колдогон ири европалык бизнестин демилгеси боюнча уюшулган. Иш чара 15-февралда Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын штаб-квартирасында өткөрүлдү.
19 февралындагы 2018
Санариптик демилгелер үчүн өтүнмөнүн формасы пайда болду
Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясы демилгечилер (бизнес же мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү) тарабынан көрсөтүлүшү жана Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин алкагында жүзөгө ашыруу мүмкүн болгон демилгелер же долбоорлор жөнүндө маалыматты берүүнүн форматын бекитти.
16 февралындагы 2018
«ЯМАЛ СПГ» долбоорун колдоо жана тез жардам унааларын оорулууларга заманбап жардам көрсөтүү тутумдары менен жабдуу: ЕЭКтин 16-февралдагы Кеңешинин жыйынтыктары
ЕЭКтин 16-февралдагы Кеңешинде Евразиялык экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифинин (ЕАЭБ ББТ) алып келүү бажы алымынын терефталдык кислотага жана анын туздарына карата нөлдүк коюмун узартуу, «Ямал СПГ» долбоору үчүн жабдууларды РФнын аймагына алымсыз алып кирүү, кээ бир техникалык регламенттерге жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү ишке ашыруу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимдери кабыл алынды. Мындан тышкары, ЕАЭБтин интеграциялык күн тартибинин бир катар башка суроолору да талкууга алынды. Атап айтканда, «Евразия жумалыгы» III Эл аралык көргөзмө форуму 2018-жылдын октябрь айында Арменияда өткөрүлөрү белгилүү болду.
16 февралындагы 2018
Маалыматтардын бирдиктүү моделдерин пайдалануу ЕАЭБ экономикаларынын санариптик трансформациясынын жүрүшүндө колдонуучулардын чыгымдарын кыскартат
Санариптик чөйрөнү өнүктүрүү, маалымат инжиниринги жана маалыматтардын моделдерин иштеп чыгуу тармагындагы алдыңкы эксперттердин талкуусу – рыноктордун санариптик трансформациясы жана маалыматтар индустриясынын калыптанышы жаатындагы ЕАЭБтин санариптик күн тартибин ишке ашыруудагы биринчи кадамдардын бири болду. ЕЭК Ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегиясынын мүчөсү (министр) Карине Минасян «санариптик түгөйлөштөр, моделдер жана эталондук структуралар барган сайын чоң ролду ойноодо» деп белгиледи. Чечимдерди кабыл алуу жана конкуренттик таймаштагы ийгилик маалымат алмашуунун тездигинен, өздүк санариптик активдердин бар болушунан жана аларды ишке ашыруунун натыйжалуу стратегиясынан көзкаранды. Ошондуктан Биримдиктин мамлекеттеринин экономикаларынын санариптик трансформация процессинин ийгилиги өнүгүүнүн локомотиви боло ала турган базалык долбоорлордун иштеп баштоосуна негизделиши керек. Министр биринчи баскычта эң маанилүү маселе болуп санариптик мейкиндиктин жалпы онтологиясынын калыптанышы жана Евразиялык экономикалык биримдиктин маалыматтарынын моделин иштеп чыгуу эсептелерине ишенет.
06 февралындагы 2018
ЕАЭБ санариптик трансформациясы – бул конкреттүү долбоорлордун ийгилиги
АӨК санариптик платформаларды өнүктүрүү, ЕАЭБде электрондук эмгек биржасын жана мамлекеттик муниципалдык сатып алуулар үчүн өз ара байланышкан электрондук соода аянтчаларынын системасын түзүү, транспорттук-логистикалык тармакта кагазсыз технологияларды жайылтуу – евразиялык “бешилтик” өлкөлөрүнүн бизнесинин жана мамлекеттик органдарынын ушул жана башка демилгелери Алматыда (Казакстан Республикасында) “Ааламдашуу дооруна санариптик күн тартип” форумунун алкагында “ЕАЭБдин санариптик күн тартиби: демилгелер жана долбоорлор” сессиясында талкууланды.
06 февралындагы 2018
Татьяна Валовая: “Өз ара сооданын негизги кыймылдаткычынын бири болуп, макроэкономикалык кырдаалды жакшыртуу менен мажбурланган ички суроо-талап саналат”
Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин ортосундагы 2017-жылдагы өз ара соода жогорку динамикасы менен мүнөздөлөт. Акыркы жылдардагы байкалган ЕАЭБдин ички товар айланымынын өз ара төмөндөөсү 2017-жылы олуттуу өсүү менен алмашты. Тогуз айдын жыйынтыгы менен Биримдиктин өз ара соодасынын көлөмү 26,9%га көбөйдү. ЕАЭБдин бардык негизги экономикалык көрсөктүчтөрү боюнча оң динамика байкалууда. 2017-жылы мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын абалы жөнүндөгү жана катышуучу өлкөлөрдүн макроэкономикалык кырдаалы боюнча мындай берилмелер, 2-февралда Алматыдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда сунушталган Евразия экономикалык комиссиясынын докладында камтылган.
06 февралындагы 2018
ЕАЭБге сүт азыктарын импорттоо 2018-жылы дээрлик 300 миң тоннага
2017-жылы Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) сүттү өндүрүү 800 миң тоннага өскөн жана 46 млн тоннадан ашкан. “Жалпысынан алганда ЕАЭБдеги сүт өндүрүүчүлөр үчүн 2017-жыл жыйынтыктуу болду,” - деп баса көрсөттү Улуттук сүт өндүрүүчүлөр биримдигинин (Сүтбиримдиги) IX Съездинин отурумунун жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорский.
Дагы көрсөтүү