Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6148

05 февралындагы 2018 ЕАЭБдеги товарлардын айланымын контролдоого маркирлөө системасы жардам берет Идентификациялоонун заманбап каражаттарын пайдалуу менен товарларды маркирлөө системасы Евразия экономикалык биримдикте (ЕАЭБ) түзүлөт. Товарларды маркирлөө үчүн пайдаланылуучу идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалымат бирдиктүү реестрге киргизилет. Реестрди түзүү жана жүргүзүү Евразия экономикалык комиссияга (ЕЭК) жүктөлгөн. Тиешелүү макулдашууну ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, 2-февралдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда жактырышты. Документке киргизилген ченемдер, мүчө мамлекеттердин аймактарында товарлардын айланымына контролдоону жогорулатууга, атаандаштыктын тең шарттарын, керектөөчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле көмүскө рынок жана контрафакт товарлар менен натыйжалуу күрөшүүгө жардам берет. ​
02 февралындагы 2018 ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери санариптик чөйрөдө өз ара аракеттенүүнүн форматтарын жана механизмдерин талкуулашты Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин, санариптик трансформациялоонун жана электрондук ишеним мейкиндигинин биргелешкен программасын түзүүнү, криптовалюталарды колдонуу маселелеринде өз ара аракеттенүүнү Биримдиктин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, 2-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) “Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип” форумунун алкагында талкуулашты. Иш-чара Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси боюнча уюштурулган. Анын сессияларына Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер), Азербайжандын жана Тажикстандын расмий делегациялары, ошондой эле ири эл аралык IT-компанияларынын бир катар өкүлдөрү катышты.​
24 январындагы 2018 ЕЭК бажылык башкаруу чөйрөсүндө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жана интеграцияланган маалыматтык системаны өнүктүрүүдө ЕЭК Коллегиясы 23-январда бажылык башкаруу, техникалык жөнгө салуу, соода саясаты жана ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү тармагында бир катар чечимдерди кабыл алды. Атап айтканда, Кытайда өндүрүлгөн полимердик каптоосу менен металлопрокатка демпингге каршы алымдын колдонулушу узартылды. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестри түзүлөт, ошондой эле эмгекчилерге же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө пенсияларды дайындоо жана төлөө үчүн керек болгон маалымат алмашуу жолго коюлат. Бирдиктүү санитардык талаптардын ичинен тартылуучу тамеки буюмдарга карата талаптар алынып салынган, ошондой эле тартылбаган тамеки буюмдарын өндүрүүдө пайдаланууга жол берилбеген жыпар жыттуу жана даам бергич заттардын тизмеги толукталды.​
Дагы көрсөтүү