Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6148
09 июлундагы 2025
Гоар Барсегян: "ЕЭК өнөр жай кооперациясын тереңдетүүнү жактайт"
Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Екатеринбургдагы "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүн көрүүгө жана ишине, анын ичинде "Технологиялык лидерлик: индустриалдык жетишкендик" башкы стратегиялык сессиясына катышты. Россиянын өнөр жай жана соода министри Антон Алихановдун жана ири өнөр жай компанияларынын жетекчилеринин катышуусу менен иштиктүү таңкы тамакта Гоар Барсегян мындай деп белгиледи: "Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бизнесинин жөнгө салынган иши негизги ролду ойнойт. Керектөөчүгө багыт алуу жана рыноктогу өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгү бизнес-коомдоштукка ЕАЭБ алкагында масштабдуу милдеттерди чечүүгө жардам берет. Комиссия ишкерлер өз мүмкүнчүлүктөрүн жакшыраак колдоно ала турган шарттарды түзүү үчүн ырааттуу иштерди жүргүзүүдө". Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн өнөр жай министрлеринин кеңешмесинде евразия мейкиндигинде мындан аркы биргелешкен иштин перспективалары талкууланды. "Комиссия өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, технологиялар менен алмашуу жана натыйжалуу интеграциялык байланыштарды түзүү үчүн ырааттуу иш алып барат. Биз тармактык демилгелерди илгерилетүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана ШКУ өлкөлөрү менен технологиялык тажрыйба алмашууга кызыкдарбыз", – деп белгиледи Гоар Барсегян. Ошондой эле ал Беларустун өнөр жай министри Андрей Кузнецов менен ЕАЭБде каржылык колдоо механизмин жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Мындан тышкары, "Иннопромдун" иш-чараларынын алкагында Гоар Барсегян "Энерго-Арсенал" жарык берүүчү түркүктөрдү жана шам чырактарды чыгаруучу заводго барды. Ишкана Бирликте 2024-жылы ишке киргизилген кооперациялык долбоорлорду колдоонун улуттуктан жогорку программасынын потенциалдуу катышуучуларынын бири болуп саналат. 2025-жылдын 29-сентябрынан 1-октябрына чейин "Иннопром" Минскте ишин улантат. Ошол эле жерде ЕАЭБдин Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин отуруму өтөт.
09 июлундагы 2025
Максим Ермолович ЕЭКтин ишмердүүлүгүн БУУнун Атаандаштык боюнча конференциясында тааныштырды
Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы Женевада БУУнун Чектөөчү ишкердик тажрыйбаны контролдоо үчүн көп тараптуу негизде макулдашылган адилеттүү принциптердин жана эрежелердин топтомун кароо боюнча 9-конференциясынын ишине катышты. Максим Ермолович "Атаандаштык жана аймактык экономикалык уюмдар" сессиясында Комиссиянын ишмердүүлүгүн жана анын атаандаштык маселелери боюнча регионалдык интеграциялык бирикмелердин диалогу жөнүндө демилгесин тааныштырды. "Регионалдык уюмдардын жолугушууларынын алкагында биз регионалдык деңгээлде атаандаштыкты жөнгө салуунун актуалдуу маселелерин талкуулайбыз. Буга чейин өткөрүлгөн беш жолугушуунун жыйынтыгы мындай диалогдун керектүүлүгүн жана аны кеңейтүүнүн зарылдыгын көрсөтүп турат, — деп белгиледи Максим Ермолович. — Жыйынтыктар боюнча биз регионалдык деңгээлде атаандаштыкты жөнгө салууга сереп жасоону макулдаштык". ЕЭК министри диалогдун катышуучуларынын атынан Конференцияда бул чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгү, Комиссия тарабынан регионалдык уюмдардын жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүү, бул теманы эл аралык аянтчаларда биргелешип илгерилетүү зарылдыгы жөнүндө билдирди. Ошондой эле ал регионалдык деңгээлде атаандаштыкты жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан серептин алдын ала жыйынтыктарын тааныштырды. Конференциянын алкагында Комиссиянын делегациясы ЮНКТАДдын эл аралык соода жана сырьелук товарлар бөлүмүнүн жетекчиси Лус Мария де ла Мора менен жолугушуп, анын жүрүшүндө мындан аркы кызматташуунун перспективалары талкууланды. БУУнун Конференциясы атаандаштык маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара болуу менен беш жылда бир жолу өткөрүлөт. БУУнун мүчө мамлекеттеринин профилдик органдарынын жетекчилери, жогорку кызмат адамдары бул чөйрөдө укук колдонууну күчөтүүнү талкуулашат.
09 июлундагы 2025
ЕАЭБ өндүрүүчүлөрүнүн өнөр жай товарларынын мамлекеттик сатып алууларга жетүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2020-жылы ЕЭК Кеңеши тарабынан бекитилген мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар максаттары үчүн товарлардын айрым түрлөрүнүн келип чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизген. Атап айтканда, эрежелер түтүктөр, лазерлер, микродисплейлер, медициналык буюмдардын, оптикалык аспаптардын, темир жолдун кыймылдуу курамынын жана инфраструктурасынын компоненттеринин жаңы товардык аталыштары, химиялык өнөр жай товарлары үчүн өндүрүш шарттары менен толукталган. Белгилей кетсек, бул 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө киргизилген преференциялардын, чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын шарттарында мамлекеттик сатып алууларда улуттук режимди кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдүн экинчи топтому (май айында эрежелер мамлекеттик сатып алууларга катышууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн 51 товардык аталыш менен толукталган). Кабыл алынган актылар ЕАЭБ мамлекеттеринин өндүрүүчүлөрүнө өздөрү жана өз товарлары жөнүндө маалыматтарды өнөр жай товарларынын Евразиялык реестрине киргизүүгө жана мамлекеттик сатып алууларга тоскоолдуксуз катышууга мүмкүндүк берет. Эрежелер менен мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоого жана тастыктоого бирдиктүү мамиле киргизилген. Алар мамлекет тарабынан ата мекендик жеткирүүчүлөр үчүн жеңилдиктер белгиленген же чет өлкөлүк товарларга чектөө киргизилген учурларда мамлекеттик сатып алууларда улуттук режимди камсыз кылууга жардам берет. Өзгөртүүлөр ЕЭК Кеңешинин Чечими расмий түрдө жарыялангандан күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Комиссиянын сайтына "Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаменти" бөлүмүнүн "Көп берилүүчү суроолорго суроо-жооп" кошумча барагында товар жана аны өндүрүүчү жөнүндө маалыматтарды Өнөр жай товарларынын евразиялык реестрине киргизүүнүн тартиби, Комиссиянын мындай маалыматтарды киргизүүгө өтүнмөнү карап чыгуусунун алгоритми жөнүндө маалымдама маалымат жарыяланган.
09 июлундагы 2025
Комиссиянын ведомствого караштуу купуя маалыматты өткөрүп берүү жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕЭКте чектелген жайылтуу документтери менен иштөө тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Евразия экономикалык бирлигинин алкагында атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелерине да тиешелүү. Эми атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө арызда же ушуга байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөнүн материалдарында камтылышы мүмкүн болгон купуя маалымат Комиссиянын профилдик министринин чечими боюнча мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарына өткөрүлүп берилет. Буга чейин мындай чечим ЕЭК Коллегиясы тарабынан кабыл алынган жана бул дайыма эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн монополияга каршы органдарына ведомствого караштуулук боюнча материалдарды оперативдүү түрдө өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берген эмес. Бул Бирликтин атаандаштык укугун бузуу белгилерине жооп кайтаруу процессин жайлаткан. Купуя маалыматты коргоо тартиби Комиссия тарабынан атаандаштыктын жалпы эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жашыруун маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилик жөнүндө 2014-жылдагы макулдашуу менен камсыз кылынат. Материалдарды ведомствого караштуулугу боюнча өткөрүп берүү Атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун пункту менен каралган (ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 19 тиркеме).
08 июлундагы 2025
ЕАЭБде маркалоонун унификацияланган эрежелери кызыл жана кара икрага, велосипеддерге, майлоочу майларга, антисептиктерге карата колдонулат
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Россия Федерациясынын сунуштарын карап чыгып, товарлардын бир катар жаңы категорияларына карата санариптик маркалоонун жалпы эрежелерин белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды. Атап айтканда, кеп осетр жана лосось балыктарынын икрасы, велосипеддер жана велосипед алкактары, майлоочу майлардын айрым түрлөрү, майлоочу материалдар жана атайын автомобиль суюктуктары, микробго каршы таасири бар косметикалык продуктулар, ошондой эле дезинфекциялоочу каражаттар жөнүндө болууда. "Маркалануучу товарлардын санынын кеңейиши Бирликтин жалпы маркалоо тутумунун өнүгүшү жөнүндө күбөлөндүрөт, ал керектөөчүлөргө продукциянын аныктыгын текшерүүгө, ошондой эле мыйзамсыз жүгүртүүнү азайтуу аркылуу рыноктун ак ниет катышуучуларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Ал баса белгилеп өткөндөй, товарлардын жаңы топторун маркалоо мурдагыдай эле унификацияланган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, 2019-жылы ЕЭК Кеңешинин чечими менен бекитилген ЕАЭБде идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо тутумунун базалык технологиялык уюштуруу моделинин жоболору эске алынат. Ошентип, коддорду өз ара таануу камсыз кылынат, бул Бирликте товарларды жүгүртүү учурунда аларды кайра маркалоо зарылдыгын жокко чыгарат.
08 июлундагы 2025
ЕЭК Кеңешинин чечими никотин камтыган мыйзамсыз продукцияны жайылтууга бөгөт коюуга мүмкүндүк берет
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2022-жылдагы ташууларды көзөмөлдөө үчүн мындай пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө Макулдашууга ылайык, жүк ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбалар колдонула турган товарлардын кошумча категорияларын аныктоо жөнүндө чечим кабыл алды. Аталган Келишим күчүнө кирди. ЕАЭБ өлкөлөрү ташууларды көзөмөлдөөнү баштоо үчүн зарыл болгон иш-чараларды аяктоодо, андан кийин Комиссия тиешелүү чечим кабыл алат. Сунушталган жөнгө салуу экспорттук бажы жол-жобосуна ылайык автомобиль транспорту менен Бирликтин аймагынан ташылып чыккан, ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү товардык номенклатурасынын 2404, 2939 79 000 0, 2939 80 000 0 товардык позицияларда классификацияланган никотин камтыган продукцияга, никотин чийки затына тиешелүү болот. Бул товарларды көзөмөлдөө Келишимге ылайык, ташууларды көзөмөлдөөнүн биринчи этабынан башталат. ЕЭК Кеңешинин чечими ишкерлердин Комиссиянын эксперттик тобунун ишине түздөн-түз катышуусу менен алардын сунуштарынын негизинде даярдалган. Аны жүзөгө ашыруу ЕАЭБде никотин камтыган мыйзамсыз продукциянын таралышына бөгөт коюуга мүмкүндүк берет.
08 июлундагы 2025
Медициналык буюмдарды каттоо жана алардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун экспертизалоо эрежелери өзгөртүлдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 8-июлдагы отурумда Медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү бекитти. Атап айтканда, медициналык буюмдардын жаңы түрүн медициналык буюмдардын Глобалдык номенклатурасына жана Евразия экономикалык бирлигинин медициналык буюмдардын номенклатурасына киргизүү зарыл болгон учурда каттоо жол-жоболору такталды. Төмөн коркунуч класстардагы медициналык жабдууларды жана in vitro диагностикалык жабдууларды каттоо үчүн документтердин тизмеси такталды. Кабыл алынган түзөтүүлөр ЕАЭБ мыйзамдары менен белгиленген, медициналык жабдууларды каттоо жана экспертизадан өткөрүү тартибин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
08 июлундагы 2025
Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн энергиялык натыйжалуулугуна карата талаптар жөнүндө техрегламенттин күчүнө кириши жылдырылды
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Россиянын сунушу боюнча Евразия экономикалык бирлигинин "Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна карата талаптар жөнүндө" техникалык регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтүн 2028-жылдын 1-сентябрына жылдырды. Бул ЕАЭБ техрегламенттерин иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү планына ылайык даярдалып жаткан түзөтүүлөрдүн алкагында документтин бир катар талаптарын актуалдаштырууга жана экинчи деңгээлдеги техникалык регламентти ишке ашыруу үчүн зарыл болгон актыларды – энергия керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугунун стандарттарынын жана этикеткаларынын тизмегин иштеп чыгууну жана кабыл алууну аяктоого мүмкүндүк берет. ЕЭК Кеңешинин ушул эле чечими менен Комиссиянын Кеңешинин ар түрдүү энергия керектөөчү түзмөктөрдүн этикеткаларынын формаларын жана аларды жол-жоболоштуруу эрежелерин аныктаган чечиминин күчүнө кирүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-мартына жылдырылды. Ошондой эле техрегламенттин бир катар тиркемелеринде белгиленген айрым талаптардын күчүнө кирүү мөөнөтү үч жылга жылдырылды.
Дагы көрсөтүү