Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6148

10 декабрындагы 2019 ЕЭК министри Виктор Назаренко: "ЕАЭБ иштеп жаткан беш жылдын ичинде биз бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү боюнча олуттуу жолду басып өттүк" "Биздин Бирликке беш жыл толду. Бул кыска мөөнөттүн ичинде биз бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү боюнча олуттуу жолду басып өттүк, – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында "Техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутуму Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин интеграциясынын негизги шарты катары" деген темада чыгып сүйлөгөн сөзүндө билдирди. – ЕАЭБдин ИДӨсү акыркы жылдарда эң жогорку өсүш темптерин көрсөттү. Мисалы, 2018-жылда Бирликтин ИДӨсүнүн өсүшү туруктуу баалар менен алганда 2,5% түздү. ЕАЭБдин ичиндеги өз ара сооданын көлөмү 9,2%га өстү. Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы содданын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 18,8%га өскөн, ал эми экспорт – 26,8%га". Аталган иш-чара евразиялык интеграция идеясынын 25-жылдыгына жана Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 5-жылдыгына арналды.
Дагы көрсөтүү