Программа Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн сунуштарына ылайык, ошондой эле 2022-жылы Комиссиянын Коллегиясынын чечими менен бекитилген Программанын колдонуудагы редакциясын ишке ашырууну эске алуу менен даярдалган.
Программанын жаңы редакциясында 2029-жылдын аягына чейин 73 жаңы мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу (кайра кароо) каралган. Стандарттардын 60 долбоорун даярдоо Россияга бекитилген, тогуз долбоорду Казакстан, эки долбоорду Армения даярдайт.
Мындан тышкары, улуттук сүт азыктарына мамлекеттер аралык эки стандарттын долбоорлорун Казакстан жана Кыргызстан биргелешип даярдайт.
Бир катар стандарттар биринчи жолу иштелип чыгарылат, анын ичинде – сүт протеининин концентраттарына, балдар тамак-ашы үчүн сары суу белокторунун кургак гидролизаттарына, чийки жана ичүүчү кой сүтүнө, мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын тамактануусу үчүн сүт азыктарына ж. б. карата.
ЕЭК Коллегиясынын чечими ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.