Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6221

05 майындагы 2017 ЕЭК министри Валерий Корешков: “ЕЭК жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кызматташтык жөнүндө макулдашышты” Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Фармакопеясы - дары препараттарынын сапатына талаптардын негизги жыйындысы - аймактык сапат стандарттарынын бири катары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) дүйнөлүк фармакопеялар жана фармакопеялык органдар тизмесине киргизилет. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков жана ДСУнун негизги дары каражаттары жана медициналык продукция боюнча департаментинин директору Сьюзанн Хилл ДСУ штаб-квартирасында (Женева, Швейцария) сөз кылышты. ЕЭК министри ошондой эле Фармацевтикалык өндүрүүчүлөрдүн жана ассоциациялардын эл аралык федерациясынын Кеңешинин отурумунда сөз сүйлөп, ІСН катчылыгынын директору Дона Ронан менен жолугушту.​
03 майындагы 2017 Керектөөчүлөрдүн укуктарын темир жол транспорту боюнча уюмдар бузгандыгы жөнүндө арыздарды Евразия экономикалык комиссиясы карап чыгуусунун эрежелери ЕЭК Кеңешинин чечими менен кабыл алынышы мүмкүн “Темир жол ташуучуларынын жана инфраструктуралык ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө адилеттүү жана экономикалык негизделген тарифтерди аныктоо маселеси Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) темир жол ташуулары чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүдө өзгөчө мааниге ээ. Биз керектөөчүлөр үчүн өз укуктарын коргоо боюнча ылайыктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жана бардык кызыкдар тараптар үчүн кызыкчылыктардын балансына жетишибиз керек”, - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметов Темир жол транспорту боюнча уюмдардын темир жол транспортунун ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин деңгээлин өзгөртүү боюнча иш-аракеттери менен керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызыкчылыктары бузулгандыгы туурасында арыздарды ЕЭК карап чыгуусунун эрежелери жөнүндө Макулдашуунун долбоорун карап чыгууга арналган кеңешмеде.​
02 майындагы 2017 Сергей Сидорский: “Биздин максат - агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүүнү тездетүү” Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өнөр жай жана агроөнөр жай саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорскийдин пикири боюнча, Евразиялык айыл чарба технологиялык платформасынын ишмердүүлүгү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн айыл чарбасындагы биринчи кезектеги милдеттерди биргелешип чечүү үчүн илимий потенциалды мобилизациялоого багытталышы керек. “Бул, түпкү натыйжада инновациялык өнүмдөрдү иштеп чыгууга жана аларды АӨКкө жайылтууга мүмкүндүк берет. Биздин максат кошумча нарктардын бүтүндөй тизмеги максималдуу түрдө Биримдикте өндүрүлүшүнө жетишүү болуп саналат”, - мындай билдирүүнү Сергей Сидорский ЕЭКте өткөрүлгөн, Евразиялык айыл чарба технологиялык платформасынын кеңешмесинде жасады. ​
Дагы көрсөтүү