Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6153
29 сентябрындагы 2020
ЕЭК микротолкундуу мештер үчүн магнетонго импорттук алымдын ченин нөлгө түшүрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы микротолкундуу мештер үчүн комплекттөөчү катары колдонулган магнетрондорго карата алып келүү бажы алымынын коюмун нөлгө чейин азайтуу чечимин кабыл алды. Чара 2023-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу негизде киргизилет.
29 сентябрындагы 2020
ЕАЭБ өлкөлөрү брокерлерге жана дилерлерге бири-биринин уюштурган тооруктарына катышууга мүмкүнчүлүк беришет
29-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бир мүчө-мамлекетинин брокерлерин жана дилерлерин Бирликтин башка өлкөлөрүнүн соода уюштуруучуларынын биржаларында уюштурулган тооруктарга катышууга уруксат берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды. Документ ЕАЭБ өлкөлөрүнө кайрадан мамлекеттин ичинде макулдашуу үчүн жөнөтүлөт.
28 сентябрындагы 2020
Артак Камалян: "Биз аймактарды өнөр жай жана АӨК чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык программаларга жана долбоорлорго жигердүү катышууга чакырабыз"
25-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян Воронеж облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында губернатор Александр Гусев менен Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн аймактык деңгээлдеги өнөр жай жана агроөнөр жай комплексиндеги өз ара аракеттенүүсүнүн келечегин талкуулады. Министр Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте жаңы стратегиялык документти - 2025-жылга чейинки кезектеги орто мөөнөттүү мезгилге өнөр жай кызматташтыгынын Негизги багыттарын иштеп чыккандыгы жөнүндө маалымдады.
28 сентябрындагы 2020
Сергей Глазьев: “Чоң Евразиялык өнөктөштүктүн алкагында узак мөөнөттүү мазмундуу демилгелер керек”
Евразия экономикалык бирлиги Чоң Евразиялык өнөктөштүктүн борборлорунун бири болуусу, "Бир алкак - бир жол" кытайдын демилгеси менен айкалышуу, ошондой эле Азиянын жана Европанын бирикмелери жана мамлекеттери менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасындагы кеңешмеде талкууланды. Талкуу 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын долбоорун ишке ашыруу планын даярдоонун алкагында өттү.
25 сентябрындагы 2020
ЕЭК транспорт саясатын 2021-2023-жылдарда ишке ашыруу боюнча жаңы "жол картасынын" даярдайт
22-24-сентябрь күндөрү Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Даурен Сабитовдун төрагалыгы астында Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын 2021-2023-жылдарда ишке ашыруу боюнча "жол картасынын" долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтун экинчи отуруму болуп өттү.
25 сентябрындагы 2020
EЭК жана ДССУ COVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча күч-аракеттерди бириктирет
COVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу, керектөө рыногундагы тамак-аш өнүмдөрүнүн коопсуздугун көзөмөлдөө, дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин Фармакопеясын жөнгө салуу маселелерин жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарын Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Виктор Назаренко жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европадагы аймактык бюросунун директору Ханс Клюге EЭК штаб-квартирасында талкуулашты.
24 сентябрындагы 2020
ЕЭКте ЕАЭБке ташып келинген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашыруу маселелери боюнча Долбоордук кеңсе ишин баштады
23-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Москвадагы штаб-квартирасында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагына ташылып келинген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Долбоордук кеңсенин биринчи отуруму болуп өттү.
24 сентябрындагы 2020
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү беш жылда 12,2% өстү
2019-жылы Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүндө көпчүлүк тармактарда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү белгиленген. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комлекси боюнча мүчөсү (министри) Артак Камалян ЕЭКтин Өнөр жай боюнча консультативдик комитетинин кезектеги отурумунда "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарын жүзөгө ашыруунун жылдык мониторингинин жана талдоонун жыйынтыктары жөнүндө" баяндамасын сунуштап жатып билдирди.
Дагы көрсөтүү