Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6148

30 сентябрындагы 2019 Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБде АӨКтүн санариптик экотутумунун түзүлүшүн колдомокчу ​«Санариптик трансформациянын маанилүү элементи – агроөнөр жай комплексинин экотутумун тузүү. Жана бул жерде биз долбоордук ишмердик аркылуу тез стратегиялык пландоо принциби боюнча аракеттенген, кросс-тармактык мамиле керек. Логистиканы жалпы агроөндүрүш процессинен бөлүп кароого болбойт. АӨКтүн санариптик экотутуму агропродукцияны өндүрүүдөн баштап, аны өткөрүү, керектөө жана утилдештирүүгө чейинки толук жашоо циклин камтышы зарыл. Эгер биз бул экотутумдун бардык элементтерин башында белгилеп, аларды тең өнүктүрө баштасак, ошондо гана баары ийгиликтүү болот», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян Бишкекте «Евразия жумалыгы – 2019» Эл аралык форумунун алкагында өткөрүлгөн «Агроөнөр жай комплексинин экспортунун логистикасы: эл аралык санариптик платформа» деп аталган эксперттик талкуунун жүрүшүндө баса белгиледи.
27 сентябрындагы 2019 ЕЭК ЕАЭБдин экономикасынын реалдуу секторуна инновациялардын киргизилишине түрткү берүүдө ​«Дал реалдуу сектордо жогорку технологиялуу жана илим сыйымдуу компетенциялардын концентрациясы байкалууда. Изилдөөлөрдү күчөтүү үчүн мамлекеттер аралык программалар механизми ишке салынды. Өнөр жай кооперациясын мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдүн локалдаштырылышын жогорулатуу активдерди бириктирүү жана евразиялык улуттар аралык компанияларды түзүү аркылуу мүмкүн болмокчу», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин Бишкекте (Кыргызстан) «Евразия жумалыгы» Эл аралык форумунун алкагында өткөрүлгөн «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай жана агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен программалар жана долбоорлор евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн заманбап тренди катары» деп аталган панелдик сессияда билдирди.​
Дагы көрсөтүү