Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6142
17 мартындагы 2020
ЕАЭБ өлкөлөрү COVID-19 вирусунун таралышына байланыштуу калктын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо үчүн макулдашылган иш аракеттердин программасын иштеп чыгууда
ЕАЭБ мамлекеттеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин болуп өткөн кезектеги отурумунда COVID-19 вирусуна чалдыгуунун аныкталган учурларына байланыштуу эпидемияга каршы иш-чаралардын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү тарабынан ишке ашырылышы талкууланды. Кеңештин отурумунда Өзбекстандын жана Тажикстандын да өкүлдөрү катышышты.
17 мартындагы 2020
ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБде агроиндустрияны өнүктүрүүнүн картасын иштеп чыгууну жактырды
Документке ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан же ишке ашыруу пландаштырылып жаткан ири инвестициялык жана инновациялык айыл чарба долбоорлору жөнүндө маалыматтар кирет деп болжолдонууда. Картада АӨКтү жана импортту алмаштырууну ресурстук жактан камсыз кылуу үчүн долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайыктуу болуп саналган багыттар көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле, карта Бирликтин рыногунда импорттун чоң үлүшү байкалып жаткан айыл чарба товарлары жана ресурстар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
17 мартындагы 2020
ЕЭК Коллегиясы чет элдик иш сапарларды жойду
ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү 17-мартта болуп өткөн отурумда 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАЭБдин чегинен сырткары иш сапарларды жасабай туруу жөнүндө чечим кабыл алышты.
17 мартындагы 2020
Бажы тизмегине каруселдер жана жаныбарларды көрсөтүү үчүн жайлар киргизилди
ЕЭК Коллегиясы бажы органдары аларга карата Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу куралбаган же ажыратылган түрдө өткөрүлүүчү товарларды ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын 9508 товардык позициясында классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган товарлардын тизмегин толуктады. Кеп аталган тизмекке каруселдерди, селкинчектерди, тирлерди жана башка аттракциондорду, ошондой эле көчмө цирктерди, театрларды жана жаныбарларды көрсөтүү үчүн жайларды киргизүү жөнүндө болууда.
16 мартындагы 2020
ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планы кеңейтилди
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планына өзгөртүүлөрдү киргизди Аны электротехника жана радиоэлектроника буюмдарында кооптуу заттардын колдонулушун чектөө жана эмерек продукциясына карата талаптарды конкреттештирүү боюнча позициялар менен толуктоо пландаштырылууда.
16 мартындагы 2020
ЕЭКте ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдашты
"ЕЭКтин өнөр жай блогу ЕАЭБдин алкагындагы 2025-жылга чейинки өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарынын долбоорун даярдады", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Александр Готовский 13-мартта КМШнын катышуучу мамлекеттеринин жыл сайын өткөрүлүүчү Эл аралык экономикалык форумунда "Жогорку технологиялуу долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн санариптик технологиялар жана каржы куралдары" жана "КМШ өлкөлөрүнүн өнөр жайындагы эл аралык кооперациянын тармактык платформалары" деп аталган сессиялардын алкагында билдирди.
16 мартындагы 2020
ЕАЭБде "бирдиктүү терезе" механизмин ишке ашыруунун 2020-жылга карата планы бекитилди
ЕЭК Кеңеши тышкы экономикалык ишмердикти жөнгө салуу тутумундагы "бирдиктүү терезе" механизмин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча кылдат иштелип чыккан планды кабыл алды. Бул документ Бирликтин мүчө мамлекеттеринде "бирдиктүү терезе" механизмин өнүктүрүү жана киргизүү боюнча долбоорду башкаруунун аспаптарынын бири катары кызмат кылат.
16 мартындагы 2020
Кагаз түрүндөгү транспорттук документтердеги бажылык белгилер жоюлушу мүмкүн
Эгер бажылык операциялар электрондук түрдө аткарылса, Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишмердигинин катышуучуларынын кагаз түрүндөгү документтеринде бажы органдарынын кошумча белгилери талап кылынбайт. 16-мартта ЕЭК Кеңеши Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тийиштүү чечимин жактырды, ал ушул жылдын апрель айында Бирликтин өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Дагы көрсөтүү