Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6221
30 сентябрындагы 2019
ЕЭК Бишкектеги «Евразия жумалыгы – 2019» форумунда криптовалюталар жана блокчейн багыты боюнча иштин натыйжаларын презентациялады
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) «Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунну аянтчасында өткөрүлгөн «Өнүктүрүү токтотууга болбойт» – Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) криптовалюталарды жана блокчейнди жөнгө салуунун көйгөйлөрү жана перспективалары. Кантип туура басым жасоо керек?» деп аталган презентациясынын жүрүшүндө криптовалюталарды жана блокчейнди жөнгө салуунун мүмкүн болгон ыкмалары көрсөтүлдү.
30 сентябрындагы 2019
ЕЭК министри Серик Жумангарин: «Ийгиликтүү дүйнөлүк иш-тажрыйбаларды апробациялоо бизге ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторунда ак ниет атаандаштыкты сактоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет»
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Москвадагы штаб-квартирасында Анд коомдоштугунун (АК) генералдык катчысы Хорхе Эрнандо Педрас Гутьеррес менен жолугушту.
30 сентябрындагы 2019
ЕЭК министри Тимур Жаксылыков: «Ишенимдүү мамилелерди камсыз кылуу үчүн жөнгө салуучулардын жана бизнес-коомдоштуктун өз ара аракеттенүүсүн жолго коюу зарыл»
«Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында өткөрүлгөн «Бизнес, акча, адам: ЕАЭБде интеграцияны тереңдетүүгө карата мамилелер» деп аталган панелдик сессиянын катышуучулары бизнес-климатты жакшыртуу, айрыкча кызмат көрсөтүүлөр тармагында ишкердик ишмердикти активдештирүү маселелерин талкуулашты.
30 сентябрындагы 2019
Тимур Жаксылыков Кыргызстандын мугалимдерине жана студенттерине ЕАЭБде бизнес алып баруунун шарттарын жакшыртуу тууралуу айтып берди
ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков Бишкектеги Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөргөн лекциясынын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бизнес алып баруунун шарттарын жакшыртуу, интеллектуалдык менчик укуктарын сактоо жана коргоонун деңгээлин жогорулатуу жана жалпы эле кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдардын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылын камсыз кылуу боюнча иши тууралуу айтып берди.
27 сентябрындагы 2019
«Евразия жумалыгы» форумунда Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы гуманитардык кызматташтыктын экономикалык аспектилерин кеңейтүү перспективалары талкууланды
Евразиялык интеграциянын билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, туриз жана спорт тармагындагы жаңы стратегиялык багыттарын өнүктүрүү перспективалары 26-сентябрда Бишкекте «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында болуп өткөн «ЕАЭБдин жаӊы чектери: жарандардын кызыкчылыгы үчүн өнүгүү стратегиялары» деп аталган панелдик сессиянын негизги темаларынан болду
27 сентябрындагы 2019
«Евразия жумалыгында» ЕАЭБдин жана Ирандын ишкерлеринин бирикмелери кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту
«Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун аянтчасында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Ишкердик кеңешинин жана Ирандын соода, өнөр жай, тоо-кен казып алуу иши жана айыл чарба боюнча палатасынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул иш-чара, анын алкагында ушул жылы ЕАЭБдин жана Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып келген убактылуу макулдашууга кол коюлган, Иран Ислам Республикасы менен ишкердик өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн уландысы болуп калды.
27 сентябрындагы 2019
Бишкекте өткөрүлгөн «Евразия жумалыгынын» алкагында «5+1» форматтагы биргелешкен кеӊешмеде чек ара аралык рыноктордо атаандаштыкты коргоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин мополияга каршы органдарынын жетекчилери биргелешкен кеӊешмеде чек ара аралык рыноктордо атаандаштыкты коргоо боюнча жаңы чараларды киргизүүнү, роумингдин ыктымалдуу жоюлушун, дары-дармек каражаттары рыногундагы, мамлекеттик сатып алуулар рыногундагы атаандаштык маселелерин, ЕЭКтин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү талкуулашты.
27 сентябрындагы 2019
ЕЭК ЕАЭБдин экономикасынын реалдуу секторуна инновациялардын киргизилишине түрткү берүүдө
«Дал реалдуу сектордо жогорку технологиялуу жана илим сыйымдуу компетенциялардын концентрациясы байкалууда. Изилдөөлөрдү күчөтүү үчүн мамлекеттер аралык программалар механизми ишке салынды. Өнөр жай кооперациясын мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдүн локалдаштырылышын жогорулатуу активдерди бириктирүү жана евразиялык улуттар аралык компанияларды түзүү аркылуу мүмкүн болмокчу», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин Бишкекте (Кыргызстан) «Евразия жумалыгы» Эл аралык форумунун алкагында өткөрүлгөн «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай жана агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен программалар жана долбоорлор евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн заманбап тренди катары» деп аталган панелдик сессияда билдирди.
Дагы көрсөтүү