Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
31.01.2025

ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаменттин директорунун орун басары болуп Татьяна Бранцевич дайындалды

Татьяна Викторовна Бранцевич 1974-жылы төрөлгөн. 1996-жылы Беларусь айыл чарба академиясын "АӨК тармактарында уюштуруу жана башкаруу" адистиги боюнча, 2008-жылы – Беларусь Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясын аяктаган.

Эмгек жолун Минск облусунун Крупки шаарындагы "Амкодор-Можа" ЖЧКнын машина-трактордук паркында экономист болуп иштөөдөн баштаган.

1999-2009-жылдары Минск облусунун Башкы статистикалык башкармалыгынын Крупск райондук статистика бөлүмүнүн башкы экономисти болуп иштеген.

2009-2015-жылдары – Минск областынын Крупск райондук аткаруу комитетинин жетекчилик кызматтарында.

2015-2021-жылдары Минск областтык аткаруу комитетинде төраганын орун басары, экономика комитетинин төрайымы болуп иштеген. Инвестициялык, инновациялык ишмердүүлүк, ишкердикти өнүктүрүү жана тышкы соода кызматташтыгы маселелерин жетектеген.

2021-жылдан 2024-жылга чейин – Беларусь Республикасынын экономика министринин орун басары. Регионалдык өнүктүрүү, социалдык саясат, АӨК өнүктүрүү жана кайра иштетүү өнөр жай маселелерин тескеген. Мамлекеттик программаларды ишке ашырууну жана ишканалар менен уюмдарды каржылык жактан жакшыртууну координациялаган.

2025-жылдын 23-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалган.