Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
22.01.2025

ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Виталий Вовк дайындалды

Вовк Виталий Михайлович 1962-жылы 13-августта Гомель облусунун Калинковичи шаарында туулган (Беларусь Республикасы).

1984–жылы Беларус политехникалык институтун (квалификациясы: инженер – механик), 2009-жылы Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын "мамлекеттик башкаруу" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1984-жылы Минск автомобиль заводунда баштаган: инженер-технолог, ЦСИА-2 "Сыноо" участогунун улук мастери, ЦСИА-2 өндүрүш боюнча цехтин башчысынын орун басары болуп иштеген.

1991-жылдан 2001-жылга чейин – өндүрүштө, ошондой эле Минск дөңгөлөктүү сүйрөөчү тракторлор заводунун коммерциялык ишмердүүлүктү башкаруу жана маркетинг бөлүмүндө жетекчилик кызматтарды ээлеген.

2001-2006-жылдары коммерциялык сектордун уюмдарында иштеген.

2006-2014-жылдары – Минск дөңгөлөктүү сүйрөөчү тракторлор заводунда жетекчилик кызматтарды ээлеген.

2014-жылдан 2018-жылга чейин Беларусь Республикасынын өнөр жай министри болуп эмгектенген.

2018-2019-жылдары – Беларусь Республикасынын Президентинин жардамчысы – Витебск облусу боюнча инспектор.

2019-2024-жылдары "Минск трактор заводу" ААКнын башкы директору болуп иштеген.

2025-жылдын 15-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.