Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
27.04.2022

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары болуп Максим Ким дайындалды

Максим Александрович Ким 1991-жылы Крым областында төрөлгөн. 2014-жылы Харьков улуттук ички иштер университетин бүтүргөн.

2015-2022-жылдар аралыгында Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча федералдык агенттикте ар түрдүү кызматтарда иштеген: Техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу башкармалыгынын 1-разряддагы адисинен баштап, Метрология, мамлекеттик контроль жана көзөмөл башкармалыгынын башчысына чейин. 

2022-жылдын 25-апрелинде Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.