Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6138
27 июнундагы 2025
ЕЭФте транспортто санариптик технологияларды киргизүү талкууланды
26-июнда "ЕАЭБде транспортто санариптик чечимдерди киргизүү: кагазсыз технологиялар, автоматташтырылган жана учкучсуз транспорт каражаттары" тематикалык сессиясынын катышуучулары транспорт чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүүнү жана анын Евразиянын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого тийгизген таасирин талкуулашты. Иш-чара Минскте IV Евразия экономикалык форумунун аянтчасында өттү. "Санариптик ролу, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн транспорт тармагында санариптик инструменттерди өз убагында киргизүүнүн маанилүүлүгү өтө чоң, – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Рустан Дженалинов. – Кагаз жүзүндөгү документтерден электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнүн эсебинен 2040-жылга чейин жүк ташуу жана логистика секторунда үнөмдөлгөн каражаттардын көлөмү 25 миллиард евродон ашыкты түзөт". Мамлекеттик органдардын, бизнес-коомдошуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү учкучсуз тутумдарды өнүктүрүү, кагазсыз технологияларды киргизүү, интеллектуалдык транспорттук тутумдардын мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык транспорттук коридорлорго талаптар, ошондой эле аларды киргизүүнүн экономикалык жана социалдык таасири маселелерин деталдуу карап чыгышты. Талкуунун жыйынтыгы боюнча Рустан Дженалинов белгилеп өткөндөй, "он жыл аралыгында ЕАЭБдин санарип боюнча практикалык кейси рыноктун субъекттеринин ортосунда маалыматтык өз ара иштешүүнү орнотуудан жана бизнес-процесстерде маалымат алмашуудан санариптик экотутумдарды, технологиялык платформаларды түзүүгө, маалыматтардын чоң көлөмүн талдоону, эсепке алууну же эсептешүүлөрдү талап кылган амбициялуу милдеттерди чечүү үчүн электрондук документтерди жана жасалма интеллектти колдонууга карай өнүгүүдө".
27 июнундагы 2025
Валентин Татарицкий ЕАЭБ Ишкер кеңешинин Президиумунун отурумуна катышты
Минскте өткөн IV Евразия экономикалык форумунун иштиктүү программасынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий Евразия экономикалык бирлигинин Ишкер кеңешинин Президиумунун отурумуна катышты. Бирликтин техникалык регламенттеринде милдеттүү талаптарды орнотууну өркүндөтүү жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөп жатып ЕЭК министри мындай деп баса белгиледи: "Биз Бирликтин укугун акырындык менен кеңейтүү жана ага стандартташтыруу, өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу, аккредитациялоо, көзөмөлдөө практикасы чөйрөсүндө барган сайын көбүрөөк компетенцияларды киргизүү менен интеграцияны тереңдетүүнү улантып жатабыз. Бул талыкпаган эмгек, анын жүрүшүндө биз күн сайын ар кандай кыйынчылыктарга, категориялуулукка жана позициялардын каршылыгына, юридикалык татаалдыктарга туш болобуз". Валентин Татарицкий евразиялык жөнгө салуудагы продукцияга карата коопсуздуктун техникалык талаптарын иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу механизмин өркүндөтүүгө багытталган жаңылыктарды баса белгиледи. Ишкер чөйрөлөрдүн бул ишке катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ЕАЭБдин техрегламенттерин жана аларга карата стандарттардын тизмегин иштеп чыгууда бардык кызыкдар тараптардын өз ара иштешүүсүн кыйла жөнөкөйлөтүү, анын ичинде техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө санариптик платформаны ишке киргизүүнүн аркасында камсыз кылынат. "Бирликтин алкагында санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорун ишке ашыруу эң активдүү баскычта турат. Учурдагы көйгөйлүү маселелерге жана ЕАЭБ техрегламенттеринин долбоорлорун иштеп чыгуунун жана аларды корректировкалоонун бир кыйла карама-каршы тректерине өзгөчө басым жасалды. Мындан тышкары, Валентин Татарицкий рынокту кооптуу продукциянын жүгүртүмүнөн коргоонун айрым чараларына жана Бирлик өлкөлөрүндө ЕАЭБ техрегламенттеринин аткарылышына контролдук-көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүнүн практикасынын айырмачылыгына көңүл бурду. "Бүгүнкү күндө көзөмөл чындап эле "регламенттик эмес" продукцияга жол берүү жана жүгүртүү менен көптөгөн көйгөйлөрдү ачыктап жатат, анын ичинде шайкештикти баалоо боюнча органдардын ак ниеттүүлүгү, шайкештикти баалоо жөнүндө "боз" документтердин жүрүшү жана башкалар жагында, — деп белгиледи Валентин Татарицкий. — Бирликтин аянтчасында эки тартип боюнча иштер аяктап жатат, алар өлкөлөрдүн мамилелерин, анын ичинде "боз" документтер менен иштөөдө системалаштырат деп ишенебиз. Кеп, Бирликтин бир өлкөсүнүн экинчи өлкөнүн мамлекеттик көзөмөлүнүн чараларынын негиздүүлүгү жөнүндө кайрылууларын кароо тартиби жана Мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын өз ара, ошондой эле аккредитациялоо боюнча органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө болуп жатат".
27 июнундагы 2025
ЕАЭБ жана Никарагуа: байланыштарды кеңейтүүгө жана соода-экономикалык диалогду активдештирүүгө эки тараптуу мамиле
Минсктеги Евразия экономикалык форумунун талааларында ЕЭК менен Никарагуа Өкмөтүнүн өз ара иштешүүсү боюнча жумушчу топтун теңтөрагалары – ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеровдун жана Никарагуанын Президентинин инвестициялар, соода жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча кеңешчиси Лауреано Ортега Мурильонун жолугушуусу болуп өттү. "2024-жылы ЕЭК менен Никарагуа Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга кол коюу менен биз диалогубузду сапаттык жаңы деңгээлге чыгардык. Биздин жалпы максатыбыз — соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү жана диверсификациялоо, өз ара кызыкчылык жараткан тармактык багыттар боюнча тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоо, ошондой эле ЕАЭБ менен Никарагуанын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнө түз өз ара иштешүүнү орнотууга көмөктөшүү болду", – деп белгиледи Эльдар Алишеров. Теңтөрагалар биргелешкен жумушчу топтун 2024-жылдын аягында өткөн отурумунан кийинки мезгилде тараптардын аткарган иштери жөнүндө маалымат алмашып, тармактык диалогду өнүктүрүүнүн чоң потенциалын белгилешти. Мындан тышкары, ЕЭК министри мындай деп белгиледи: "Соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмдөрүн өз ара пайдалуу жогорулатуу милдетин биргелешип чечүү менен, бири-бирин жакшыраак билүү, коммерциялык мүмкүнчүлүктөр жана бизнес жүргүзүү шарттары жөнүндө маалыматтын тартыштыгын жоюу зарыл. Бизнес — биздин диалогдун негизги драйвери жана бенефициары". Лауреано Ортега Мурильо дал ушундай контекстте биргелешкен жумушчу топтун Москвадагы мурунку отурумунда жетишилген макулдашуулар иштелип жатканын билдирди. Ал ошондой эле Никарагуа ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекет статусун алуу маселесин изилдеп жатканын, бул Никарагуанын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери жана ЕЭК менен соода-экономикалык өз ара аракеттенүүсүн андан ары активдештирүүгө кызыкдар экендигин тастыктайт. Эльдар Алишеров жооп катары мындай статусту алуунун процедуралык маселелерин түшүндүрдү. Жумушчу топтун теңтөрагалары мындан ары биргелешкен жумушчу топто техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чараларды колдонуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, фармацевтика жана биотехнология маселелерине көңүл буруу максатка ылайыктуу экендигин белгилешти. ЕАЭБдин жана Никарагуанын географиялык алыстык факторун эске алуу менен, жогорку транспорттук чыгымдар жана санариптештирүүнү өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүнү коштогон маселелер менен байланышпаган секторлорго көңүл буруу максатка ылайыктуу. ЕЭК менен Никарагуа Өкмөтүнүн өз ара иштешүүсү боюнча биргелешкен жумушчу топтун кезектеги толук форматтагы отуруму үстүбүздөгү жылдын аягына пландаштырылды.
27 июнундагы 2025
Евразия экономикалык комиссиясы жана КМШнын КТК Аткаруу комитети транспорт жана логистика чөйрөсүндө Кызматташуу планына кол коюшту
Минскте Евразия экономикалык форумунун алкагында Евразиянын транспорттук тутумдарын интеграциялоо үчүн маанилүү окуя болуп өттү: Евразия экономикалык комиссиясы менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин Координациялык транспорттук кеңешмесинин Аткаруу комитетинин ортосунда 2030-жылга чейинки мезгилде транспорт, инфраструктура, логистика жана эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу планына кол коюлду. Документке Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана КМШнын КТК Аткаруу комитетинин төрагасы Геннадий Бессонов кол коюшту. "Документ системалуу өз ара аракеттенүү үчүн бекем негиз түзөт. ЕАЭБ жана Шериктештик мейкиндигинде транспорт жана инфраструктура жаатындагы аракеттерди синхрондоштуруу бардык тараптардын кызыкчылыктарына жооп берет. Анткени, транспортту экономикалык өнүгүүнүн, сооданын жана социалдык бакубаттуулуктун драйвери кылуу – жалпы милдет. 2030-жылга чейинки план бул иштин так багытын аныктайт", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Кызматташтыктын планы ЕЭК менен КМШнын КТК Аткаруу комитетинин биргелешкен ишинин конкреттүү багыттарын жана иш-чараларын белгилейт. Анын максаты — транспорттук тутумдарды туруктуу жана натыйжалуу өнүктүрүү, Евразия мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана өз ара шайкештик үчүн шарттарды түзүү, бул ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүн тездетүү үчүн өтө маанилүү.
27 июнундагы 2025
Руслан Давыдов: "Санариптештирүү — бажы органдарынын натыйжалуу иштеши үчүн объективдүү зарылчылык"
"Евразия экономикалык бирлигинде бажы органдарынын санариптик трансформациясы" тегерек столунда бажы органдарын санариптештирүүнүн перспективалары талкууланды, анын модератору Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов болду. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын жетекчилеринин орун басарлары тегерек столдун алкагында, натыйжалуу жана туруктуу маалымат алмашууну камсыздоонун маанилүүлүгү жөнүндө бирдиктүү пикирин билдирип, бажынын ишине санариптик чечимдерди андан ары киргизүү боюнча пландар менен бөлүшүштү. Ишкер коомдоштуктун өкүлдөрү эл аралык ташууларды транспорттун ар кандай түрлөрү менен санариптештирүүнүн тажрыйбасы жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү процесси жөнүндө, ал эми илимий чөйрөлөр — бажы органдарын санариптик трансформациялоо процессине катышуу жана санариптик архитектура концепциясын түзүү боюнча сунуштар жөнүндө айтып беришти. Руслан Давыдов тегерек столдун катышуучуларын ЕЭК аянтчасында бажылык башкарууну жана эл аралык логистиканы башкарууну өркүндөтүү боюнча санариптик чечимдерди түзүү боюнча ишке жигердүү катышууга чакырды.
27 июнундагы 2025
Табигый монополияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү 2024-жылдын жыйынтыктары ЖЕЭК отурумунда сунушталды
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына табигый монополиялардын субъекттерин жөнгө салуу чөйрөсүндө 2024-жылы аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө баяндама сунушталды. Документте Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн иши, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик базасына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча Бирлик жөнүндө келишимде белгиленген принциптерге жана эрежелерге ылайык келүүсүнө мониторингдин жыйынтыктары чагылдырылган. Ошондой эле документ ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруу ишмердигинин жыйынтыктарын жана энергонатыйжалуу технологияларды колдонуу боюнча табигый монополиялардын субъекттеринин иш-чараларын камтыйт. Баяндама Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жыл сайын Бирлик мамлекеттеринин жөнгө салуучулары менен биргеликте Табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык даярдалат (ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 20 тиркемеси).
27 июнундагы 2025
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары
Минск шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отуруму болуп өттү. Интеграциялык күн тартибинин бир катар маанилүү маселелери каралды. Бул — ЕАЭБ укугун өркүндөтүү, Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу, эл аралык кызматташтык, соода, кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү, табигый монополия субъекттеринин ишин жөнгө салуу, спорт жаатында өз ара аракеттенүү сыяктуу багыттар. Эки маанилүү эл аралык документке кол коюлду. Биринчиси — Бириккен Араб Эмираттары менен экономикалык өнөктөштүк жөнүндө келишим. Экинчиси — Монголия менен убактылуу соода келишими. Мамлекет башчылары ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын да карап чыгышты. Өткөн жылдарда Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык аренадагы позициясы кыйла бекемделди. Мындан тышкары, мамлекет башчыларына 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аткаруунун учурдагы жүрүшү сунушталды. Бул документти ишке ашыруу бардык негизги багыттар боюнча интеграцияга белгилүү бир түрткү берди. ЖЕЭКтин мүчөлөрү ЕАЭБ жөнүндө келишимге түзөтүүлөр киргизилген IV Чоң Протоколго кол коюшту. Өзгөртүүлөр укуктук жөнгө салуудагы кемчиликтерди жоюуга багытталган жана атап айтканда, техникалык жөнгө салууга, электр энергетикасына, атаандаштыкка жана финансы рынокторуна тиешелүү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Бирликте товарларды маркалоонун өнүгүшү жөнүндө маалымат алышты. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда ЕАЭБ алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө баяндама кабыл алынды. ЕАЭБде спорт чөйрөсүндөгү экономикалык кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды. ЕАЭБде 2023-2024-жылдары кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүүнү жөнгө салуу эрежелерин сактоонун жыйынтыктары чыгарылды. ЖЕЭКтин отурумунда табигый монополияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү 2024-жылдын жыйынтыктары сунушталды. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки отуруму 2025-жылдын декабрында Санкт-Петербургда өтөт.
27 июнундагы 2025
ЕЭФ-2025те эмгек миграциясы туруктуу экономикалык өсүштүн ресурсу деп аталды
26-июнда Евразия экономикалык форумунун талааларында "Эмгек миграциясы ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшү үчүн ресурс катары: ЕАЭБ алкагында квалификациялуу жана илимий адистерди тартуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү" тегерек столу өткөрүлдү, ага Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Алексей Ведев катышты. Ал Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн илимий-технологиялык кызматташтыгынын перспективалары жөнүндө айтып берип, буга байланыштуу ЕАЭБ жөнүндө келишимдин өзөктүү маанисин белгиледи. Анын пикири боюнча, бул документ илим жана технология жаатында өз ара аракеттенүү үчүн негиз болуп саналат. ЕЭК өкүлү Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кыйла натыйжалуу өз ара аракеттенүү жана тармактык демилгелерди ишке ашыруу үчүн Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте ЕАЭБдин экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын иштеп чыкканын баса белгиледи. Бирлик өлкөлөрүнүн мындан аркы иштери ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде "Евразия экономикалык жолу" экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө кабыл алынган декларациянын негизинде түзүлөт. Учурда аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы даярдалып жатат. Алексей Ведевдин сөзү боюнча, Декларацияга киргизилген жана илимий-техникалык жана инновациялык кызматташууга көмөктөшүүгө багытталган маанилүү чаралардын катарында – өнөр жайда жана агроөнөр жай комплексинде инновациялык ыкмаларды киргизүү, энергетика жаатында заманбап технологияларды өнүктүрүү жана башка бир катар чаралар бар.
Дагы көрсөтүү