Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6142
18 сентябрындагы 2020
ЕЭК Кеңеши тыгыздыгы төмөн этилен полимерлерине карата импорттук алымды бир жылдык мөөнөткө 6,5% чейин көтөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕАЭБдин аймагында өндүрүлбөгөн баштапкы формалардагы этилен полимерлеринин, ошондой эле жетишерлик көлөмдө өндүрүлгөн тыгыздыгы төмөн этилен полимерлеринин айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү Товардык номенклатурасында бөлүп көрсөтүү жөнүндө Россия Федерациясынын демилгелүү сунушун колдоду.
17 сентябрындагы 2020
Сергей Глазьев: "ЕАЭБди жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин байланыштыруунун алкагында улуттук валюталардагы эсеп-кысаптардын үлүшү олуттуу түрдө көбөйүүгө тийиш"
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү акырындык менен Бирликтин ичинде улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүшүүдө. Кытай менен соода жүргүзүүдө да ушуга умтулуу зарыл деп Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 16-сентябрда болуп өткөн "ЕАЭБ жана Кытай кайсы жолду тандашмакчы?" деп аталган онлайн-конференцияда билдирди.
16 сентябрындагы 2020
ЕЭК Коллегиясы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында сунуштамаларды кабыл алды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ага ылайык Комиссия жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында маалымат алмашууну ишке ашыруучу сунуштаманы кабыл алды.
16 сентябрындагы 2020
ЕЭК Коллегиясы жогорку технологиялуу дарылык формалардагы дары-дармектердин биоэквиваленттүүлүгүнө изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча колдонмону кабыл алды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы мицеллярдык жана нанопрепараттарды фармацевтикалык иштеп чыгуу жана алардын эквиваленттик натыйжалуулугун жана коопсуздугун тастыктоо процесстерин регламенттөөчү эки колдонмону кабыл алды.
16 сентябрындагы 2020
ЕЭК чек ара аралык интернет-сооданын потенциалдуу операторлору менен өзүнчө жолугушуу өткөрмөкчү
Чек ара аралык электрондук соода боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун экинчи отуруму болуп өттү. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрү "электрондук соода операторлорунун" институтун түзүү жана өнүктүрүү маселелерин, бонддук кампалардын ишмердиги проблематикасын, ошондой эле чек ара аралык электрондук сооданын алкагында техникалык жөнгө салуу чараларын колдонууну талкуулашты.
15 сентябрындагы 2020
Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча ЕЭКтин жана ЕАТтын ортосундагы Меморандумдун долбоору жактырылды
ЕЭК Коллегиясы 15-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) ортосундагы Меморандумдун долбоорун жактырды. Документ ЕЭКтин жана ЕАТтын кызматташтык чөйрөсүн жана форматын, анын катышуучуларынын потенциалды жана чогулткан тажрыйбаны аракетке салуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
15 сентябрындагы 2020
ЕАЭБ Монголия жана Индонезия менен экрин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү перспективаларын биргелешип изилдөөнү баштоодо
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Монголия жана Индонезия менен экрин соода жөнүндө макулдашууларды түзүүнүн максатка ылайыктуулугу маселесин изилдөө боюнча биргелешкен изилдөө топторун (БИТ) түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Эксперттердин пикири боюнча, аталган мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелер ишке ашырылбаган чоң потенциалга ээ.
14 сентябрындагы 2020
ЕЭК жана Корея технологиялар жана стандарттар боюнча агенттиги техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты
Техникалык жөнгө салуу механизмдери Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Корея Республикасынын ортосундагы сооданы өнүктүрүү үчүн орчундуу мааниге ээ. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору Тимур Нурашев Корея технологиялар жана стандарттар боюнча агенттигинин (КТСА) өкүлдөрү менен 10-сентябрда видеокөпүрө форматында өткөрүлгөн техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча жумушчу жолугушууда билдирди.
Дагы көрсөтүү