Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6138

27 ноябрындагы 2019 ЕЭК министри Виктор Назаренко: «ЕАЭБ өлкөлөрү дүйнөлүк сооданын универсалдуу тилинде сүйлөшөт» «Стандартташтырууну образдуу түрдө өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн бири-бири менен сүйлөшкөн тили, ал эми эл аралык стандартташтырууну – дүйнөлүк сооданын универсалдуу тили деп атоого болот. Жана бул тил бардык жерлерде колдонулууга тийиш. Ошондуктан, БУУнун 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча стратегиясын Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, ТӨМ жаатындагы адистер өздөрүнүн иш-аракеттерин стандартташтыруу чөйрөсүндөгү кесиптештери менен бириктириши маанилүү», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын стандартташтыруу жана ченемдик жөнгө салуу маселелери боюнча кызматташтык жаатындагы саясат боюнча Жумушчу тобунун (БУУ ЕЭК 6 ЖТ) Женевада (Швейцария) болуп өткөн 29-сессиясында билдирди.
26 ноябрындагы 2019 Тигран Саркисян Александр Шохинге "Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалын тапшырды ​25-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Александр Шохинге "Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалын тапшырды. Тигран Саркисян Александр Шохин Бирликте ишкердик чөйрөнү жакшыртуу үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон чоң ишти жүргүзүүдө, Бирликтин өлкөлөрүнүн ишкерлеринин иш-аракеттерин бириктирүүгө өбөлгө түзүү менен, ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин ишинде активдүү катышууда деп белгиледи. "РӨИБдин президенти катары Сиз евразиялык бизнестин глобалдык рыноктордогу статусун жогорулатууну өзүңүздүн ишмердигиңиздин приоритети кылдыңыз", – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.​
Дагы көрсөтүү