Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6138

14 ноябрындагы 2019 Виктор Назаренко: "Комиссиянын МАКта толук форматтуу катышуусун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү КМШнын Аткаруучу комитети менен талкууланмакчы" КМШнын Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (МАК) катышуучу мамлекеттеринин аталган чөйрөлөрдөгү тутумдардын улуттук операторлору болуп саналган, стандартташтыруу, метрология жана аккредиттөө боюнча улуттук институттарынын ролун жогорулатуу зарыл, ал эми МАКтын илимий-техникалык комиссияларынын жана мамлекеттер аралык техникалык комитеттердин ишмердигин трансформациялоо зарыл. Бул алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана аны эл аралык жана регионалдык уюмдардын окшош органдарынын ишинин деңгээлине чейин көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Мындай сунуштар менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 13-ноябрда Шымкентте (Казакстан Республикасы) КМШ МАКтын стандартташтыруу, метрология, сертификаттоо жана аккредиттөө боюнча улуттук органдарынын жетекчилеринин кеңешмесинде чыгып сүйлөдү.
13 ноябрындагы 2019 Виктор Назаренко: "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштугун жана керектөөчүлөрүн мамлекеттер аралык стандарттарды пландоо, каржылоо жана иштеп чыгуу процессине активдүүрөөк тартуу зарыл" "Дүйнөлүк экономика динамикалуу өнүгүп жаткан шарттарда ЕАЭБ өнөр жайдын техникалык өнүгүшүн тездетүүнү, инновацияларды киргизүүнү, стандартташтыруу аспаптарын колдонуу аркылуу продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууну камсыз кылган, натыйжалуу регионалдык бирикме болууга тийиш", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын Жетекчилер кеңешинин 12-ноябрда Шымкентте (Казакстан Республикасы) болуп өткөн 4-отурумунда билдирди.​
Дагы көрсөтүү