Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6138
13 ноябрындагы 2019
ЕЭКте ЕАЭБ өлкөлөрүндө контрафактты таратуу үчүн жоопкерчиликти теңдөөнү сунуш кылышты
Контрафакттык продукцияны таратууга байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик чаралары Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бардык өлкөлөрүндө симметриялуу болууга тийиш. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү Карине Минасян 12-ноябрда Ереванда (Армения Республикасы) "Антиконтрафакт" эл аралык форумунда билдирди.
13 ноябрындагы 2019
Тимур Жаксылыков: "Биздин иште интеграциялык аракеттерибизди жана пландарыбызды түзөтүү үчүн ишкердик коомдоштуктардан үзүгүлтүксүз түрдө кайтарым байланыш алып туруу абдан маанилүү"
"Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүнүн бизнесинин катышуусусуз, мамлекеттик органдардын жана Евразия экономикалык комиссиясынын гана аракеттери менен, евразиялык интеграциянын аяккы таасирлерине жетишүү мүмкүн эмес", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 13-ноябрда Ереванда ЕЭК делегациясынын Армения Республикасынын бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү менен жолугушуусунун жүрүшүндө билдирди.
12 ноябрындагы 2019
ЕАЭБде Интернет тармагындагы контрафакт менен күрөшүү боюнча ишти активдештирүүдө
2016–2018-жылдар аралыгында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө 50 миллиондон ашык контрафакттык товарлар жүгүртүүдөн алынды. Мыйзамсыз продукциянын жана пираттык контенттин көлөмдөрүнүн өсүшү көбүнчө Интернет-сооданын өнүгүшүнө байланыштуу болууда. Санариптик чөйрөдөгү контрафакттык продукция жана пираттык контент менен күрөшүүнүн механизмдерин өркүндөтүү маселеси 12-13-ноябрда Ереванда өтүп жаткан "Антиконтрафакт-2019" Эл аралык форумунун "ЕАЭБдеги интеллектуалдык менчик: контрафактсыз келечек" деп аталган секциясынын ишинин жүрүшүндө негизги талкуу темасы болду.
12 ноябрындагы 2019
Армениянын алдыңкы университеттеринин биринин өкүлдөрү ишкердик ишмердикти жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуу боюнча ЕЭКтин иши тууралуу билишти
11-ноябрда Ереванда (Армения Республикасы) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Галия Джолдыбаева Россия-Армян университетинин студенттеринин, аспиранттарынын жана мугалимдеринин алдында лекциясы менен чыгып сүйлөдү.
12 ноябрындагы 2019
ЕАЭБде контрафакттык продукцияны көзөмөлдөөнүн бирдиктүү тутумун түзүү сунушталды
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 12-ноябрда Ереванда (Армения Республикасы) болуп өткөн "Антиконтрафакт-2019" эл аралык форумунун отурумунда контрафакттык продукцияны алып келүү, өндүрүү жана сатуунун, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилеринин Интернет тармагында мыйзамсыз таратылышынын аныкталган учурлары жөнүндө маалыматты каттоонун бирдиктүү тутумун түзүүнү сунуш кылды.
12 ноябрындагы 2019
ЕАЭБ жана Куба кызматташтыкты бардык форматтарда тереңдетүүнү алдыга коюшууда
Үзүрлүү кызматташтыкты өз ара алдыга койгондук жана аны көп тараптуу өнүктүрүү боюнча ишмердик кадамдарды жасоого даярдык Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиянын макроэкономика жана интеграция боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев башында турган делегациясынын эл аралык Гавана көргөзмөсүнө (FIHAV-2019) катышуучу үчүн 6-8-ноябрдагы Гаванага сапарынын алкагында Куба Республикасынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушууларынын жүрүшүндөгү негизги тема болду.
12 ноябрындагы 2019
Тигран Саркисян: "Бүгүнкү күндө бардык өлкөлөр биргеликте татаалдыктарды жеңүү жана жарандар жана бизнес үчүн жайлуу шарттарды түзүү оңоюраак болушун түшүнүшүүдө"
11-ноябрда Москвада "Евразиялык интеграциянын жаңы өлчөмү: Евразия экономикалык бирлигинин беш жылдыгынын жыйынтыктары" деп аталган илимий-тажрыйбалык конференцияда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Сотунун Төрагасы Жолымбет Баишев, Россия жана Белоруссия Бирликтик мамлекетинин мамлекеттик катчысы Григорий Рапота, Аткаруучу комитеттин Төрагасы – Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимий-эксперттик коомдоштугунун өкүлдөрү евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн натыйжаларын талкуулашты. Пленардык сессиянын модератору ЖЭМ ИИУнун дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин деканы Сергей Караганов болду.
12 ноябрындагы 2019
ЕЭК "Энергетика жана электрлештирүү" ЕТП менен биргеликте экинчи евразиялык мамлекеттер аралык программаны башташмакчы
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин аянтчасында "Энергетика жана электрлештирүү" Евразия технологиялык платформасынын "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде энергетика объектилеринин ишинин натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу" деп аталган евразиялык мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кеңири кеңешмеси болуп өттү.
Дагы көрсөтүү