Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
26.05.2022

ЕЭКтин "жашыл" демилгелери Москвада өткөн форумда талкууланды

Евразия экономикалык бирлигинде органикалык продукциянын бирдиктүү рыногун түзүү боюнча иштер жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян Москва шаарында өткөн "Экология" эл аралык форумунун алкагында айтып берди.

"Жашыл продукция рыногунун инфраструктурасы жана гринуошинг менен күрөшүү" панелдик дискуссиясында сүйлөгөн сөзүндө ал, атап айтканда: "Бирлик өлкөлөрүнүн бизнесинин жана ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте органикалык продукцияны Бирликтин алкагында жүгүртүү жөнүндө макулдашуунун долбоору даярдалды. Документ органикалык продукциянын эркин жүгүртүлүшүн камсыздоого багытталган, бул Бирликтин алкагында мындай продукцияны өндүрүүчүлөрдүн өз ара соодасын жана кооперациясын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт" деп баса белгиледи.

Ошондой эле ЕЭК департаментинин директору маалымдагандай, ЕАЭБде мүчө мамлекеттерде аквакультураны жана балык уулоону туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоого карата жалпы принциптерди жана мамилелерди колдонуу боюнча сунуштамалар иштелип чыккан. Сунушматалар айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтууну, балык чарба ишмердигинин калдыктарын чогултуу жана пайдалануу тутумун өркүндөтүүнү, балык продукциясынын өндүрүшүн жана рынокторун тең салмактуу өнүктүрүүнү, продукциянын сапатын жогорулатууну жана ассортиментин кеңейтүүнү, дүйнөлүк тажрыйбаны пайдаланууну ж. б. камсыз кылуучу инновациялык жана ESG-ыкмаларын колдонуу менен энергонатыйжалуу технологияларды тармакка киргизүүгө багытталган.

Армен Арутюняндын баса белгилеп өткөндөй, айыл чарбасында санариптик технологияларды киргизүү чыгымдарды оптимизациялоого, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, болжолдоонун жана мониторингдин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, эмгек чыгымдарын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Комиссиянын өкүлү келишимдин долбоорун даярдоодо "Россиялык сапат тутуму" АКЭУ жетекчилигинин жана ушул улуттук институттун жетекчисинин орун басары Елена Саратцеванын жеке өзүнүн жигердүү ролун жогору баалап, ага Евразия экономикалык комиссиясынын Ардак грамотасын тапшырды.

"Россиялык сапат тутуму "Органикалык өндүрүштүн продукциясы" мамлекеттер аралык техникалык комитетти түзүүнүн демилгечиси болду жана анын курамына ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринин өкүлдөрү киришти. Бул комитетти түзүү - биздин Бирликте органикалык өндүрүшкө карата талаптарды бир түргө келтирүү жолунда маанилүү кадам", - деп белгиледи Армен Арутюнян.
Иш-чарага ошондой эле Россиянын айыл чарба министринин орун басары Максим Увайдов, Агрардык-азык-түлүк саясаты жана жаратылышты пайдалануу боюнча федерация Кеңешинин комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Сергей Митин, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Николай Валуев катышышты.

 ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү