Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык

Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин XXI «Транспорт» бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык, Транспорт жана инфраструктура департаментинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп координация жана Тараптар транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча программалык-стратегиялык документтерди жүзөгө ашыруусуна талдоо жана мониторинг жүргүзүүнүн негизинде транспорттук инфраструктураны, мультимодалдык логистикалык борборлорду жана евразиялык транспорттук коридорлорду түзүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчө мамлекеттеринин (Тараптардын) өз ара аракеттенүүсү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле транспорттук коридорлорду жана логистикалык борборлордун тутумдарын (транспорттук-логистикалык инфраструктураны реконструкциялоо жана биргелешип куруу) саналат.


Ошол эле учурда инфраструктура бөлүмүнүн компетенциясына төмөнкүдөй инфраструктуралык маанилүү иш чаралар кирет:​

- «Нурлыжол»,«Жибек жолунун Экономикалык алкагы», транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана аны Евразиялык экономикалык биримдик менен шайкеш келтирүү жагында долбоорлорунун жүзөгө ашырылышына мониторинг

- транспорттук инфраструктура жагында Биримдиктин укугун түзгөн документтерди даярдоо, макулдоо жана кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүү, ошондой эле алар андан кийин Тараптар тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүү; 

- эл аралык транспорттук коридорлорду, транзиттик потенциалды жана транспорттун ар кандай түрлөрүнүн транспорттук-логистикалык тутумдарын өнүктүрүү маселелерин кароо; 

- транспорт коопсуздугу жана транспорт инфраструктурасынын объектилерин пайдалануунун коопсуздугу маселелерин кароо;

- Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитеттин инфраструктура жана логистика боюнча кичи комитетинин ишмердүүлүгүн камсыздоо.​

Инфраструктура жана логистика боюнча кичи комитет
 

Байланыш маалыматы

Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары
Асаул Максим Анатольевич
Телефон: +7 (495) 669-24-00, кош. 5336
e-mail: asaul@eecommission.org

Инфраструктура бөлүмүнүн башчысы
Диянский Андрей Вадимович
Телефон:+7(495)669-24-00, кош. 5353
e-mail: diyansky@eecommission.org

Пайдалуу шилтемелер

Армения Республикасы 
Транспорт, байланыш жана маалыматтык технологиялар министрлиги - mtcit.am

Беларусь Республикасы
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги - mintrans.gov.by
Мамлекеттик бажы комитети - gtk.gov.by
«БАМАП» эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясы - bairc.org

Казакстан Республикасы 
Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча министрлик - mid.gov.kz
Мамлекеттик кирешелер комитети - kgd.gov.kz
«КазАТО» эл аралык автомобилдик ташуучулар биримдиги - kazato.kz

Россия Федерациясы 
Транспорт министрлиги - mintrans.ru
Транспорт чөйрөсүндө көзөмөл боюнча федералдык кызмат «Ространснадзор» - rostransnadzor.ru
«АСМАП» эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясы - asmap.ru

Эл аралык уюмдар 
Автомобилдик транспорттун эл аралык биримдиги (МСАТ/IRU)  - iru-eapd.org​
​​​