2018-жылдын 8-майында Анкара шаарында (Түркия) Департаменттин директору Е. Нурахметов Жогорку ылдамдыктагы темир жолдор боюнча эл аралык темир жолдор бирлигинин 10-Бүткүл дүйнөлүк конгрессинин ачылышында сөз сүйлөдү
__________________________
Беларуста транспорт саясатынын жана транспорттук коопсуздуктун маселелери талкууланды.
Евразиялык биримдиктин мүчөлөрүнүн транспорттук, экспедитордук жана логистикалык уюмдарынын ар жылдык жалпы чогулушун өткөрүү үчүн аянтчаны «Улуу таш» белорус-кытайлык индустриялык паркы сунуштап, анын алкагында Беларустун, ЕЭКнын, транспорттук ведомстволордун, мүчө мамлекеттердин коомдук уюмдарынын жана бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү 2018-жылдын 11-апрелинде транспорт ишмердүүлүгүнүн маселелерин талкуулашты.
Катышуучуларга саламдашуу сөзү менен Беларусь Республикасынын транспорт жана коммуникациялар Министринин Биринчи орун басары Алексей Ляхнович чыгып сүйлөп, иш чара ушул индустриалдык паркта – логистикалык потенциалдын натыйжалуулугун, транзиттик жагымдуулукту жана инновациялык өнүгүүнү камсыздоонун алкагында Беларусь Республикасы тарабынан жүзөгө ашырылган инфраструктуралык долбоорлордун биринде өткөрүлүп жаткандыгынын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.
Ошондой эле Алексей Ляхнович 2017-жылы транспорт чөйрөсүндө евразиялык интеграциялык иште Беларустун транспорттук ведомствосунун катышуусу жөнүндө кыскача маалымдады.
2017-жылы ЕЭКнын жана мүчө мамлекеттердин биргелешкен ишинин жыйынтыктары туурасында иш чаранын катышуучуларына Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметов да маалымат берди.
Анын чыгып сүйлөгөн сөзү 2017-жылдагы иштердин жыйынтыктарына гана эмес, өткөн жылдын август жана октябрь айларында кабыл алынган 2018-2020-жылдарга мүчө мамлекеттердин транспорттук саясатынын негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча «жол картасын» эске алуу менен, алдыда аткарылуучу иштердин өзгөчөлүктөрүнө да багытталды.
«Жол карталары» автомобиль, суу, темир жол транспорту жана алардын инфраструктуралары чөйрөлөрүндөгү интеграциянын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган, ошондой эле транспорттук ишмердүүлүккө байланыштуу чөйрөлөргө: санариптик күн тартибине, өнөр жай кооперациясына, тариф саясатына, атаандаштыкка, бажы жана техникалык жөнгө салууга, инновациялык өнүгүүгө, «бирдиктүү терезе» механизмине жана маалыматтык технологияларга, адистерди даярдоого жана башкаларга тиешелүү иш чаралардын 97 пунктун камтыйт.
Комиссия бул иш чараларды жана интеграциялык иштерди ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштугу менен өнөктөштүктө гана ийгиликтүү жүзөгө ашырууга мүмкүн деп терең ишенет.
Транспортчулардын, ташуучулардын, экспедиторлордун, логисттердин эксперттик потенциалынын пикири транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунун абалына жана учурдагы тоскоолдуктарга реалдуу баа берүүгө, транзитти, мультимодалдык ташууларды өнүктүрүүгө, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана аларды либералдаштырууга, евразиялык транспорттук коридорлордун жана логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн түзүлүшүнө жана башкаларга таасирин тийгизет.
Биз бизнестен жана коомдук уюмдардан транспорт ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлүү маселелер жөнүндө маалыматты, аналитиканы, конкреттүү эксперттик сунуштарды жана «жол картасынын» бардык аспектилери боюнча документтердин долбоорлорун күтөбүз, деп билдирди Нурахметов.
ЕЭК өкүлү иш чаранын катышуучуларын ЕЭК жана ЕСТЭЛО ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандум түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү туурасында маалымдады, ошондой эле алардын ортосундагы андан аркы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизди: ЕСТЭЛО курамында Армения Республикасынын уюмдарынын катышуусунун актуалдуулугу жана мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдары менен демилгелүү сунуштарды кошумча иштеп чыгуу зарылдыгы.
«Комиссиянын эл аралык уюмдар жана форумдар менен өз ара аракеттенүүсү ЕАЭБтин «Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин иштөөсү – ички рынокко өз ара жеткилик үчүн тоскоолдуктардын жоктугу, алып коюулардын жана чектөөлөрдүн минималдуу санына гана жол берүү» принцибин жүзөгө ашыруу боюнча натыйжалуулукту жогорулатат», - деп билдирди ЕЭК өкүлү Ержан Нурахметов.
Транспорт жана инфраструктура чөйрөсүндө евразиялык интеграциялык маселелерди талкуулоо 2018-жылдын 12-апрелинде транспорттук коопсуздукту камсыздоону жакшыртуунун абалына жана негизги багыттарына арналган, Беларусь Биримдик Республикасынын жана Россиянын парламенттик чогулушуна караштуу туруктуу иштеген семинардын 52-отурумунун алкагында уланды.
Семинардын тематикасынын алкагында Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында улуттук айдоо күбөлүктөрүн пайдалануунун маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Семинардын катышуучуларынын суроолоруна жооп берип жатып Нурахметов белгилеп өткөндөй, бул маселе боюнча иш көп кырдуу болуп саналат жана жөнгө салуунун бир нече багыттарын камтыйт.
Бизнес үчүн жөнгө салуучулардын «транспорт коопсуздугу», «транспорттогу коопсуздук», «кыймыл коопсуздугу» терминологиялары боюнча узак дискуссиялары мааниге ээ эмес. Бүгүнкү күндө Биримдиктин алкагында интеграциялык процесстер тереңдеп бараткан учурда ишкердик ишмердүүлүктүн, миграциялык саясаттын, кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтин, тартиптин жана транспорт каражатын башкарууга укук берүүчү документтерди алуунун, документтерди өз ара таануунун, адистерди даярдоонун, камсыздандыруунун жана жоопкерчиликтин маселелери синхрондуу жана Биримдиктин алкагында эл аралык келишимдин негизинде предметтүү иштелиши керек.
Коопсуздуктун мамлекеттик эмес чөйрөсүн өнүктүрүү жана коргоо кызмат көрсөтүүлөрүн либералдаштыруу боюнча демилгелер улуттук деңгээлде өзүнчө иштеп чыгууну жана мамлекеттик бийлик бардык ыйгарым укуктуу органдарынын макулдашылган чечимдерин талап кылат, алар бүгүнкү күндө Комиссияга Тараптардын коомдук уюмдары тарабынан багытталган»,- деп Нурахметов семинарда чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.
Иш чаранын катышуучуларынын кызуу талкуусу атайын секциялардын алкагында уланды, алар транспорттук коопсуздук чөйрөсүндө ченемдик-укуктук жөнгө салуу жана транспорттук инфраструктуранын объектилерин мыйзамсыз кийлигишүүлөрдөн коргоону камсыздоо маселелерине арналган.
__________________________
2018-жылдын 17-19-апрелинде
Департаменттин кызматкерлери транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана технологиялардын TransRussia 23-эл аралык көргөзмөсүнө катышышты
__________________________
2018-жылдын 5-апрелинде
Москвада Коллегиянын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (Министри) Эмиль Кайкиевдин төрагалыгы алдында Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитеттин 13-отуруму болуп өттү (мындан ары – Комитет). Отурумга Комитеттин мүчөлөрү жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышышты.
Комитеттин мүчөлөрү Биримдик жөнүндө келишимдин жоболорун жакшыртуу, Биримдиктин ички рыногунда транспорт жана инфраструктура чөйрөсүндөгү тоскоолдуктарды четтетүү, Комиссиянын эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маселелерди карашты, ошондой эле Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашууну макулдоонун жүрүшү туурасында маалыматты угушуп жана Консультативдик комитеттин ишмердүүлүгүн жигердештирүүгө багытталган чечимдерди кабыл алышты.
Эмиль Кайкиев отурумдун башында белгилеп өткөндөй, «быйылкы жылы Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте транспорт саясатын жүзөгө ашыруу боюнча «жол картасын» аткаруу боюнча көлөмдүү иш жасамакчы. Бул максатта иштиктүү механизмдерди иштеп чыгуу жана алардын жардамы менен белгиленген пландарды аткаруу камсыздалуучу инструменттерди аныктоо зарыл».
Отурумдун күн тартибинин негизги маселелерин талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашууга тезирээк кол коюуга багытталган иштерди жергердештирүү жөнүндө чечимдер кабыл алынды. Бул максаттар үчүн жакынкы убакта Консультативдик комитеттин суу транспорту боюнча кичи комитетинин отуруму өткөрүлөт, анда документке кол коюу үчүн зарыл болгон Беларусь Республикасында мамлекет ичиндеги жол-жоболорду өткөрүүнүн алкагында келип түшкөн Макулдашуунун редакциясы боюнча эскертүүлөрдү алып салуу каралмакчы.
Биримдик жөнүндө келишимдин жоболорун жакшыртуу жана Биримдиктин ички рыногунда тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө маселелерди талкуулоонун алкагында транспорттук (автомобилдик) контролду жүргүзүү, ошондой эле чектөөлөрдүн формулировкаларын «жол картасынын» иш чаралары менен шайкеш келтирүү боюнча сунуштар каралды. Комитет тарабынан Биримдик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар боюнча принципиалдуу пикир келишпестиктерди макулдоонун, ошондой эле Биримдиктин ички рыногунда тоскоолдуктарды четтетүүнүн андан аркы алгоритми иштелип чыкты.
Комиссиянын эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелер Консультативдик комитеттин мүчөлөрүнүн кызуу талкуусун жаратты. Демилгелүү сунуштар Евразиялык экономикалык биримдиктин ар бир мүчө мамлекетинин тармактык өзгөчөлүгүн жана кызыкчылыктарын эске алуу менен кылдат иштелип чыгарылышы керек деп белгиленди.
Ишмердүүлүктү жигердештирүү максатында отурумда Консультативдик комитет жөнүндө жобонун актуалдаштырылган редакциясы, ошондой эле 2018-жылга анын ишинин планы жактырылды.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.
Консультативдик комитеттин кезектеги отуруму 2018-жылдын июнь айында болуп өтөт жана ал транспорт саясатын жүзөгө ашыруу боюнча «жол картасына» ылайык даярдалган документтерди кароого арналат.
___________________________
2018-жылдын 20-мартында
Евразиялык экономикалык комиссиянын Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметовдун жана Европа Биримдигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн Экономика жана соода бөлүмүнүн Биринчи катчысы Мариуш Сальников менен жолугушуусу болуп өтүп, анын жүрүшүндө ЕЭКтин жана ЕБнин ортосунда транспорт чөйрөсүндө өз ара мамилелерди өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды.
Катышуучулар ЕБ жана ЕАЭБтин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруу, транспорттук инфраструктураны куруу жана модернизациялоо жана европалык-азиялык транспорттук байланыштарды өнүктүрүү маселелери боюнча тыгызыраак өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгы белгиленди.
____________________________