Жаңылыктар

02.12.2020

Эфиопия ЕАЭБ менен кызматташтыкка кызыгуусун билдирүүдө

​​1-декабрда онлайн-форматта өткөрүлгөн Эфиопия-Евразия бизнес-форумунда ишкердик жана эксперттик коомдоштуктардын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасы менен кызматташтыгынын перспективаларын талкуулашты. Форумда Евразия экономикалык комиссиясынын атынан интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян катышты. ​ 1-декабрда онлайн-форматта өткөрүлгөн Эфиопия-Евразия бизнес-форумунда ишкердик жана эксперттик коомдоштуктардын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасы менен кызматташтыгынын перспективаларын талкуулашты. Форумда Евразия экономикалык комиссиясынын атынан интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян катышты.
"2019-жылда Сочиде өткөрүлгөн "Россия – Африка" саммити Африка мамлекеттеринин Россия Федерациясы менен гана эмес, ЕАЭБдин башка мүчө мамлекеттери: Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан менен өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыгынын өнүгүүсү үчүн жаңы импульс берди, – деп билдирди Гоар Барсегян. – Африка бирлиги менен кызматташтык расмийлештирилгенден кийин биз Африка континентинин бир катар өлкөлөрү тарабынан ЕЭК менен диалогду тереңдетүүгө чоң кызыгууну байкоодобуз, бул көбүнчө ЕАЭБдин алкагындагы улуттан жогорку жөнгө салуунун ар түрдүү аспектилерине кызыгуу менен шартталган".
Эфиопиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аргау Алемайеху Тегену Бирликтин өлкөлөрү менен соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Эфиопиянын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык дипломатия жана диаспора маселелери боюнча мамлекеттик министри Цион Текелу ишкердик коомдоштук менен диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи, ошондой эле Эфиопиядагы инвестициялык жана бизнес-климатты мыктылоого багытталган реформалар тууралуу айтып берди.
РИАнын Африка Институтунун директору Ирина Абрамованын пикири боюнча, Эфиопия инвесторлор үчүн анын аймагы аркылуу өтүүчү жаңы кытай Жибек жолуна, ошондой эле Эфиопиянын экономикасынын өсүш темптерине байланыштуу өзгөчө жагымдуулукка ээ.
Ошондой эле, бизнес-форумдун алкагында инвестициялар, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө каржы куралдарын колдонуу, инновациялык технологиялардын жана биргелешкен өндүрүштөрдүн трансфери, ошондой эле Эфиопияда Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнеси үчүн преференциялар тутумун түзүү маселелери талкууланды.
Иш-чарада Эфиопиянын расмий жана ишкердик коомдоштуктарынын, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин эксперттик жана ишкердик коомдоштуктарынын өкүлдөрү катышышты.
Маалымат
Акыркы 10 жылдын ичинде ЕАЭБдин Африка мамлекеттери менен товар жүгүртүүсү дээрлик 3 эсе көбөйүп, 20 млрд доллардан ашкан. Ошол эле мезгилде соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн олуттуу резерв сакталууда.​