Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6138
22 сентябрындагы 2025
Рустан Дженалинов: "ЕАЭБде электрондук транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу боюнча эксперимент жүргүзүү үчүн технологиялык документтердин бүтүндөй пакети түзүлдү"
ЕАЭБде электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды e-CMR колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун шарттарын "бешилтик" өлкөлөрүнүн өкүлдөрү 22-сентябрда ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Рустан Дженалиновдун төрагалыгы астында профилдик жумушчу топтун отурумунда талкуулашты.
21 сентябрындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Никол Пашинянды Армения Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Никол Пашинянды жана бүткүл армян элин Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктады.
19 сентябрындагы 2025
ЕЭКте бажылык декларациялоо маселелери талкууланды
Евразия экономикалык комиссиясынын бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Куат Рахимовдун төрагалыгы астында 17-18-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын профилдик Консультативдик комитетинин алдында бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.
19 сентябрындагы 2025
ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алууларды "санарипке" өткөрүү пландалууда
Москва каржы форумунда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мамлекеттик сатып алууларды санариптештирүүнүн жаңы багыттары жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директору Жанар Адикова айтып берди.
19 сентябрындагы 2025
Айыл чарба продукциясын дүйнөлүк соодада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ролу талкууланды
Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин айыл чарба продукцияларынын дүйнөлүк соодадагы ролу жөнүндө "Эл аралык соода күнү – 2025" форумунун XII пленардык отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян айтып берди.
18 сентябрындагы 2025
Беларуста өткөн семинарда ЕАЭБдин мамлекеттик сатып алууларына жетүү механизмдери талкууланды
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө сатып алуулар жол-жоболоруна катышуунун тартиби, евразиялык реестрге өнөр жай товарларын киргизүүнүн өзгөчөлүктөрү Минскте Беларус Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган "ЕАЭБ рынокторуна чыгуу, Беларусь Республикасында мамлекеттик сатып алуулардагы преференциялар" семинарында Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Алина Казаченоктун катышуусу менен каралды. ЕЭК өкүлү мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрү чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелери менен жөнгө салынуучу өнөр жай товарларын реестрге киргизүү алгоритмдерин белгилеп, Комиссиянын евразиялык реестрди жүргүзүү боюнча иши жөнүндө маалымдады. "2020-жылы Комиссиянын Кеңешинин чечими менен бекитилген эрежелер Бирликтин мамлекеттеринде евразиялык товарларга жана үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына карата преференциялар, чектөөлөр жана тыюу салуулар белгиленген учурда колдонулат жана мындай учурлар үчүн ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алуулардын улуттук режимин камсыздоонун иштиктүү аспабы болуп саналат", — деп баса белгиледи Алина Казаченок. Семинарга Беларусь Республикасынын Экономика министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин өкүлдөрү катышышты.
18 сентябрындагы 2025
Руслан Давыдов: "Бирдиктүү транзиттик тутумду жана электрондук навигациялык пломбаларды киргизүү — ЕАЭБ алкагында санариптештирүүнүн негизги багыттары"
Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов Беларусь Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети тарабынан уюштурулган "Бажы мыйзамдарын өнүктүрүүнүн перспективалары: ишеним жана контролдоо балансы" эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты. Руслан Давыдов өз сөзүндө бажы чөйрөсүндөгү санариптештирүү евразиялык интеграцияны андан ары өнүктүрүүнүн натыйжалуу инструменти болуп саналат деп белгиледи. "Бирдиктүү транзиттик тутумду киргизүү, электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөө, ошондой эле алдыңкы технологияларды эске алуу менен өткөрүү пункттарын жайгаштырууга жана жабдууга карата мамилелерди модернизациялоо ЕАЭБде бажы чөйрөсүн санариптештирүү боюнча артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат", — деп баса белгиледи ЕЭК министри. Минск шаарына сапарынын алкагында Руслан Давыдов Беларусь Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү жана евразиялык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулады: бажы кызматташтыгынын багыты боюнча 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде евразиялык интеграцияны андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашырууну, ошондой эле ЕАЭБ аймагында товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу куралдарын. ЕЭК бажы блогунун башчысы Беларусь Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин өкүлдөрүн ушул жылдын октябрь айында интеллектуалдык өткөрмө пункттарына, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы органдарындагы санариптештирүүгө арналган ЕЭК семинарына жигердүү катышууга чакырды. Семинарга мамлекеттик органдардын, ишкер коомдоштуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.
18 сентябрындагы 2025
ЕАЭБде эмгекчилер үчүн социалдык кепилдиктер күчөтүлүүдө
18-сентябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун төрагалыгы алдында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн эмгекчилерин социалдык камсыздоо, пенсиялык укуктарын сактоо, медициналык жардам көрсөтүү жана кесиптик ишмердүүлүк маселелери боюнча Консультативдик комитеттин VIII отуруму болуп өттү. Иш-чарага профилдик мамлекеттик органдардын жана алдыңкы эл аралык уюмдардын, анын ичинде ДССУнун, Миграция боюнча эл аралык уюмдун, Пенсиялык жана социалдык фонддордун эл аралык ассоциациясынын жана Профсоюздардын жалпы конфедерациясынын өкүлдөрү катышышты. Талкуунун негизги темасы ЕАЭБдин жалпы эмгек рыногунун алкагында жарандардын пенсия менен камсыз болуу жана медициналык жардамга жетүү укуктарын иш жүзүндө ишке ашыруу болду. Отурумдун катышуучулары 2019-жылдагы ЕАЭБ мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсия менен камсыздоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун орто аралык жыйынтыктарын чыгарышты. 2021-жылдын январынан тарта Бирликтин алкагында жарандарга пенсия дайындалып, төлөнүп башталды. Стажын тастыктоо менен байланышкан практикалык маселелерди чечүү үчүн тараптар бирдиктүү формулярларды пайдалануу боюнча компромисске жетишишти. Ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы бардык документ жүгүртүүнү электрондук форматка өткөрүү боюнча иш маанилүү кадам болуп калды, бул жол-жоболорду тездетет жана алардын ачыктыгын жогорулатат. Отурумда ЕЭК Коллегиясынын Саламаттык сактоо чөйрөсүндө экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган сунуштамаларын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары сунушталды. Документте негизги үч багыт боюнча биргелешип иштөө каралган: телемедицинаны өнүктүрүү, жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү жана медициналык технологияларды стандартташтыруу. "Сунуштама Бирлик өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү экономикалык кызматташтык сыяктуу сезимтал жана маанилүү чөйрөдө практикалык өз ара иштешүүсү үчүн так багыттарды берет. Кеп заманбап медициналык жетишкендиктерди ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринин жарандары үчүн максималдуу жеткиликтүү кылуу жөнүндө болууда", — деп документке ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов комментарий берди. ЕЭКтин жана ДССУнун Европа регионалдык бюросунун "ЕАЭБдеги эмгек миграциясынын контекстиндеги ден соолук маселелери" биргелешкен аналитикалык докладынын Россия Федерациясында ДССУнун башчысы Батыр Бердыклычевдин презентациясы күн тартибинин өзүнчө пункту болуп калды. Изилдөө эмгек мигранттарынын сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү проблемаларынын актуалдуулугун тастыктайт жана аларды чечүү жолдорун сунуштайт. "ДССУ – БУУ тутумундагы алдыңкы түзүм менен кызматташуу — абдан пайдалуу жана эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттык сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө өбөлгө түзөт. Миграциялык агымдардын өсүү шарттарында бул маселелер өз актуалдуулугун сактап калууда", — деп белгиледи ЕЭК министри. Отурумдун жыйынтыктары катышуучу өлкөлөрдүн социалдык чөйрөдө мындан ары интеграцияга жана ЕАЭБ алкагында эмгек мобилдүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жалпы даярдыгын тастыктады.
Дагы көрсөтүү