Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6160

05 сентябрындагы 2025 ЕАЭБ декларациясын ишке ашыруу боюнча жол картасын даярдоо финалдык баскычка чыкты 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча жол картасынын долбоорун 3-4-сентябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиевдин төрагалыгы астында өткөн жогорку деңгээлдеги кеңешмелерде каралды. Жолугушуулар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Комиссия менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинде, ошондой эле ЕЭКтин профилдик министрлеринин катышуусунда өттү. Көптөгөн принципиалдуу маселелер боюнча макулдашууларга жетишилгендиги белгиленди. Документ жакынкы арада ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнө сунушталат деп пландаштырылууда. Ошондой эле кеңешмелердин жүрүшүндө өзгөчө көңүл бурууну талап кылган жана жогорку деңгээлде кароо пландаштырылып жаткан Стратегия-2025ти ишке ашыруу маселелери талкууланды. ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясына ЕАЭБ мамлекеттеринин президенттери 2023-жылдын 25-декабрында кол коюшкан.
Дагы көрсөтүү