Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6261

21 ноябрындагы 2025 Валентин Татарицкий: "Бирликтин техникалык регламенттерин бир түрдүү колдонуу – техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумуна ишенимди камсыз кылуунун маанилүү инструменти" Евразия экономикалык бирлигинин техрегламенттерин мүчө мамлекеттерде бир түрдүү колдонуунун зарылдыгы жана маанилүүлүгү, техникалык жөнгө салуу процесстеринде бирликтик органдардын ролу жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий 20-ноябрда Минскте өткөн ЕАЭБ Сотунун Эл аралык конференциясынын пленардык сессиясында айтып берди. "Евразия экономикалык мейкиндигинде техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумун түзүү – биздин базалык аспабыбыз", – деп белгиледи Валентин Татарицкий. – Түз аракеттеги документтердин статусуна ээ болуу менен ЕАЭБдин техрегламенттери өндүрүүчүлөрдүн, импорттоочулардын жана керектөөчүлөрдүн өз ара мамилелерин жөнгө салуу тутумун гана түзбөстөн, кооперациялык жана соода байланыштары үчүн негиз, өз ара сооданын шарттары жөнүндө мамлекеттер аралык макулдашуулардын предмети болуп калды". ЕЭК министри ЕАЭБ алкагында техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумунун актыларындагы укуктук боштуктарды четтетүү боюнча жаңы чечимдерге токтолду. Мында ал техрегламенттердин ченемдерин колдонууда бирдейликке жетишүү инструменттерине өзгөчө көңүл бурду. Валентин Татарицкийдин сөзү боюнча, техникалык регламенттин мазмунун өз убагында жарыялоо жана аткаруучуларга жеткирүү, ЕАЭБ же конкреттүү мүчө мамлекеттин деңгээлинде чечимдерди талап кылган көйгөйлүү кырдаалдарды аныктоого мүмкүндүк берген кайра байланыш механизми катары колдонулган техрегламенттерди колдонуунун мониторинги, – 2024-2025-жылдары Бирликтин техрегламенттеринин күчүнө кирген илимий-техникалык деңгээлин милдеттүү түрдө мезгилдүү баалоо процедурасы жана аларга карата стандарттардын тизмеси менен толукталган. "Мындай баалоо биздин өлкөлөрдө коопсуздук талаптарынын жогорку деңгээлин сактоого багытталган", – деди ЕЭК министри. Учурда Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте Бирликтин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү даярдоо тартибинин үстүндө иштеп жатат. "Ушул жылдын декабрь айында Тартиптин долбоору Комиссиянын Коллегиясы тарабынан каралат", – деп түшүндүрдү Валентин Татарицкий. – Биз техрегламенттердин жоболорун колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү даярдоо жол-жобосу Бирликтин техрегламенттерин колдонууга бир түрдүү ыкманы камсыз кылуунун дагы бир маанилүү жана талап кылынган инструменти болуп калат деп ишенебиз. Ал толугу менен учурдагы техникалык жөнгө салуу тутумуна кошулуп, анын "кошумча жөндөөлөрүнө" өбөлгө түзөт.
21 ноябрындагы 2025 Гоар Барсегян: "ЕАЭБ глобалдык азык-түлүк менен камсыздоону бекемдөөгө олуттуу салым кошууда" Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Римдеги штаб-квартирасында билдирди. "Глобалдык азык-түлүк менен камсыз болуунун маанилүүлүгүн таануу менен, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери дүйнөлүк агрардык рынокко жогорку сапаттагы продукцияны жеткирүү менен ачарчылыкка каршы күрөшүүгө олуттуу салым кошууда. Бирлик буудайдын, күн карама майынын жана тоңдурулган балыктын дүйнөлүк алдыңкы экспорттоочусу, буудай унунун жана рапс майынын экинчи ири экспорттоочусу жана арпа жана шрот боюнча – үчүнчү ири экспорттоочусу болуп саналат", – деп белгиледи ЕЭК министри. Гоар Барсегян ФАОнун башкы директорунун биринчи орун басары Маурицио Мартина менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар АӨКда өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын аныкташты, анын ичинде мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, агрардык секторду ар тараптуу модернизациялоо, кооперация жана улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча. ЕЭК министринин ФАО алдындагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана Римдеги башка эл аралык уюмдар менен болгон жумушчу жолугушууларынын жүрүшүндө агроөнөр жай комплексинде интеграцияны тереңдетүүнүн перспективалуу багыттары жана маселелери талкууланды. ""Бешилтик" өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттери дүйнөдө пайда болгон чакырыктарга каршы турууга жана Бирликтин глобалдык азык-түлүк менен камсыз болуу жаатындагы маанилүү өнөктөш катары статусун бекемдөөгө мүмкүндүк берет деп ишенем", – деп баса белгиледи Гоар Барсегян. – Евразия экономикалык комиссиясы мүчө мамлекеттер менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө бардыгы үчүн кыйла туруктуу, стабилдүү, инклюзивдүү жана ачарчылык жок келечекке жетүү үчүн аймактык уюмдар жана өлкөлөр менен стратегиялык өнөктөштүктү улантууга жана тереңдетүүгө даяр". Гоар Барсегян менен болгон жумушчу жолугушууларга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын жетекчилери жана ФАОнун 20дан ашык мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрү катышышты. Иш-чара 2025-жылы ЕАЭБ органдарында Беларусь Республикасынын төрагалыгынын алкагында уюштурулган.
21 ноябрындагы 2025 ЕЭК жана ЕАЭБ мамлекеттери ЫЭО үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдү кеңейтүү боюнча жаңы чараларды талкуулашууда 19-20-ноябрда ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Куат Рахимовдун жетекчилиги астында Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин алдындагы жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Негизги көңүл ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор (ЫЭО) үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдү кеңейтүүгө жана аларды колдонуу практикасына бурулду. Тараптар товарларды өткөрүү пункттарында чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен операторлор үчүн алдын ала декларациялоону оптималдаштыруу, ошондой эле ЫЭО аянтчаларында бажы кампасынын жол-жобосуна ылайык жайгаштырылган товарларга карата операцияларды бажы органынын уруксатысыз жүргүзүү боюнча сунуштарды талкуулашты. ЫЭО тарабынан камсыз кылуусуз бажы алымдарын төлөөнү кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө демилгени талкуулоо улантылды. ЫЭО жана үчүнчү жактардын катышуусу менен көп тараптуу бүтүмдөрдүн алкагында ташылып жаткан товарларды декларациялоодо жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуунун өзгөчөлүктөрү каралды. Эксперттер операторлордун ыңгайлуулугун жана жөнөкөйлөштүрүүнү туура эмес колдонуунун алдын алуу ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу үчүн бул маселени кошумча талдоо зарылдыгын белгилешти. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун институту бизнес менен бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн эл аралык таанылган куралы болуп саналат. ЫЭО статусу компанияларга белгиленген талаптар аткарылганда бир катар жеңилдиктерди берет. ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ 2014-жылы түзүлгөн жана ЕАЭБ алкагында аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды түзүү менен алектенет.
20 ноябрындагы 2025 Арзыбек Кожошев КМШ өлкөлөрүнүн энергетикасын өнүктүрүүнүн негизги чакырыктарын жана жолдорун атады Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Москвада өткөн эл аралык форумдун алкагында "Дүйнөлүк энергетикалык рынок – туруктуу өнүгүү максаттарында келечекке көз караш" сессиясында ЕЭКтин БУУнун тиешелүү чөйрөдөгү Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга карата мамилелерин сунуштады.   Дискуссиянын катышуучулары жакынкы жылдарда дүйнөлүк энергорынокту өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты, анын ичинде энергетиканы трансформациялоонун макроэкономикага таасири, энергиянын кайра жаралуучу булактарына кызыгуунун өсүшү, энергия өткөрүүнүн экономикалык натыйжалуулугу, өлкөлөр жана бизнес үчүн тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр. Сессиянын спикерлери КМШ мамлекеттеринин актуалдуу чакырыктарына, стратегиялык артыкчылыктарына жана өнүгүү багыттарына өзгөчө көңүл бурушту. "Бардык заманбап жана ишенимдүү энергия булактарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга тиешелүү ТӨМ 7 биздин ишибиздин негизи болуп саналат, – деп баса белгиледи Арзыбек Кожошев. – Энергетикалык коопсуздук, ресурстардын жеткиликтүүлүгү жана экологиялык туруктуулук ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттары бойдон калууда. Экологиялык туруктуулук энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну кеңейтүү жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү аркылуу айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууну болжолдойт". ЕЭК министринин пикири боюнча, "бешилтиктин" мамлекеттери евразиялык интеграциянын артыкчылыктарын пайдалануу менен энергетика секторунун глобалдык трансформациясынын чакырыктарына ырааттуу жооп беришет. Этап-этабы менен электр энергиясынын, газдын, мунайдын жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыноктору түзүлөт, аларды жакынкы жылдары ишке киргизүү күтүлүүдө. "Энергетикалык коопсуздукка карата талаптардын жогорулашы жана экономиканын муктаждыктарынын өсүшү энергия булактарын диверсификациялоону өнүгүүнүн негизги факторуна айландырууда. Ошол эле учурда альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү салттуу генерациянын ишенимдүү потенциалына таянып, бүтүндөй евразия региону үчүн туруктуу жана тең салмактуу энергетикалык моделди камсыздашы керек", – деп жыйынтыктады ЕЭК министри.
20 ноябрындагы 2025 Наира Карапетян: "ЕЭК АӨК интеграциясын тереңдетүүнү иштеп чыгууну пландаштырууда" Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян 20-ноябрда "Интеграция" VII Евразия форумуна катышты. Тармактык секцияда сүйлөп жатып, Наира Карапетян Евразия экономикалык бирлигинин алкагында макулдашылган агроөнөр жай саясатынын анын иштөө мезгилиндеги натыйжалуулугун белгиледи. "Бирлик өлкөлөрүнүн сабаттуу ишке ашырылган улуттук агрардык саясаты жана координацияланган аракеттери айыл чарба продукциясын өндүрүүнү 25%га көбөйтүүгө, азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча ички керектөөлөрдү 92%га жабууга, өз ара сооданын көлөмүн 70%га, экспортту эки эседен ашык жогорулатууга, глобалдык деңгээлде азык-түлүк менен камсыздоого олуттуу салым кошууга мүмкүндүк берди", – деп белгиледи Наира Карапетян. 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде ЕАЭБде экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө декларацияда чагылдырылган АӨКга интеграцияны тереңдетүү боюнча андан аркы кадамдар, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өстүрүүгө, инновациялык ыкмаларды киргизүүгө жана агроөнөр жай комплекси үчүн технологиялык базаны өнүктүрүүгө, агрологистиканы жана инфраструктураны өркүндөтүүгө багытталат.
20 ноябрындагы 2025 Руслан Давыдов: "Бажылык жөнгө салууну санариптештирүү — евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүүнүн ачкычы" ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов VII Евразия ишкер форумунун "Интеграция" пленардык отурумунда чыгып сүйлөдү жана бажылык жөнгө салууну санариптештирүүнүн евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө тийгизген таасири жөнүндө баяндаманы сунуштады. ЕЭК министри санариптик бажы технологияларын киргизүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы соода ишмердүүлүгүнүн шарттарын жөнөкөйлөтүүгө, ачыктыгын жогорулатууга жана товар жүгүртүүсүн тездетүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. "2024-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы соодасынын көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 22%га өскөн", – деп белгиледи Руслан Давыдов. ЕЭК министринин сөзү боюнча, тышкы факторлорго карабастан санариптик бажы тутумдарынын үзгүлтүксүз иштеши олуттуу мааниге ээ, анткени бул ЕАЭБ мамлекеттеринин технологиялык көз карандысыздыгынын негизги элементи. Ошондой эле Руслан Давыдов санариптик бажы технологияларын колдонуунун мыкты дүйнөлүк тажрыйбалары жөнүндө, анын ичинде КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мисалында айтып берди. "ЕАЭБдин бирдиктүү бажы аймагынын тышкы контурундагы өткөрүү пункттарында барган сайын жигердүү колдонулуп жаткан жүк ташуучу транспорт каражаттарын агымдуу сканерлөө тутумдары бажы операцияларын аткаруу ылдамдыгын кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет. Аларды киргизүү логистиканы өнүктүрүү жана контролдоочу органдардын ишинин сапатын жогорулатуу максатында өткөрмө пунктунда чогултулган чоң маалыматтарга комплекстүү талдоо жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт", – деп билдирди ЕЭК министри. Чыгып сүйлөөнүн аягында Руслан Давыдов форумдун катышуучуларын ЕЭКтин ЕАЭБде электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча конференциясына кошулууга чакырды, ал 2025-жылдын 26-ноябрында Москвада өтөт. Бул конференция тажрыйба алмашуунун жана 2026-жылдын 11-февралынан тартып ЕАЭБ аймагы боюнча ташууларды көзөмөлдөө үчүн пломбаларды колдонууну ишке киргизүүнүн алдында актуалдуу маселелерди талкуулоонун дагы бир мүмкүнчүлүгү болот.
Дагы көрсөтүү