Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6148
26 июнундагы 2025
Минскте IV Евразиялык экономикалык форуму ачылды
26-июнда Минск эл аралык көргөзмө борборунда IV Евразия экономикалык форуму ачылды. Анын башкы темасы — "Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиясы: жыйынтыктар жана перспективалар" болду. Иш-чара ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу менен өтүп, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна арналган. Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземине Беларусь Республикасынын Премьер-министри, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы Александр Турчин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышышты. Беларустун Өкмөтүнүн башчысы жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы форумдун катышуучуларына жемиштүү иш каалап, саламдашуу сөздөрү менен кайрылышты. "Жылдан жылга Форум Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштугу менен бийлик органдарынын ортосунда ачык диалог үчүн маанилүү эл аралык аянтча болуп бара жатат", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. ЕЭФ-2025 ишкердик программасы ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлеринин жана эл аралык делегациялардын башчыларынын катышуусу менен пленардык отурумду, ошондой эле отуздан ашык тематикалык иш-чараларды камтыйт.
26 июнундагы 2025
Максим Ермолович: "ЕАЭБде дары-дармектердин жалпы рыногун түзүү бааны жөнгө салууну айкалыштыруу аркылуу атаандаштык деңгээлин теңдөөнү талап кылат"
Евразия экономикалык комиссиясы биринчи жолу атаандаштык көз карашынан алып караганда, Евразия экономикалык бирлигинин фармацевтикалык секторунун өнүгүүсүнө комплекстүү изилдөө жүргүздү. Жыйынтыктар тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович 26-июнда ЕЭФ-2025 "Фармацевтикалык рынокту өнүктүрүү: жеткилик жана жеткиликтүүлүк" сессиясында айтып берди. "Фармацевтикалык сектор – ЕАЭБде улуттуктан жогорку жана улуттук деңгээлдерде экономиканын эң "жөнгө салынган" секторлорунун бири, бул чек ара аралык жана улуттук рыноктордо монополияга каршы кылдат контролдун зарылдыгын калыптандырат", – деп белгиледи ЕЭК министри. Изилдөөнүн жүрүшүндө аныкталган жөнгө салуу көйгөйлөрүнүн арасында – улуттук деңгээлде ЕАЭБдин жалпы ченемдерин укук колдонуудагы айырмачылыктар жана Бирлик өлкөлөрүндө дары препараттарын бирдиктүү эрежелер боюнча каттоонун бирдей эместиги, рынокко жогорку жана ачык эмес "кирүү босогосу", мамлекеттик сатып алуулар максатында дарылардын бири-бирин алмаштыруучулугун аныктоо өзгөчөлүктөрү бар. Мунун баары бизнес жана керектөөчүлөр үчүн тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Бааларды жөнгө салууга өзгөчө көңүл бурулат. Максим Ермоловичтин сөзү боюнча, "бүгүнкү күндө бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук компетенциясы. Анткен менен, Бирликтин дары каражаттарынын жалпы рыногун түзүү шарттарында жөнгө салуудагы айырмачылыктарга жана анын натыйжасы катары дарыларга баа диспаритеттерине көңүл буруу керек. Бул атаандаштык үчүн чакырык". Изилдөө көрсөткөндөй, Бирлик өлкөлөрүндө жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын дарылоо үчүн препараттарга (508%га чейин), "кан жана кан жаратуу" тобундагы препараттарга (497%га чейин), антибиотиктерге (275%га чейин) баалар кыйла айырмаланат. Бул – мамлекеттик бааларды жөнгө салуу объектилериндеги, чектик бааларды эсептөө ыкмаларындагы жана референттик өлкөлөрдүн тизмелериндеги айырмачылыктардын натыйжасы. Кээде чарбакер субъекттердин нысапсыз рыноктук стратегиялары кездешкен учурлар болот. Буга байланыштуу ЕАЭБ алкагында бааларды жөнгө салуу максаттары үчүн дарылардын моделдик тизмегин жана Бирлик өлкөлөрүнүн калкы үчүн дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнүн кепилденген бирдей деңгээлин камсыз кылуу үчүн өндүрүүчүнүн чектик бааларын эсептөөнүн моделдик методикасын түзүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу сунушталган. Ошондой эле рыноктун субъекттеринин атаандаштыкка каршы жүрүм-турумунун алдын алуу максатында, жумшак жөнгө салуунун механизми катары "ЕАЭБ фармацевтикалык секторунун ак ниет тажрыйбалар кодексин" иштеп чыгууну баштоо пландаштырылууда. Сессиянын катышуучулары ЕАЭБдин дары каражаттарынын жалпы рыногун өнүктүрүү перспективаларын, буга байланыштуу монополияга каршы органдардын ролун, фармацевтикалык продукциянын өндүрүшүн өбөлгөлөө боюнча чараларды талкуулашты. Дискуссияга Россиянын ФМК жетекчисинин орун басары Тимофей Нижегородцев, Беларустун саламаттык сактоо министринин орун басары Александр Старовойтов, ДСУнун Европа бюросунун директору Ханс Клюге, Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Салидат Каирбекова атындагы Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү улуттук илимий борборунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Адлет Табаров, профилдик ассоциациялардын жана фармкомпаниялардын жетекчилери, эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Сессиянын коноктору Кытай, Куба, Мьянманын бизнес жана мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрү болушту. 2024-жылы ЕАЭБ алкагында фармацевтикалык сектордун көлөмү 30,9 млрд долларды түзгөн, анын 66%ы дарыкана (чекене) сегментине, 34%ы – мамлекеттик сатып алууларга туура келет. Мында дарыкана сегменти Бирликтеги бардык товарларды чекене сатуунун жалпы көлөмүнүн 3%ын ээлейт. Дары-дармектерди мамлекеттик сатып алуулар ЕАЭБдеги мамлекеттик сатып алуулардын жалпы көлөмүнүн 7%ын түзөт. ЕАЭБ өлкөлөрүндө фармацевтикалык продукцияны өндүрүү көлөмү 2024-жылы өндүрүүчүнүн баасында 948 млрд россиялык рублди же 10,2 млрд АКШ долларын түзгөн. Россиялык рублдерде өндүрүштүн өсүү темпи +18%ды түзөт.
26 июнундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев: "Биздин милдет – ЕАЭБдеги бардык процесстерди тезирээк, ыңгайлуу жана коопсуз кылуу"
26-июнда Минскте Евразия экономикалык форумунун "Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиясы: жыйынтыктар жана перспективалар" пленардык отуруму болуп өттү. Иш-чаранын негизги спикерлери Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары: Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев болушту. Форумга ардактуу коноктор – Куба Республикасынын Президенти Мигель Марио Диас-Канель Бермудес, Мьянма Бирлиги Республикасынын Премьер-министри Мин Аун Хлайн, Никарагуа Республикасынын Президентинин Беларусь Республикасы менен иштөө боюнча Атайын өкүлү Лауреано Ортега Мурильо катышышты. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев форумда Бирликтин ишинин жыйынтыктарын жана интеграцияны андан ары өнүктүрүүнүн перспективаларын сунуштады. "Евразия экономикалык бирлиги түзүлгөндөн бери туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөтүп келет, – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. — Он жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү дээрлик 18%га өскөн: 2014-жылы 1,6 трлн доллардан 2024-жылы 2,6 трлн долларга чейин. Дүйнөлүк экономикада Бирликтин үлүшү 4,2%га чейин өскөн. Өз ара товар жүгүртүү эки эсеге көбөйгөн жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 100 млрд долларга жеткен. Ошол эле учурда эсептешүүлөрдүн 93% улуттук валютада жүргүзүлүүдө. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 86%га өстү. Жумушсуздуктун деңгээли 3%га чейин кыскарды". Интеграциялык бирикменин ишинин маанилүү жыйынтыктарынын катарында ЕЭК Коллегиясынын башчысы эмгек рыногунда либералдаштыруунун жогорку даражасына жетишүүнү, экономиканын 142 секторунда кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун аракетин, соодада 100дөн ашык тоскоолдуктарды четтетүүнү, 52 техникалык регламентти кабыл алууну, азык-түлүк менен камсыздоонун 92% деңгээлине жетишүүнү атады. Экономиканын реалдуу секторлорун өнүктүрүү үчүн өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизми ишке киргизилди. Экономиканын бардык чөйрөлөрүндө санариптик трансформациянын жогорку темптерин эске алуу менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнүн үстүндө иштер улантылууда. "Бул мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө кызмат кылат. Биздин милдет — бардык процесстерди тезирээк, ыңгайлуу жана коопсуз кылуу. Бажы процедураларын санариптештирүү, мисалы, товарларды чыгаруу мөөнөтүн алты эсеге кыскартты", — деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. Он жылдын ичинде эл аралык аренада Евразия экономикалык бирлигинин позициялары кыйла бекемделди. Муну тышкы соода товар жүгүртүүсүнүн дээрлик 40%га өсүшү далилдеп турат. "Биздин алдыбызда Бирликтин жалпы рыногун негизги товарлар жана ресурстар менен камсыздоо; транспорттук-логистикалык потенциалды жана кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү өбөлгөлөө сыяктуу багыттар боюнча өз ара иштешүүнү улантуу милдеттери турат. Биз интеграциялык кызматташтык тажрыйбасын, улуттук кызыкчылыктарды жана ЕАЭБ жөнүндө келишимдин фундаменталдык негиздерин эске алабыз", – деп жыйынтыктады ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.
26 июнундагы 2025
Валентин Татарицкий: "Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жыргалчылыгы үчүн техникалык жөнгө салуу тутумун ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр"
26-июнда Минскте Евразия экономикалык форумунун ишкер программасынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий "Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү евразиялык интеграция: стратегия-2025тен декларацияга-2030га чейин" панелдик сессиясын өткөрдү. Стратегия-2025ти техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө аткаруунун жыйынтыктары жана келечеги иш-чаранын башкы темасы болду. Бул чөйрөдө план ченемдүү интеграцияны камсыз кылган, буга чейин кабыл алынган жана иштеги бирликтик бир катар чечимдер, анын ичинде Декларация – 2030 алкагында иш-чаралар планын толтуруу контекстиндеги чечимдер талкууланды. "Биздин талкуулардын топтому, анын ичинде санариптештирүү, электрондук соода, "боз" уруксат берүүчү документтер менен күрөшүү жана тышкы рыноктордун соода-экономикалык экспансиясын өстүрүү маселелерине тиешелүү", – деп билдирди ЕЭК министри. Дискуссиянын күн тартиби Евразия экономикалык бирлигинин алкагында техникалык жөнгө салуу максаттары үчүн стандартташтыруунун ролун жогорулатуу жана ЕАЭБдин келишимдик-укуктук базасындагы укуктук жаңылыктарды эске алуу менен продукцияларга карата коопсуздук талаптарынын илимий-техникалык деңгээлин баалоо механизмин өнүктүрүү маселелерин козгоду. Алардын катарында Стандартташтыруу жаатындагы иштерди координациялоо тартиби, ЕАЭБдин техрегламенттеринин илимий-техникалык деңгээлин милдеттүү мезгилдүү баалоону жүргүзүү тартиби жана аларга карата стандарттардын тизмеги жана 2030-жылга чейин мындай ИТД баалоону жүргүзүүнүн тиешелүү планы талкууланды. Сессиянын катышуучулары ЕАЭБ рыногун кооптуу продукциядан коргоо жаатындагы системалык көйгөйлөрдү талкуулашты. Отурумдун катышуучуларынын пикиринде, бул маселелерди жөнгө салуу шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоонун улуттук жол-жоболорун шайкеш келтирүү аркылуу да ишке ашырылышы мүмкүн. Аккредитация органдары тарабынан өз ара салыштырма баалоолорду жүргүзүү тартиби мындай жол-жоболорду аткарууда болгон айырмачылыктарды аныктоого жана аларды андан ары жоюуга өбөлгө түзөт. Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча "боз бизнести" кошумча "иргөө" сыноо протоколдорунун тиешелүү реестрин камсыз кылат. Аны түзүү жана жүргүзүү тартиби азыркы учурда иштелип чыгууда. ЕЭК министри ошондой эле Бирлик өлкөлөрүндө ЕАЭБ техрегламенттеринин сакталышын контролдоо жаатындагы ар кандай көзөмөлдөө практикаларына өзгөчө тынчсыздануусун билдирди. Анын ичинде Бирликтин аянтчасында шайкеш келбеген продукцияга өлкөлөрдүн тез жана синхрондуу жооп кайтаруу механизмин иштеп чыгуу үчүн Мамкөзөмөл органдарынын бажы органдары жана аккредитация боюнча органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү тартибинин, ошондой эле Мүчө мамлекеттердин ортосунда келип чыккан мамкөзөмөлдүн жыйынтыктары боюнча талаш маселелерди кароонун жана жөнгө салуунун тартибинин үстүндө иш кыйла активдештирилди. ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан контролдук-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүнү өркүндөтүүнүн перспективалары ресурстарды техникалык жөнгө салуучулар үчүн профилдик (атап айтканда, шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин реестри) санариптик маркалоо ресурстары менен интеграциялоо аркылуу да каралууда, ал товарларды көзөмөлдөө жана контрафактка каршы күрөшүү максаттары үчүн колдонулат. Мындай интеграцияга карата мамиленин алгылыктуулугу кызуу талкууланып жатат. Сессияда "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Электрондук соода темасын кароодо иш-чаранын катышуучулары ЕАЭБ рыногуна электрондук аянтчалар аркылуу кооптуу продукциянын түшүүсүнө жол берилбестигин баса белгилешти. Дискуссиялык аянтча мамлекеттик органдардын, бизнес-коомдоштуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди. Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин, Россиялык стандартташтыруу институтунун, Кыргыз аккредитациялоо боюнча органынын, Беларусь Республикасынын "Өнөр жайчылар жана ишкерлер конфедерациясы (жалдоочулар)" коммерциялык эмес уюмдар бирлигинин, Техникалык жөнгө салуу боюнча россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин жетекчилери жана башкалар спикерлер катары чыгып сүйлөштү.
26 июнундагы 2025
Андрей Слепнев: "Бүгүнкү күндө "Евразия агроэкспресс "долбоорунун картасы кыйла кеңейүүдө"
Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Минскте өткөн IV Евразия экономикалык форумунун алкагында "Евразия агроэкспресс – жаңы горизонттор жана мүмкүнчүлүктөр" сессиясынын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылып жатып билдирди. "Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери өздөрүн айыл чарба продукциясынын глобалдык өндүрүшүнүн маанилүү элементи катары көрсөтүшөт жана эл аралык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда өздөрүнүн олуттуу салымын кошууга даяр. Мында биздин тармактын миссиясын көрүп турабыз жана бул жерде сапаттуу логистиканы камсыз кылуу зарыл", – деп баса белгиледи ЕЭК министри. Андрей Слепневдун айтымында, сапаттуу, арзан жана тез логистика бүтүндөй региондордун айыл чарба боюнча потенциалын ачууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, "Евразиялык агроэкспресс" иштеген маалда, биринчи кезекте КЭР багытында жеткирүүлөрдүн туруктуу календарына жетишүүгө мүмкүн болду. "Белгилеп өткүм келген нерсе, долбоор Түштүк-Чыгыш Азияга жана кытай рыногуна багытталып башталган болчу, ал эми бүгүнкү күндө анын картасы кыйла кеңейүүдө. Агрардык азыктүлүк продукциясы үчүн келечектүү багыт болгон "Түндүк – Түштүк" коридору боюнча практикалык иштер башталганы кубандырат", – деди Андрей Слепнев. Ал бул учурда Иран жана аймактагы башка өлкөлөр жөнүндө сөз болуп жатканын белгиледи. Мисалы, "Евразия агроэкспресс" долбооруна Бириккен Араб Эмираттарынын кошулуусу кызыктуу болмок. Бул өлкө менен эртең экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюу пландаштырылууда, анын маанилүү компоненти болуп айыл чарба продукциялары менен соода саналат. Мындан тышкары, ЕАЭБдин жакынкы өнөктөшү, ошол эле учурда Кытай багытындагы транзиттик өлкө болуп саналган Монголия менен иштер жүргүзүлүүдө. Монголия менен эртең түзүлө турган Макулдашуу товар жеткирүүлөрдүн өсүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мында ЕАЭБден айыл чарба товарларын жеткирүү жөнүндө гана эмес, биздин өлкөлөр кызыкдар болгон монголиялык эт жана сүт продукциясын импорттоо жөнүндө да айтууга болот "Евразиялык агроэкспресс" интеграциялык долбоор болуп саналат, анын максаты Бирликтин ичинде да, үчүнчү өлкөлөргө да айыл чарба жана азык-түлүк жүктөрүн тездетилген темир жол жана мультимодалдык ташууну жүзөгө ашыруу болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруунун үч жылында 1,5 миллион тоннадан ашык жүк ташылган, анын жарымынан көбү — рефрижераторлор менен. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ташылган жүктөрдүн көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 23% га көбөйгөн.
26 июнундагы 2025
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аккредитация боюнча органдарынын Жетекчилер кеңеши ички рынокту кооптуу товарлардан коргоонун перспективаларын талкуулады
Аккредитация органдарынын ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлүү маселелер, анын ичинде компетенцияга ылайык баалоо документтерин негизсиз берүүнү алдын алуу жана болтурбоо маселелери, 26-июнда Минск шаарында Евразия экономикалык форумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аккредитация органдарынын Жетекчилер Кеңешинин жыйынында Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу министри Валентин Татарицкийдин катышуусунда талкууланды. Бирликтин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентинин алкагында транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздук күбөлүгүн берүүнү ишке ашырган аккредиттелген лабораториялардын ишмердигин жөнгө салууну күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кеңештин мүчөлөрү позицияларды жакындатуу жана бул чөйрөдө нысапсыз ишмердүүлүктү аныктоонун таасирдүү механизмдерин иштеп чыгуу үчүн мамлекеттер аралык жумушчу топту, анын ичинде техникалык эксперттердин милдеттүү катышуусу менен түзүүнү макулдашышты. Ошондой эле евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн аккредиттелген субъекттерин бирдей шарттарга кое турган жалпы критерийлерди белгилөө зарылдыгы талкууланды. 2025-жылдын 15-августунда Минскте "Заманбап чакырыктардын шарттарында аккредитациялоонун жаңы горизонттору" эл аралык форумунун алкагында "Аккредитациялоонун санариптик трансформациясы: тобокелдиктерден мүмкүнчүлүктөргө чейин" жана "Аккредитациялоо боюнча эксперттерди даярдоо: заманбап чакырыктардын шарттарында актуалдуу мамилелер" тегерек столдорунда бул тема боюнча дискуссияны өткөрүү пландаштырылууда. Форумдун уюштуруучусу Беларусь мамлекеттик аккредитациялоо борбору болмокчу. Кеңештин отурумунун жүрүшүндө ЕАЭБ мамлекеттеринин аккредитациялоо органдарынын шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди негизсиз берүүнү алдын алуу жана болтурбоо боюнча өз ара иштешүүсүнүн мындан аркы кадамдары белгиленди. "Протоколдордун жана сертификаттардын "боз рыногуна" каршы күрөшүү максатында Комиссия сыноо протоколдорунун бирдиктүү реестрин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат, биздин профилдик ресурстарды санариптик маркалоо тутуму менен интеграциялоого алгылыктуу мамилени жигердүү талкуулап жатабыз", – деп белгиледи Валентин Татарицкий. — Бирок бизге азырынча аккредитациялоо боюнча органдардан Бирликтин алкагында ыкчам ишке киргизиле турган конкреттүү өлкөлүк иштеп чыгуулар жана сунуштар жетишсиз болуп жатат". Аккредитациялоо чөйрөсүндөгү бир катар актуалдуу маселелер да каралды. Армениянын аккредитациялоо боюнча органынын өз ара салыштырма баалоо боюнча тобу биринчи этаптын – аккредитациялоо боюнча органдын жол-жоболорун талдоо (документтик баалоо) аяктагандыгы жөнүндө билдирди. Аккредитациялоо боюнча органдарга өз ара салыштырмалуу баалоолорду жүргүзүү ЕАЭБ жөнүндө келишимде каралган. Комиссиянын Кеңешинин чечими менен Мүчө мамлекеттердин аккредитациялоо боюнча органдары тарабынан өз ара салыштырма баалоону жүзөгө ашыруунун тартиби бекитилген, ал аккредитациялоо боюнча органдар тарабынан мындай баалоону жүзөгө ашыруунун эрежелерин аныктаган. Аларды жүргүзүүнүн натыйжалары колдонулуп жаткан жол-жоболордун бирдей маанилүүлүгүнө жетишүү максатында биздин өлкөлөрдүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн мындан аркы кадамдарды аныктоого мүмкүндүк берет. Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аккредитациялоо боюнча органдарынын Жетекчилер кеңеши Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2018-жылы Бирлик жөнүндө келишимди ишке ашыруунун алкагында техникалык жөнгө салуу жаатында аккредитацияны өнүктүрүү максатында ЕАЭБдин көмөкчү органы катары түзүлгөн. 2025-жылы Жетекчилер кеңешине Беларусь Республикасы атынын атынан Беларусь мамлекеттик аккредитациялоо борбору төрагалык кылат.
26 июнундагы 2025
Андрей Слепнев ЕАЭБ-Монголия тегерек столуна жана ЕАЭБ-БАЭ бизнес-диалогуна катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Минскте өткөн IV Евразия экономикалык форумунун алкагында өткөрүлгөн ЕАЭБ-Монголия тегерек столунда сөз сүйлөп, тараптардын өз ара мамилелеринин терең тарыхый катмары жана тыгыз байланыштар келечекти ишенимдүү курууга мүмкүндүк берерин белгиледи. "Дүйнө экиге бөлүнүп, чыр-чатактар чыгып жаткан азыркы шартта жакынкы коңшулар менен мамилени чыңдоо албетте өтө маанилүү", — деп баса белгиледи Андрей Слепнев. ЕЭК министринин сөзү боюнча, ЕАЭБ менен Монголиянын ортосунда убактылуу соода макулдашуусу боюнча болуп өткөн сүйлөшүүлөрдү достук жана өнөктөштүк деп атоого болот, анткени болгон бардык кыйынчылыктар лидерлердин саясий эркин эске алуу менен жана жалпы ишенимдин жана өз ара түшүнүшүүнүн аркасында ийгиликтүү чечилди. "Акыркы беш жылда биздин товар жүгүртүү чейрекке өстү. Ошону менен бирге, негизги көйгөйлөрдүн бири — монголиялык рынокко биз тараптан жеткирүүлөр салыштырмалуу кыйла көп болуп, алардан бизге жеткирүүлөр аз болуп, чоң тең салмаксыздык жаралып жатат. Ошондуктан, ЕАЭБде монголиялык товарлардын катышуусун кеңейтүү милдети биз үчүн биздин товарларды Монголияга илгерилетүүдөн кем эмес артыкчылыктуу болуп саналат", – деп белгиледи Андрей Слепнев. Анын айтымында, өнөктөш эт, кийим-кече буюмдары жана башка көптөгөн багыттар боюнча тең салмакты бекемдөөгө жакшы салым кошо алат. Макулдашуунун убактылуу мүнөзүнө жана товардык камтуунун чектелгендигине карабастан, ал Монголияга металлургия, моторлуу транспорт каражаттары, химиялык өнөр жай, шиналар, жыгач иштетүү, айыл чарба товарлары сыяктуу тармактарда ЕАЭБдин продукциясынын 90%га жакынын камтыйт. "Эмнени жакшыраак ойлонушубуз керек? Биз макулдашууга жөнгө салууга тиешелүү бир катар маселелерди киргиздик: алар бажы, электрондук соода, техникалык регламенттер, санитардык чаралар, тармактык кызматташтык", – деп билдирди ЕЭКтин соода боюнча министри жана бул чөйрөлөрдүн баары "ачыла элек" деп кошумчалады. Мындан тышкары, Монголия континенталдык сооданын маанилүү катышуучусу болуп саналат. Азыркы учурда ЕАЭБ – Монголия – Кытай байланышында өнүгүп жаткан энергетика же транспорт жаатындагы долбоорлор абдан маанилүү жана келечектүү болуп саналат. Ошондой эле Андрей Слепнев ЕАЭБ-БАЭ бизнес-диалогуна катышып, анын жүрүшүндө Бириккен Араб Эмираттары Жакынкы Чыгыш регионуна дарбаза болуп саналат деген сөздөр – бул жөн эле сөз эмес, өлкө логистикага, портторго, инфраструктурага, соода байланыштарына жана экономикалык зоналарга жүргүзгөн ири инвестицияларга негизделген далилденген факт экендигин өзгөчө белгиледи. "Биз экономикалык өнөктөштүк тууралуу макулдашууга кол коюп жатканыбыз маанилүү, анткени ал белгилүү бир деңгээлде бизди БАЭде жана бүтүндөй региондо болуп жаткан өсүш толкунуна кошот", — деп баса белгиледи ЕЭКтин соода министри. Кеп, анын ичинде, өндүрүштө кооперацияны кеңейтүү жана "Түндүк – Түштүк" коридорун өнүктүрүү жөнүндө болууда, анда БАЭ маанилүү хаб болуп саналат, ал эми ЕАЭБдин бир катар башка өлкөлөрү менен эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзгөн же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Андрей Слепнев бизнес-диалогдун катышуучуларына акыркы он жылда ЕАЭБдин Эмираттар менен соодасы беш эседен ашык эсеге өскөндүгү жөнүндө маалымдады, ал эми макулдашуунун долбоору товар жүгүртүүнүн 90%дан ашыгын либералдаштырууну камтыйт. "Бул келишим жөн гана эркин соода жөнүндө эмес, тактап айтканда, ал экономикалык өнөктөштүк жөнүндө. Бул планда биз үчүн ал уникалдуу жана алдыңкы болуп саналат – бизде тышкы өнөктөштөр менен мындай терең келишимдер болгон эмес", – деп билдирди ЕЭКтин соода боюнча министри. Сөзүнүн соңунда ал тараптардын бизнес өкүлдөрүн келишимде каралган мүмкүнчүлүктөрдү иш жүзүндө пайдаланууга аракет кылууга чакырып, бул өз ара сооданын учурдагы көлөмүн кыйла көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Бул багытта ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар тармагында БАЭ менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр да өбөлгө түзмөкчү. Мурда маалымдалгандай, 27-июнда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун талааларында ЕАЭБдин Монголия менен убактылуу соода келишимине жана ЕАЭБ менен БАЭ экономикалык өнөктөштүгү тууралуу макулдашууга кол коюлушу күтүлөт.
26 июнундагы 2025
Арзыбек Кожошев Беларустун энергетика министри Денис Мороз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев IV Евразия экономикалык форумунун талааларында Беларусь Республикасынын энергетика министри Денис Мороз менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун жана жалпы газ рыногун түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери каралды. Тараптар евразиялык "бешилтиктин" башчылары газ рыногу жөнүндө концептуалдуу чечим кабыл алышканын жана азыр өлкөлөрдүн алдында аны өнүктүрүү планын даярдоо милдети турганын белгилешти. Ошондой эле электр энергиясынын жалпы рыногун (ЖЭР) ишке киргизүү үчүн кыска мөөнөттө кошулуу жөнүндө келишимдин формасы боюнча ишти аяктоо керектиги баса белгиленди. Бул – ЖЭРдин иштеши үчүн зарыл болгон документтер топтомунун акыркысы. Сапардын жүрүшүндө ЕЭК делегациясы Беларусь Республикасынын бириккен энерготутумунун объектилерине, анын ичинде Брест объектилерине барды жана электр энергиясын генерациялоонун технологиялык негизи, алдыңкы тажрыйба жана технологиялар менен таанышты. "Дүйнөлүк тенденцияларга жана технологияларга шайкеш келген энергия булактарын жана тармактык инфраструктураны модернизациялоону камсыздоо шарттарында энерготутумдун туруктуу иши Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунун иштөө шарттарында ийгиликтүү иштин өбөлгөсү болуп саналат",– деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
Дагы көрсөтүү