Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6170

07 октябрындагы 2025 Валентин Татарицкий: "Бирликтин техникалык жөнгө салуу тутуму рынокту кооптуу жана контрафакттык продукциялардан коргоого олуттуу салым кошууда" Продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы турууга багытталган жөнгө салуучу чараларды иштеп чыгууда ар кандай чөйрөлөрдүн жана компетенциялардын өз ара байланышын жана алардын арасында техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумунун ордун Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий Минскте өткөн XIII Эл аралык "Антиконтрафакт-2025" эл аралык форумунун пленардык отурумунда белгиледи. ЕЭК министри билдиргендей, Евразия экономикалык бирлигинде кабыл алынган 52 техникалык регламенттердин 48и жана алар менен байланышкан 8800дөн ашык мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайы жана бизнеси тарабынан колдонулуп, продукциянын жалпы рыногу үчүн негиз түзүлдү. "Коопсуздуктун жогорку деңгээлин сактоо жана илимдин, технологиялардын, өндүрүштөрдүн, сыноо базасынын өнүгүшүнүн заманбап деңгээлине шайкеш келүү үчүн Бирликтин укугуна техрегламенттердин илимий-техникалык деңгээлине баа берүү механизми киргизилген. 2029-жылга чейин биз Бирликтин 29 техникалык регламентине баа берүүнү пландаштырганбыз", - деп баса белгиледи ЕЭК министри. Ал бирликтик рынокко ак ниетсиз өндүрүүчүлөрдү жана кооптуу продукцияларды чыгарбоого өбөлгө түзгөн иштерге кеңири токтолду. "Стратегия-2025ти ишке ашыруу мезгилинде аккредитациялоо боюнча аккредитацияланган органдардын, сыноо лабораторияларынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча аккредитациялоо тармагында чоң иштер жасалды. Бирликтин Бирдиктүү реестринде - мындай 2800 уюм бар. Учурда аккредитациялоо боюнча улуттук органдар ак ниетсиз лабораторияларды жана сертификаттоо боюнча органдарды реестрден чыгарып жатканын көрүп турабыз, өлкөлөр менен мындай реестрге кирүү критерийлерин күчөтүү боюнча иш алып баруудабыз. Азыр Комиссиянын аянтчасында бул сунуштарды талкуулап жатабыз", - деп белгиледи Валентин Татарицкий. Милдеттүү талаптардын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жөнүндө айтып жатып, ал өлкө деңгээлинде алардын көзөмөл саясатын ишке ашырууга бир нече жөнгө салуучулар тартылганына көңүл бурду. Азыркы учурда Бирлик мамлекеттеринде алардын жалпы саны - 35. Анын пикиринде, рынокто продукциянын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөчү органдардын иши күчөдү. Муну Бирлик өлкөлөрүнүн техрагламенттеринин талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө улуттук органдарынан Комиссияга өз ара иштешүүнүн белгиленген деңгээлинин алкагында келип түшкөн маалыматтар тастыктап турат. Ошону менен бирге спикер аны өнүктүрүү боюнча иштердин комплексин, анын ичинде эки профилдик макулдашуунун алкагында: продукциянын жалпы коопсуздугу жөнүндө жана техрегламенттерге мамлекеттик көзөмөлдүн жалпы принциптери жана мамилелери боюнча иштердин комплексин белгиледи. "Биз беш өлкөнүн көзөмөл органдарынын синхрондуу жана ыкчам жооп кайтаруу механизминин үстүндө көп жана системалуу иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн туура схемасын куруу абдан маанилүү", – деп ишенет Валентин Татарицкий. ЕЭК министри Бирликтин рыногун шайкеш келбеген продукциядан натыйжалуу коргоону камсыз кылуу маселелери боюнча диалогду колдоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. "Боз" бизнес менен күрөшүүдө шайкештикти баалоо инструменттерин, анын ичинде объективдүү зарыл болгон жерлерде мындай баалоонун формаларын күчөтүү аркылуу ишке киргизүү зарыл. Мындай муктаждык техникалык регламенттерди шайкештикти баалоонун жаңы типтүү схемаларына ылайык келтирүүдө талданат", - деп спикер билдирип, иштин бардык айтылган багыттары Декларация-2030ду ишке ашыруу планында каралгандыгын белгиледи. Жыйынтыктап айтканда, Валентин Татарицкий бардык кызыкдар адамдарды тобокелдиктерди жана артыкчылыктарды комплекстүү талдоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү талкууларга кошулууга чакырды. Бул кооптуу жана контрафакттык продукциялар менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн керек.
07 октябрындагы 2025 Руслан Давыдов: "ЕАЭБдин Бажы кодексине тамеки продукциясынын жалган транзитине каршы күрөшүүгө багытталган түзөтүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда"   Евразия экономикалык бирлигинин алкагында тамеки продукциясынын жалган транзитине жана жалган экспортко каршы күрөшүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясы көрүп жаткан чаралар жөнүндө Минскте өткөн "Антиконтрафакт-2025" форумунда никотин камтылган продукциялар рыногуна арналган сессияда ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов айтып берди. ЕЭК министринин сөзү боюнча, Бажы кодексине тиешелүү түзөтүүлөр даярдалды жана жогорку деңгээлдеги даярдыкта турат. Руслан Давыдов дискуссиянын катышуучуларына ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөө механизминин киргизилиши жөнүндө маалымдады, ал 2026-жылдын 11-февралынан тартып иштей баштайт. "Тамеки продукцияларын мыйзамсыз алып кирүүгө жана жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча иштин маанилүү бөлүгү – Комиссиянын аянтчасында профилдик жумушчу топтун иштеши, – деп баса белгиледи ЕЭКтин бажы блогунун башчысы. - Ал өткөн жылы бизнестин демилгеси менен түзүлгөн, анын негизги милдети ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз тамеки жана никотин камтылган продукцияларды мыйзамсыз алып өтүүгө тыюу салуу маселелери боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат". Сессияга ошондой эле санариптик маркалоонун операторлору, тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөр, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана Беларустун жана Казакстандын профилдик ассоциацияларынын жана коммерциялык эмес уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Эл аралык "Антиконтрафакт" ассоциациясынын чечими менен контрафактылык жана жасалма продукцияны ташып келүүгө олуттуу салым кошкондугу үчүн Руслан Давыдов "Контрафакт менен күрөшүүгө сиңирген эмгеги үчүн" төш белгиси менен сыйланды.
Дагы көрсөтүү