Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 5
08 октябрындагы 2025
ЕЭК жана АСЕАН өлкөлөрүнүн эксперттери атаандаштык маселелерин талкуулашты
ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Армине Акопян АСЕАНдын атаандаштык боюнча эксперттик тобунун 35-отурумунун атайын сессиясында Евразия экономикалык комиссиясынын Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы менен атаандаштык маселелери боюнча кызматташтыгынын айрым жыйынтыктары жана өз ара иштешүүсүнүн перспективалары жөнүндө айтып берди. "ЕЭК-АСЕАНдын атаандаштык боюнча атайын сессияларын өткөрүү жакшы салтка айланды. Бул бизге ырааттуу диалог жүргүзүүгө жана кызматташтыкты практикалык тегиздикте өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Армине Акопян. Сессиянын жүрүшүндө Комиссия тарабынан үстүбүздөгү жылдын июль айында Евразия экономикалык бирлигинде жана АСЕАН өлкөлөрүндө атаандаштык саясаты жана укук колдонууга арналган семинардын натыйжалары талкууланды. Семинардын жыйынтыгы боюнча ЕЭК жана АСЕАН ишмердүүлүгүнүн өзгөчө кызыгууну жараткан багыттары белгиленди. Алар, атап айтканда, АСЕАНдын улуттук атаандаштык органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн ийгиликтүү форматтарына, алардын ишин баалоо методологиясына, укук колдонуунун бир катар өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү. АСЕАНды Комиссия жыл сайын өткөргөн атаандаштык маселелери боюнча аймактык уюмдардын жолугушууларынын жыйынтыктары, ошондой эле бул чөйрөдө ЕЭКтин ыйгарым укуктарын түзүү тажрыйбасы кызыктырды. "ЕАЭБде жана АСЕАНда интеграциянын ар кандай деңгээлдерине, ЕЭК менен АСЕАНдын атаандаштык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарындагы жана функционалдуулугундагы айырмачылыктарга карабастан, эки интеграциялык бирикменин бир максаты бар – ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды камсыз кылуу, – деп баса белгиледи Армине Акопян. – Бул максатты ишке ашыруу үчүн биз бири-бирибиздин мыкты тажрыйбаларды үйрөнүүгө жана аларды өз ишибизге киргизүүгө даярбыз". Отурумдун катышуучулары семинар жана консультация форматында, ошондой эле атаандаштык маселелери боюнча интеграциялык регионалдык уюмдардын диалогуна катышуу аркылуу дискуссияларды улантуу жөнүндө Комиссиянын сунушун колдошту. Иш-чарага АСЕАН мамлекеттеринин атаандаштык органдарынын, ошондой эле АСЕАН Катчылыгынын өкүлдөрү катышышты.
08 октябрындагы 2025
Руслан Давыдов: "Санариптик бажы инструменттери ЕАЭБге балдар үчүн товарларды мыйзамсыз алып кирүүдөн коргой алат"
Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов Минскте өткөн "Антиконтрафакт-2025" Эл аралык форумунун тематикалык сессиясында ЕАЭБ мейкиндигинде колдонулуп жаткан жана балдар үчүн товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө каршы келечектүү чаралар катары каралып жаткан санариптик инструменттер жөнүндө айтып берди. ЕЭК бажы блогунун башчысы санариптештирүүнүн үч негизги инструментин баса белгиледи: навигациялык пломбалар, товарлардын санариптик маркаланышы жана товарларды Бирликтин бажы чек арасы аркылуу, ошондой эле Бирликтин ичинде өткөрүүдө электрондук документ жүгүртүү. Руслан Давыдовдун сөзү боюнча, санариптик маркалоо ЕАЭБ өлкөлөрүндө кеңири колдонулууда. Ар кандай товардык топторду маркалоо менен камтуу деңгээли мамлекеттер боюнча ар кандай болушу мүмкүн, бирок иш жүргүзүлүп жатат жана товардын конкреттүү бирдигинин жүгүртүлүшүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. ЕЭК министри эскертип өткөндөй, навигациялык пломбалар 2026-жылдын февралынан тартып "бешилтикте" колдонула баштаган — тиешелүү чечимди Комиссиянын Коллегиясы кабыл алган. Товарларды ташууда электрондук документтерди киргизүү санариптик экотутумду түзүүдө жана товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун жакшыртуу боюнча андан аркы иштерде логикалык кадам болуп саналат. "Бул инструменттерди киргизүү келечекте товарлардын кыймылы жөнүндө чоң маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет, алар бажы органдары тарабынан гана эмес, башка кызыкдар контролдоочу түзүмдөр тарабынан талданат, бул шектүү жана кооптуу жеткирүүлөрдү, анын ичинде балдар үчүн товарларды аныктоого жардам берет", — деп белгиледи Руслан Давыдов. Чыгып сүйлөгөн сөзүндө ЕЭК министри ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын тапшырмасы боюнча Комиссия ЕАЭБге товарлардын ташылып келишин декларациялоонун мониторингин жана талдоону жүзөгө ашырат жана бул талдоонун натыйжалары мыйзамсыз продукцияны ташып келүүгө каршы күрөштө пайдалуу болуп чыкты деп кошумчалады. "Ушул жылдын июль айында Комиссиянын Коллегиясы ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине бажы декларациясынын 31-графасынын толтурулушун текшерүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү сунушун кабыл алган – кеп импорттолуучу кийимдердин жана бут кийимдердин толук сүрөттөлүшү жөнүндө болууда. Эгерде декларацияда артикул, модель, өндүрүүчү жана соода маркасы көрсөтүлбөсө, анда алып келүүнүн мыйзамдуулугун контролдоо кыйла оорлой тургандыгын биз түшүнөбүз", – деди Руслан Давыдов. Ал ошондой эле ЕАЭБдин бардык мүчө өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын контрафакт жана фальсификат менен күрөшүүдөгү аракеттерди синхрондоштуруу боюнча биргелешкен жигердүү ишинин зарылдыгын баса белгиледи.
08 октябрындагы 2025
Максим Ермолович Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин төрагасынын орун басары Болат Самбетов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович 8-октябрда Астанада Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин Төрагасынын орун басары Болат Самбетов менен атаандаштык чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулады. Тараптар Казакстандын аткаруу өндүрүшүнө жана сот аткаруучулардын статусуна тиешелүү мыйзамдарын жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле кээ бир аткаруу маселелерине токтолду, анын ичинде Комиссиянын атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуучуларга карата кабыл алынган чечимдерин жүйөлөштүрүлгөн сунуштамаларга жана мажбурлап аткарууга байланыштуу маселелерге. Ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Комиссиянын атаандаштык чөйрөсүндөгү чечимдерине жана иш-аракеттерине ЕАЭБ Сотуна даттануу бөлүгүндө акыркы түзөтүүлөр каралды. "Жолугушуунун жыйынтыгы — мындан аркы биргелешкен иштин негизги багыттары жана монополияга каршы жөнгө салуудагы кыйынчылыктарды чечүүнүн мүмкүн болгон форматтары жөнүндө макулдашуулар болду", – деп белгиледи Максим Ермолович. Мындан тышкары, тараптар Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин жана Максим Ермоловичтин "5+1" форматындагы 2025-жылдын октябрында Брестте өткөрүлүшү белгиленген кеңешмесинин күн тартибин талкуулашты.
08 октябрындагы 2025
Гоар Барсегян "Алтын күз — 2025" иш-чараларына катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай министри Гоар Барсегян 8-октябрда "Алтын күз — 2025" россиялык агроөнөр жай көргөзмөсүнүн ачылыш аземине жана пленардык сессиясына катышты. Иш-чарада айыл чарба өндүрүшүн тездетип өстүрүү максатында агрардык рынокту санариптик моделге трансформациялоо куралдары, чакан, орто жана ири бизнес ишканаларында жаңы технологияларды киргизүү механизмдери талкууланды. Комиссия ишкерлерге регионалдык экономикага жигердүү катышуу үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөрдү кошо алганда, мүмкүнчүлүктөрдү берип жаткандыгы белгиленди. Көргөзмөнүн иштиктүү программасынын алкагында Гоар Барсегян АӨК компанияларынын алдыңкы иштеп чыгуулары менен таанышты. "Алтын күз – 2025" иш чараларына Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, РФ айыл чарба министри Оксана Лут, РФ санариптик өнүктүрүү министри Максим Шадаев, тармактык жана коомдук уюмдардын, ассоциациялардын, бирликтердин, агроөнөр жай тармагындагы ишканалардын лидерлери катышышты.
08 октябрындагы 2025
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туристтик сектору өсүш үчүн чоң потенциалга ээ
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында туризмди өнүктүрүү концепциясына мүчө мамлекеттердин башчылары 2025-жылдын аягына чейин кол коюшу мүмкүн. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Лусине Багратуни Астанада өткөн Kazakhstan Travel Forum Саяхат – 2025 форумунда билдирди. "Бул тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана Бирликте ички туризмге дем берүү үчүн чараларды аныктоочу стратегиялык документ", – деп баса белгиледи Лусине Багратуни. ЕЭК өкүлү Комиссиянын аянтчасында Бирлик өлкөлөрү менен туризм чөйрөсүндө биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, евразиялык туристтик маршруттарды иштеп чыгуу жана өнүктүрүү, ошондой эле ЕАЭБ маалымат порталында туризм жөнүндө тематикалык бөлүмдү түзүү жөнүндө айтып берди. Форумдун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин туристтик сектору өсүш үчүн олуттуу потенциалга ээ деген бирдиктүү пикирге келишти. Kazakhstan Travel Forum Саяхат — 2025 форумуна ири туроператорлор, мамлекеттик органдардын, эл аралык туристтик ассоциациялардын өкүлдөрү жана алдыңкы тармактык эксперттер катышышты.