Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Комиссиясы
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 5903
04 июнундагы 2025
Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБ менен АСЕАНдын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү — Евразиядагы логистиканы өнүктүрүүнүн драйвери"
ЕАЭБ жана АСЕАНда транспорт чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү тажрыйбасын жана алардын перспективаларын ЕЭК-АСЕАНдын "Чек ара аралык кургакта ташууларды ишке ашыруу жана аларды тиешелүү жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашуу" жолугушуусунун катышуучулары талкуулашты. Иш-чара ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасы менен Джакартадагы (Малайзия) АСЕАН катчылыгынын ортосунда телекөпүрө режиминде болуп өттү. ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев семинарды ачып, саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөдү. "ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрү уникалдуу географиялык жана геоэкономикалык абалга, жогорку транзиттик жана өнөр жай потенциалына ээ. Түштүк-Чыгыш Азиянын жигердүү өнүгүп келе жаткан рынокторун жана транспорттук-логистикалык жеткирүүлөрдүн өзгөрүшүн эске алуу менен логистикалык хабдарды түзүү жана транспорттук коридорлорду, мультимодалдык транспортту өнүктүрүү үчүн аракеттерди координациялоо маанилүү милдет болуп калат", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Семинардын катышуучулары интеграциялык бирикмелердеги транспорт чөйрөсүн жөнгө салуунун институционалдык негиздери, интеграциялык процесстердин заманбап тренддери жөнүндө маалымат беришти, ошондой эле транспорт, инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү чөйрөсүндөгү санариптештирүүнүн жыйынтыктарын жана келечектүү багыттарын талкуулашты. ЕАЭБде транспорт чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү боюнча иштер жана жетишилген натыйжалар жөнүндө ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Рустан Дженалинов маалымат берди. Ошондой эле иш-чарада Бириккен транспорттук — логистикалык компаниянын — Евразиялык темир жол альянсынын, Автомобиль транспортунун эл аралык бирлигинин, АСЕАН Катчылыгынын жана АСЕАН өлкөлөрүнүн транспорт министрликтеринин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
04 июнундагы 2025
Руслан Давыдов бизнеске ЕАЭБде бажылык жөнгө салуунун негизги аспектилери жөнүндө айтып берди
Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов Россиядагы Америкалык соода палатасынын жана Тынч океан-Евразия Ишкер Альянсынын мүчө компанияларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Ал чек ара аралык интернет-сооданы бажылык жөнгө салууну ишке ашыруунун перспективалары, Евразия экономикалык бирлигинин аймагы боюнча ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды киргизүү, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдү кеңейтүү боюнча иштер тууралуу айтып берди. Жолугушуунун катышуучулары бажылык жөнгө салуу жаатында ЕАЭБ мыйзамдарын жакшыртуу боюнча сунуштарды карашты. ЕЭК министринин сөзү боюнча, бул талкуу жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү жана Бирлик өлкөлөрүнүн ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн маанилүү. Руслан Давыдов Комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча блогунун аянтчасында иштеп жаткан жумушчу органдардын жыйындарына жигердүү катышууга чакырып, аларды 26-27-июнда Минскте өтө турган Евразия экономикалык форумунун алкагында бажы кызматташтыгы боюнча блоктун иш-чараларына катышууга чакырды.
03 июнундагы 2025
Динара Мукаева ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды
Динара Бакытовна Мукаева 1987-жылы Казакстандын Алматы облусунда туулган. Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетин "Эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган. 2008-2020-жылдары Казакстан Республикасынын монополияга каршы орган системасында ар кандай кызматтарда иштеген. 2020-2022-жылдары Казакстан Республикасынын Коргоо жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттигинин картелдерге каршы күрөшүү бөлүмүн жетектеген. 2022-2025-жылдары Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигинин Абай облусу боюнча аймактык Департаментин жетектеген. Казакстан Республикасынын "Монополияга каршы кызматтын отличниги" төш белгиси менен сыйланган. 2025-жылдын 28-майынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
02 июнундагы 2025
Виталий Вовк: "ЕАЭБ алкагында станок-инструменталдык продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү мүчө мамлекеттердин колдоосун талап кылат"
Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басарлары Виталий Вовк жана Лаура Садыкова "Металл иштетүү-2025" металл иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулардын, приборлордун жана аспаптардын эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө катышышты. Көргөзмөнүн жана анын аянтчасында өтүп жаткан "Инвестициялар. Өнүгүү. Кооперация" эл аралык соода-өнөр жай конгрессинин иш-чараларынын алкагында өз кубаттуулуктарында өтө маанилүү себилдегичтерди өндүрүүнү өнүктүрүү зарылчылыгы белгиленди. ЕЭК өкүлдөрү станок-инструменталдык продукциянын белоруссиялык жана россиялык өндүрүүчүлөрү менен жолугушту. "Азыр Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн станок куруу ишканаларын адистештирүү, биринчиден, ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү болгон себилдегичтерди өндүрүүнү жолго салуу, экинчиден, ички атаандаштыкты түзбөө үчүн өзгөчө маанилүү", — деп баса белгиледи Виталий Вовк сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө. Ал ошондой эле азыркы этапта евразиялык станоктордун жана себилдегичтердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Бирлик өлкөлөрүн буйрутмаларды камсыз кылуу жана даяр продукцияны сатууга кепилдиктерди берүү жагында олуттуу колдоо зарыл экенин белгиледи. Блоктун өкүлдөрү көргөзмөнүн катышуучуларына өнөр жай кооперациясын каржылоо механизми жөнүндө айтып берип, аларды мүчө мамлекеттердин ишканаларынын кооперациялык чынжырына кошулууга чакырышты.
02 июнундагы 2025
ЕАЭБ ширелерди өндүрүү үчүн тропикалык жемиштерден жасалган пюрелерге алып келүү бажы алымдарын убактылуу нөлгө түшүрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши банан, манго, киви, нектарин пюрелерине, ошондой эле шабдалы, өрүк жана алмуруттарга карата алып келүү бажы алымдарынын убактылуу нөлдүк коюмдарын белгилеген. "Бул жемиштерден алынган концентрацияланган пюре шире продукциясын, анын ичинде балдар тамак-ашын өндүрүү үчүн колдонулат. Бирок алардын көпчүлүгү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аймагында өспөйт же өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн жетишсиз санда өсөт. Буга байланыштуу бизнес импорттук өндүрүштүн чийки затын сатып алууда, аларга баалар акыркы жылдары кыйла өстү", – деп түшүндүрдү ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. Ошол эле учурда ал чаранын иштөө мөөнөтү ЕАЭБ мамлекеттеринде жеке багбанчылыкты өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаларды эске алуу менен эсептелгенин жана пюрелердин ар кандай түрлөрү үчүн бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөттү түзөрүн баса белгиледи. Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн баштап 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
02 июнундагы 2025
ЕЭК Кеңеши 2026-жылдын аягына чейин жеңил өнөр жай товарларынын айрым түрлөрүнө алып келүү бажы алымынын ченин жогорулатууну жактырды
ЕЭК Кеңеши 2026-жылдын аягына чейин жеңил өнөр жай товарларынын айрым түрлөрүнө алып келүү бажы алымынын ченин жогорулатууну жактырды Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши "пахта жиптеринен басылгандан башка төшөнчү шейшептерине" карата алып келүү бажы алымынын ченин 12%га чейин (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 6302 21 000 0), бирок 1 кг үчүн 0,44 евродон кем эмес 2026-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алды. "Кабыл алынган бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы төшөнчү шейшептерин өндүрүү үчүн жип бизге негизинен үчүнчү өлкөлөрдөн келе тургандыгын эске алуу менен атамекендик ишканаларды кошумча колдоого мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. Ошол эле учурда ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрү өз мүнөздөмөлөрү боюнча импорттук төшөнчү шейшептеринен кем калбаган продукцияларды чыгарышарын жана кеңири ассортиментти сунуштаарын баса белгиледи. Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн баштап 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
02 июнундагы 2025
Тамак-аш продукциясына карата техрегламентке стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөр күчүнө кирди
2-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы тарабынан 2024-жылдын декабрында кабыл алынган, Евразия экономикалык бирлигинин тамак-аш продукциясына карата техникалык регламентке стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Өзгөртүүлөргө ылайык, ыктыярдуу колдонуу стандарттарынын тизмеги 17 мамлекеттер аралык стандарт менен, ыкмаларга стандарттардын тизмеги – бир мамлекеттер аралык стандарт менен толукталды. 10 мамлекеттер аралык стандарттар актуалдаштырылган редакцияда баяндалган. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 14 улуттук стандарттары алынып салынды, анткени алардын негизинде тийиштүү мамлекеттер аралык стандарттар иштелип чыккан. Өзгөртүүлөр Комиссия тарабынан ЕЭК Кеңеши тарабынан бекитилген эл аралык жана регионалдык (мамлекеттер аралык) стандарттардын тизмелерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибинин 36-пунктунун "б" пунктчасын эске алуу менен Бирлик өлкөлөрүнүн стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын сунуштарынын негизинде даярдалган.
01 июнундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Никол Пашинянды мааракеси менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Никол Пашинянды 50 жылдык мааракеси менен куттуктады. "Сиз Евразия экономикалык бирлигинин мейкиндигинде конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келесиз", – деп айтылат куттуктоо катында. Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Никол Пашинянга чың ден соолук жана Армениянын жана анын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн андан аркы жетишкендиктерди каалады.
Дагы көрсөтүү