Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 120
14 декабрындагы 2016
ЕАӨБ конференциясында ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын сүйлөгөн сөзүнүн тезистери, “Ведомости” гезитинде жарыяланган: “Жетишсиз интеграцияны жеңип чыгуу”
Евразия мейкиндигинде экономикалык өсүш үчүн али колдонула элек зор потенциал бар эсептейм. Биздин өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө күчтүү өбөлгө бере ала турган негизги инструмент, бүгүнкү күндө түзүлгөн дал ушул улуттуктун үстүндөгү институт болушу мүмкүн деп ойлойм. Анткени биздин негизги миссиябыз - өлкөлөрдө топтолгон эң мыкты тажрыйбаларды жалпылай алышыбыз керек, жана ошондой эле эл аралык тажрыйбага, Европалык союздун тажрыйбасына таянуу менен, биздин өлкөлөрдө экономикалык өсүштү өбөлгөлөй ала турган бул жаңы улуттуктун үстүндөгү институттарды жайылтуу болуп саналат. Биздин Биримдик келишиминин негизинде жаткан аксиоматика төмөнкүдө турат: эгерде биз бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзсөк, тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетсек, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттарды түзсөк, мунун өзү экономикалык өсүш үчүн олуттуу потенциал жаратат.
14 декабрындагы 2016
ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министринин катчылыгынын жетекчиси, ю.и.д. Аскар Кишкембаевдин “Казакстанская правда” гезитинде жарыяланган автордук макаласы. “Советтен кийинки мейкиндикте көзкарандысыз Казакстандын интеграциялык демилгелери.
Казакстан Республикасынын башкы улуттук майрамы - Казакстандын Эгемендүүлүк күнүнө чейин саналуу күндөр калды. 1991-жылы ушул күнү өлкөнүн Жогорку Кеңеши тарабынан республиканын көзкарандысыздыгы жана мамлекеттик суверенитети жөнүндө мыйзам кабыл алынган.
06 декабрындагы 2016
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Адамкул Жунусовдун “Россия гезитине” ЕАЭБ жана ЖЖЭА айкалышуу тематикасы боюнча берген интервьюсу
Россия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) башка өлкөлөрү менен бирдикте транспорт жаатында Кытайдын тең каржылоосуна талаптанган 40 ашык биргелешкен долбоорлорду сунуштаган. Алар Кытайдын, Евразия биримдигинин жана ЕСтин ортосунда жана Евразиянын негизги транспорттук коридорлорун толуктаган жолдош каттамдар боюнча (Батыш Европа - Батыш Кытай, Түндүк - Түштүк, Чыгыш - Батыш жана Түндүк деңиз жолу) өтмө логистиканы жөнгө салышы керек.
18 ноябрындагы 2016
ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Министри Карине Минасянды Тасс МА берген интервьюсу: “ЕАЭБде инновациялардын тобокелдиги сыйланып турушу керек”
2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги иштеп баштады, ага бүгүнкү күнү беш мамлекет кирет: Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия. Эгер 20 жыл мурдагы евразия интеграциясынын кайра жандануу этабында биринчи кезекте кеп соода кызматташуусу туурасында жүрсө, барган сайын күн тартиби кеңейе берген. Биримдиктин алдындагы жаңы чакырыктар оргуган маалыматтык-технологиялык өнүгүүнү жаратты. Онлайн-сооданы ирээтке келтирүү, интернет тармагындагы мыйзамдардын үстүнөн биргелешип иштөө, электрондук өкмөттөрдүн өз ара аракет тутумдарын иштеп чыгуу, тобокелдик каржылоо базарын түзүү жана жалпы эле биргелешип инновацияны өнүктүрүү зарылдыгы пайда болду. Ошондуктан, ушул жылы ЕАЭБ тескөөчү органы Евразия экономикалык комиссиясында жаңы ишмердүүлүк багыты пайда болду. Анын негизги милдеттеринин бири - бирдиктүү санарип мейкиндигин куруу, сандык технологияларды өнүктүрүү. Бул тармакта жасалып жаткан иштер туурасында, ”Евразия жумалыгы” форумунун жыйынтыгы боюнча, жана интеграциялык кызматташуунун жаңы багытын түзүүнүн биринчи жылдыгынын босогосунда ТАССка берген интервьюсунда ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү Карине Минасян төмөнкүлөрдү айтып берди.
16 ноябрындагы 2016
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Адамкул Жунусовдун РусАрминфо МА берген интервьюсу: “Армения ЕАЭБтин жалпы электр энергетикалык рыногунун толук кандуу катышуучусу болуп калат”
Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министри) Адамкул Жунусов Евразия жумалыгы эл аралык форумунун алкагында “РУСАРМИНФО” суроолоруна жооп берди жана Евразия биримдигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү энергетикалык рыногуна Армениянын интеграциясынын деңгээлин баалады.
16 ноябрындагы 2016
ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министринин кеңешчиси Владимир Мальцевдин “Союзное вече” гезитине берген интервьюсу: “МАЗ жана КамАЗды жаңы деңгээлге чыгарабыз”
Москвада Беларустун Өнөр жай министрлигинин жана РФтин Өнөр жай жана соода министрлигинин Коллегиясынын биргелешкен отуруму болуп өтүп, анда станок куруу тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыктары жөнүндө “СВ” гезитине ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министринин кеңешчиси айтып берди.
16 ноябрындагы 2016
ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министринин кеңешчиси Владимир Мальцевдин БелТА МА берген интервьюсу: “Евразия бизнеси үчүн туруктуулук платформасы”
Евразия экономикалык биримдигинде мамлекеттер аралык кооперацияны өнүктүрүү үчүн жаңы инструмент пайда болду - евразия технологиялык платформалары.
16 ноябрындагы 2016
ЕЭК Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнаревдун “Россиялык газетага” берген интервьюсу “Товарларда “ЕАЭБте жасалган” маркировкасы пайда болот”
Евразия экономикалык биримдигинде өндүрүлгөн товарларда “ЕАЭБте жасалган” жазуусу пайда болот. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) “евразия товарынын” критерийлерин аныктоого киришти.
01 ноябрындагы 2016
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын “Ишкер Евразия” аналитикалык ресурсуна Евразия экономикалык биримдигин жана андагы Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө интервьюсу: “Евразия интеграциясы каатчылыкты жеңилдетип, тышкы таасирлерди нивелирледи”
ЕЭК Төрагасы: ЕАЭБ өлкөлөрүндө кубаттуу заманбап кластерлерди түзүү зарыл 2016-жылдын августунда кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуусунун биринчи жылдыгын белгиледи. Евразия үчүн жаңы альянс катышуучу өлкөлөрдүн экономикасын бириктирүүгө, региндун экономикалык потенциалын арттырууга багытталган. Биримдикти жана андагы Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө “Ишкер Евразия” Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Тигрян Саркисян менен маектешти.
24 октябрындагы 2016
ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Сулейменовдун БелТА МА берген интервьюсу: “Беларусь ЕАЭБтеги бардык интеграциялык процесстерде негизги ролду ойнойт”
Беларусь, Россия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин шарттарында жашап, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгону менен аларга каршы чогуу аракет көрүп келе жатканына эки жыл болду. Октябрдын аягында Минск Биримдиктин алкагында кезектеги ири жолугушууну кабыл алат - Беларусиянын ордо калаасында Евразия өкмөттөр аралык кеңеши өткөрүлөт. Бул маанилүү иш чаранын алдында БЕЛТА кабарчысы 2016-жыл ЕАЭБ үчүн кандай болду, параллелдик импорттун жана бажы алымдарынын ченин аныктоонун көйгөйлүү маселелери кантип чечилет жана бирдиктүү каржы рыногун түзүү боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын билүү максатында Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Тимур Сулейменов менен жолугушту.
Дагы көрсөтүү