Жаңылыктар

17 Apr 2024 ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мунай-газ машиналарын куруу ишканаларынын кызматташуусу Евразиялык мунай-газ форумунда талкууланды "Мунай-газ комплекси үчүн жабдуулар жана технологиялар" эл аралык көргөзмөсүнүн (Мунайгаз-2024) ишинин алкагында 16-апрелде Евразиялык мунайгаз форуму болуп өттү, анда Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаменти Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги менен биргеликте "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде мунай-газ машиналарын куруу тармагындагы ишканалардын кооперациялык кызматташуусу" тегерек столун өткөрдү. Тегерек столго спикерлер катары РФтин Соода-өнөр жай палатасынын, Мунай-газ технологиялык демилгелер институтунун, Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тармактык бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү катышышты. ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян Комиссиянын кооперациялык кызматташтыкты илгерилетүүгө багытталган инструменттери жөнүндө, анын ичинде ЕАЭБде өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоонун жаңы инструменти жөнүндө айтып берди. РФ Соода-өнөр жай палатасынын Вице-президенти Дмитрий Курочкин РФ Соода-өнөр жай палатасынын Бирликте өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө катышуусу жөнүндө билдирди, Армения Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлү Армениянын ишканаларынын мунай-газ машиналарын куруу тармагындагы өндүрүштүк жана технологиялык потенциалы жөнүндө маалымдады. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тармактык бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү тармактын учурдагы абалы жана анын муктаждыктары маселелерин козгошту. Тегерек столдун жыйынтыктары боюнча катышуучулар Комиссиянын инструменттерин колдонуу менен Бирликтин алкагында мунай-газ машиналарын куруу ишканаларынын кызматташтыгын активдештирүүнү макулдашышты. Маалымат "Мунай-газ" көргөзмөсүн РФ Энергетика министрлигинин, РФ Өнөр жай жана соода министрлигинин колдоосу менен, РФ Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу астында "Экспоцентр" АК уюштурат. Көргөзмө дүйнөдөгү он ири мунай-газ кароолорунун катарына кирет, ар кайсы өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнө жана жеткирүүчүлөрүнө соңку мунай- газ жана мунайды кайра иштетүүчү жабдууларды жана технологияларды адистерге көрсөтүүгө, ишкердик байланыштарды түзүүгө жана кеңейтүүгө, тармактын алдында турган маселелердин кеңири тизмегин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет. 2016-жылдан бери көргөзмө жыл сайын мунай- газ форуму менен бирге өткөрүлүп келет.
ЕАЭБ боюнча керектөө бааларынын индекси 2024-жылдын мартында 107,5%ды түздү 17 Apr 2024 ЕАЭБ боюнча керектөө бааларынын индекси 2024-жылдын мартында 107,5%ды түздү Евразия экономикалык бирлиги боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси 2024-жылдын март айында 2024-жылдын февралына салыштырмалуу 100,4%ды, 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу 102%ды түздү. 2023-жылдын мартына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалардын олуттуу өсүшү байкалган (8,7%). Бул мезгилдин ичинде азык-түлүк товарларына баалар 7,5%га, азык түлүк эмес товарларга — 6,7%га жогорулаган. Россияда азык-түлүк товарларына баалар ЕАЭБ боюнча деңгээлден жогору өскөн (8,1%га). Азык-түлүк эмес товарларга баалардын жогорку көрсөткүчү Кыргызстанда (9,6%га) жана Казакстанда (8,2%га), акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө — Казакстанда (13,2%га) жана Кыргызстанда (9,2%га) белгиленген. Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Керектөө бааларынын индекси жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
17 Apr 2024 Элдар Алишеров Дүйнөлүк бажы уюму менен кызматташуу боюнча жумушчу топтун отурумун өткөрдү 17-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеровдун төрагалыгы астында дүйнөлүк бажы уюму (ДБУ) менен өз ара аракеттенүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Отурумда 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 11.7.5-пунктунун аткарылышы талкууланды. Кеп Бирлик ДБУ мүчөсү статусун алууга багытталган биргелешкен иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу бөлүгүндө Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен ДБУнун мындан аркы кызматташтыгынын перспективалары, ошондой эле ЕАЭБдин ДБУнун негиз салуучу документтерине кошулуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу жөнүндө болду. "ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча блогу ДБУ менен жигердүү өз ара аракеттенет жана эл аралык стандарттардын негизинде бажы мыйзамдарын өркүндөтүү, бажылык башкаруунун натыйжалуу жана заманбап стандарттарын иштеп чыгуу, бажылык башкаруунун алдыңкы тажрыйбасын киргизүү сыяктуу багыттар боюнча кызматташууну улантат", – деп белгиледи Эльдар Алишеров. Министрдин пикири боюнча, мындай иш 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын жоболорун, ошондой эле бажы кызматташтыгын уюштуруу бөлүгүндө Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык ишмердүүлүгүнүн Негизги багыттарын эске алуу менен Бирликтин бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укугун модернизациялоонун алкагында актуалдуу. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 12 чечими менен кабыл алынган Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын 11.7.5-пунктунда Бирликтин ДБУнун мүчөсү статусун алуусуна багытталган иш-аракеттерди жүргүзүү, Бирликтин ДБУнун негиз болуучу документтерине кошулуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу сыяктуу маселелер каралган.
17 Apr 2024 Арзыбек Кожошев транспортту туруктуу өнүктүрүү боюнча тегерек столго катышты Евразия экономикалык бирлигинин транспорт саясатынын негизги багыттары жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 17-апрелде Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда (ММЭМИ) "Транспорттук дипломатия жана глобалдык мобилдүүлүктү камсыздоодо туруктуу өнүгүү" тегерек столунда айтып берди. "Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте интеграциянын перспективалары ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясында көрсөтүлгөн. Документтин негизги багыттарынын бири — жалпы транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзүү, — деди Арзыбек Кожошев. — Экономикалык прогресске жетишүү, туруктуу өнүгүүнү камсыздоо жана улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жалпы милдеттерди чечүүгө, анын ичинде транспорттук саясатты ишке ашыруу, Евразиянын транспорттук коридорлорун макулдашып өнүктүрүү жана Чоң Евразиянын жаңыланган транспорттук-инфраструктуралык каркасын түзүү аркылуу жетишүүгө болот". ЕЭК министри тегерек столдун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай иш-чаралар Комиссиянын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен биргеликте транспорт тармагын туруктуу өнүктүрүү боюнча ишине жаңы импульс берерин баса белгиледи. Тегерек стол БУУнун Башкы Ассамблеясынын эгидасы алдында 15-19-апрелде өткөрүлүп жаткан "Туруктуу өнүгүү жумалыгына" арналган. Иш-чарага ЕАЭБдин транспорттук-логистикалык секторунун, бизнес-коомчулугунун жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты.
17 Apr 2024 Гоар Барсегян Казакстан Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен ЕАЭБдеги өнөр жайды жана АӨК өнүктүрүүнү талкуулады 17-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын Казакстанга жумушчу сапарынын алкагында ЕЭК Кеңешинин мүчөсү, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Серик Жумангарин, Казакстан Республикасынын айыл чарба министри Айдарбек Сапаров, Казакстан Республикасынын соода жана интеграция боюнча вице-министри Жанель Кушукова жана Казакстан Республикасынын өнөр жай жана курулуш боюнча вице-министри Жаннат Дубирова менен жолугушуулар болуп өттү. Гоар Барсегян менен Серик Жумангариндин жолугушуусунун жүрүшүндө өнөр жайдын жана агроөнөр жай комплексинин негизги маселелери, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграциянын бир катар актуалдуу темалары талкууланды. Тараптар жогоруда аталган тармактарда кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашышты. Айдарбек Сапаров менен ЕЭК министринин жолугушуусунда макулдашылган агроөнөр жай саясатын ишке ашыруу жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Казакстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, АӨКтү санариптик өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жүгүртүү (ГИМ-үрөн бөлүгүндө) маселелери козголду. Гоар Барсегян жана Жанель Кушукова Бирликтин органдарынын алдыдагы отурумдарынын күн тартибинин актуалдуу маселелерин карашты. ЕЭК министри Жанель Кушуковага мүчө мамлекеттердин өнөр жайындагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорго каржылык көмөк көрсөтүү механизмин ишке ашыруунун учурдагы маселелери жөнүндө маалымдады. Жаннат Дубирова менен жолугушууда 2030-жылга чейин ЕАЭБ алкагында өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарын иштеп чыгуу талкууланды.
16 Apr 2024 ЕЭК Коллегиясы баалуу металлдардын айрым категорияларын ташып келүүнү жана ташып чыгууну либералдаштыруу жөнүндө чечим кабыл алды Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки зат товарларын ташып келүү/ташып чыгуу маселелерин жөнгө салууга өзгөртүүлөрдү киргизди. "Өзгөртүүлөр баалуу металлдардын айрым категорияларын ташып келүүнү жана ташып чыгууну либералдаштырууга, мамлекеттик контролдон өтүүнү жөнөкөйлөтүүгө, тышкы соода ишинин катышуучулары тарабынан мамлекеттик органдарга берилүүчү документтердин тизмесин оптималдаштырууга, ошондой эле бирдей товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын колдонууга багытталган", — деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. Анын сөзү боюнча, кеп атап айтканда, баалуу металлдардын үлүшү массасынын 2%нан ашпаган товарларды жөнгө салуудан чыгаруу жөнүндө болууда. Ошондой эле документтерди электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен мамлекеттик контролду ишке ашыруу үчүн документтердин көчүрмөлөрүн (экспортко лицензия, товарларга спецификация) түп нускалардын ордуна берүүгө уруксат берилет. Мындан тышкары, эгерде бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорун колдонуунун максаты товарларды оңдоо болуп саналса жана башка бир катар өзгөртүүлөр киргизилсе, товарларды ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө документтин болушу жөнүндө талаптар алынып салынат. Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
16 Apr 2024 ЕАЭБдин май-тоң май продукциясына карата техрегламентине шайкештиги милдеттүү түрдө бааланууга жаткан продукциялардын тизмеси актуалдаштырылды Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда Бажы бирлигинин "Май-тоң май продукциясына техникалык регламент" (ББ ТР 024/2011) техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги милдеттүү түрдө бааланууга жаткан Продукциялардын тизмесинин актуалдаштырылган редакциясы бекитилди. Аталган продукцияларды бажы жол-жоболоруна жайгаштырууда Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына Продукцияларды ташып кирүү тартибинин жоболорун эске алуу менен техникалык жөнгө салуу чараларынын сакталышы тастыкталат. Продукциялардын жаңыланган тизмесине шайкештигин баалоо жөнүндө документи — шайкештик жөнүндө декларация болуп саналган, тамак-аш май-тоң май продукциясынын 19 тобуна жана тамак-аш эмес май-тоң май продукциясынын эки тобуна карата ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердигинин Товардык номенклатурасынын онунчу белгисине чейин деталдаштырылган 86 коддорун камтыйт. Тизме тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына багытталган жана бажылык башкаруу үчүн колдонулат. Ошондой эле продукциянын тизмеги ББ ТР 024/2011 карата 2023-жылдын декабрында кабыл алынган № 2 өзгөртүүлөргө ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 1517 90 990 0 коду менен белгиленген "темперирленбеген аралаш типтеги какао майын алмаштыргычтар" сыяктуу май-тоң май продукциясынын түрү менен толукталган. Комиссиянын Коллегиясынын чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.
16 Apr 2024 Аскар Джаппаркулов РЭМ угуучуларына ЕАЭБде макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу жөнүндө айтып берди Евразия экономикалык бирлигинин иштөө принциптери, макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу, ошондой эле интеграциялык бирикменин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Аскар Джаппаркуловдун 15-апрелде Россия экономикалык мектебинин (РЭМ) угуучулары менен болуп өткөн жолугушуусунун негизги темалары болду. ЕАЭБ жөнүндө келишимди практикалык ишке ашыруу жөнүндө айтып жатып, Аскар Джаппаркулов "Комиссия тарабынан Бирлик мамлекеттеринин макроэкономикалык туруктуулугун камсыздоого жана экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу көрсөткүчтөрдүн сандык маанилерин сактоого багытталган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жагында олуттуу тажрыйба топтолгонун" белгиледи. Ал ыйгарым укуктуу органдар жана Комиссия тарабынан иштелип чыккан сунуштамалар жана биргелешкен чаралар бюджеттик жана карыздык туруктуулукту камсыз кылууга, инфляциялык процесстердин төмөндөшүнө өбөлгө түзгөнүн жана Бирликте экономикалык туруктуулукка оң таасирин тийгизгенин кошумчалап өттү. "Комиссия макроэкономика жаатында жаш жана келечектүү адистерди күтөт. Эл аралык уюмда иштөө макроэкономикада өзүнүн теориялык билимдерин колдонууга гана эмес, ошондой эле көп улуттуу жана ар кыл маданияттар айкалышкан чөйрөдө коммуникациянын уникалдуу тажрыйбасын алууга, ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин чечүү үчүн экономикалык дипломатиянын инструменттерин практикада колдонууга мүмкүндүк берет", — деп Аскар Джаппаркулов РЭМ студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн Комиссиядагы карьералык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып жатып баса белгиледи.
Дагы көрсөтүү