Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6153
09 июлундагы 2025
Комиссиянын ведомствого караштуу купуя маалыматты өткөрүп берүү жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕЭКте чектелген жайылтуу документтери менен иштөө тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Евразия экономикалык бирлигинин алкагында атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелерине да тиешелүү. Эми атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө арызда же ушуга байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөнүн материалдарында камтылышы мүмкүн болгон купуя маалымат Комиссиянын профилдик министринин чечими боюнча мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарына өткөрүлүп берилет. Буга чейин мындай чечим ЕЭК Коллегиясы тарабынан кабыл алынган жана бул дайыма эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн монополияга каршы органдарына ведомствого караштуулук боюнча материалдарды оперативдүү түрдө өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берген эмес. Бул Бирликтин атаандаштык укугун бузуу белгилерине жооп кайтаруу процессин жайлаткан. Купуя маалыматты коргоо тартиби Комиссия тарабынан атаандаштыктын жалпы эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жашыруун маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилик жөнүндө 2014-жылдагы макулдашуу менен камсыз кылынат. Материалдарды ведомствого караштуулугу боюнча өткөрүп берүү Атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун пункту менен каралган (ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 19 тиркеме).
08 июлундагы 2025
ЕАЭБде маркалоонун унификацияланган эрежелери кызыл жана кара икрага, велосипеддерге, майлоочу майларга, антисептиктерге карата колдонулат
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Россия Федерациясынын сунуштарын карап чыгып, товарлардын бир катар жаңы категорияларына карата санариптик маркалоонун жалпы эрежелерин белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды. Атап айтканда, кеп осетр жана лосось балыктарынын икрасы, велосипеддер жана велосипед алкактары, майлоочу майлардын айрым түрлөрү, майлоочу материалдар жана атайын автомобиль суюктуктары, микробго каршы таасири бар косметикалык продуктулар, ошондой эле дезинфекциялоочу каражаттар жөнүндө болууда. "Маркалануучу товарлардын санынын кеңейиши Бирликтин жалпы маркалоо тутумунун өнүгүшү жөнүндө күбөлөндүрөт, ал керектөөчүлөргө продукциянын аныктыгын текшерүүгө, ошондой эле мыйзамсыз жүгүртүүнү азайтуу аркылуу рыноктун ак ниет катышуучуларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Ал баса белгилеп өткөндөй, товарлардын жаңы топторун маркалоо мурдагыдай эле унификацияланган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, 2019-жылы ЕЭК Кеңешинин чечими менен бекитилген ЕАЭБде идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо тутумунун базалык технологиялык уюштуруу моделинин жоболору эске алынат. Ошентип, коддорду өз ара таануу камсыз кылынат, бул Бирликте товарларды жүгүртүү учурунда аларды кайра маркалоо зарылдыгын жокко чыгарат.
08 июлундагы 2025
ЕЭК Кеңешинин чечими никотин камтыган мыйзамсыз продукцияны жайылтууга бөгөт коюуга мүмкүндүк берет
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2022-жылдагы ташууларды көзөмөлдөө үчүн мындай пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө Макулдашууга ылайык, жүк ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбалар колдонула турган товарлардын кошумча категорияларын аныктоо жөнүндө чечим кабыл алды. Аталган Келишим күчүнө кирди. ЕАЭБ өлкөлөрү ташууларды көзөмөлдөөнү баштоо үчүн зарыл болгон иш-чараларды аяктоодо, андан кийин Комиссия тиешелүү чечим кабыл алат. Сунушталган жөнгө салуу экспорттук бажы жол-жобосуна ылайык автомобиль транспорту менен Бирликтин аймагынан ташылып чыккан, ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү товардык номенклатурасынын 2404, 2939 79 000 0, 2939 80 000 0 товардык позицияларда классификацияланган никотин камтыган продукцияга, никотин чийки затына тиешелүү болот. Бул товарларды көзөмөлдөө Келишимге ылайык, ташууларды көзөмөлдөөнүн биринчи этабынан башталат. ЕЭК Кеңешинин чечими ишкерлердин Комиссиянын эксперттик тобунун ишине түздөн-түз катышуусу менен алардын сунуштарынын негизинде даярдалган. Аны жүзөгө ашыруу ЕАЭБде никотин камтыган мыйзамсыз продукциянын таралышына бөгөт коюуга мүмкүндүк берет.
08 июлундагы 2025
Медициналык буюмдарды каттоо жана алардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун экспертизалоо эрежелери өзгөртүлдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 8-июлдагы отурумда Медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү бекитти. Атап айтканда, медициналык буюмдардын жаңы түрүн медициналык буюмдардын Глобалдык номенклатурасына жана Евразия экономикалык бирлигинин медициналык буюмдардын номенклатурасына киргизүү зарыл болгон учурда каттоо жол-жоболору такталды. Төмөн коркунуч класстардагы медициналык жабдууларды жана in vitro диагностикалык жабдууларды каттоо үчүн документтердин тизмеси такталды. Кабыл алынган түзөтүүлөр ЕАЭБ мыйзамдары менен белгиленген, медициналык жабдууларды каттоо жана экспертизадан өткөрүү тартибин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
08 июлундагы 2025
Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн энергиялык натыйжалуулугуна карата талаптар жөнүндө техрегламенттин күчүнө кириши жылдырылды
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Россиянын сунушу боюнча Евразия экономикалык бирлигинин "Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна карата талаптар жөнүндө" техникалык регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтүн 2028-жылдын 1-сентябрына жылдырды. Бул ЕАЭБ техрегламенттерин иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү планына ылайык даярдалып жаткан түзөтүүлөрдүн алкагында документтин бир катар талаптарын актуалдаштырууга жана экинчи деңгээлдеги техникалык регламентти ишке ашыруу үчүн зарыл болгон актыларды – энергия керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугунун стандарттарынын жана этикеткаларынын тизмегин иштеп чыгууну жана кабыл алууну аяктоого мүмкүндүк берет. ЕЭК Кеңешинин ушул эле чечими менен Комиссиянын Кеңешинин ар түрдүү энергия керектөөчү түзмөктөрдүн этикеткаларынын формаларын жана аларды жол-жоболоштуруу эрежелерин аныктаган чечиминин күчүнө кирүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-мартына жылдырылды. Ошондой эле техрегламенттин бир катар тиркемелеринде белгиленген айрым талаптардын күчүнө кирүү мөөнөтү үч жылга жылдырылды.
08 июлундагы 2025
ЕЭК Кеңешинин 2025-жылдын 8-июлдагы отурумунун жыйынтыктары
8-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Евразиялык интеграциянын, анын ичинде соода, бажы кызматташтыгы, техникалык жөнгө салуу, каржы саясаты, энергетика жана инфраструктура, санариптештирүү, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү 30дан ашык маселелер каралды. Атап айтканда, ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү үчүн товарлардын бир катар жаңы категорияларына, анын ичинде осетр жана лосось балыктарынын икрасына, велосипед рамкаларына, майлоочу майлардын айрым түрлөрүнө, майлоочу материалдарга жана атайын автомобилдик суюктуктарга, микробго каршы таасири бар косметикалык продукцияга, дезинфекциялоочу каражаттарга карата санариптик маркалоо эрежелерин белгиледи. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ташууларды көзөмөлдөө үчүн мындай пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө Макулдашууга ылайык, жүк ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбалар колдонула турган товарлардын кошумча категорияларын аныктоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул чечимди ишке ашыруу ЕАЭБде никотин камтыган мыйзамсыз продукциянын таралышын токтотууга жардам берет. ЕЭК Кеңеши медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Кабыл алынган түзөтүүлөр ЕАЭБ укугу менен белгиленген, медициналык буюмдарды каттоо жана экспертизалоо жол-жоболорун оптималдаштырууга багытталган. Мындан тышкары, ЕАЭБдин "Энергияны керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна карата талаптар жөнүндө" техникалык регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-сентябрына жылдырылды. Бул Бирликтин техрегламенттерин иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү планына ылайык даярдалып жаткан түзөтүүлөрдүн алкагында документтин бир катар талаптарын актуалдаштырууга жана экинчи деңгээлдеги техникалык регламентти ишке ашыруу үчүн зарыл болгон актыларды – энергия керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугунун стандарттарынын жана этикеткаларынын тизмегин иштеп чыгууну жана кабыл алууну аяктоого мүмкүндүк берет.
07 июлундагы 2025
ЕАЭБ жогорку технологиялуу медициналык түзмөктөрдү ташып кирүү жол-жобосун жөнөкөйлөтөт
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигине жогорку технологиялуу медициналык түзүлүштөрдү, анын ичинде заманбап магниттик-резонанстык томография тутумдарын алып келүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган чечим кабыл алды. Бул максатта ЕАЭБдин бажы аймагына алып келүүдө лицензия, корутунду (уруксат берүүчү документ) же бирдиктүү реестрден маалыматтарды берүү талап кылынбаган продукциянын радиожыштык тилкелеринин тизмеси кеңейтилген. "Тиешелүү тутумдар визуализациянын, орнотуунун жана иштөөнүн жогорку сапаты жагынан бир катар артыкчылыктарга ээ. Алардын техникалык мүнөздөмөлөрү электр магниттик тоскоолдуктардын пайда болушуна алып келбейт", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. Кабыл алынган чечим аталган товарларды ташып келүүдө уюмдардын каржылык жана убакыттык сарптоолорун азайтууга мүмкүндүк берет. Документ расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.
07 июлундагы 2025
ЕАЭБде асыл тукум мал чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу "Бүткүл россиялык талаа күнү – 2025" алкагында талкууланды
Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны сатуу боюнча инновациялык ыкмаларды киргизүү туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян Волгоград областында өткөн "Бүткүл россиялык талаа күнү – 2025" көргөзмөсүнүн алкагында "Генетика. Жөнөкөй сөздөр менен маанилүү жөнүндө" тегерек столунда айтып берди. "Азыркы этаптагы негизги багыт катары Бирлик өлкөлөрүнүн жана Комиссиянын селекциялык-асыл тукум ишине геномдук талдоонун негизинде айыл чарба жаныбарларынын асыл тукумдук баалуулугун божомолдоонун методологиясын кеңири жайылтуу боюнча биргелешкен иши болууга тийиш", – деп белгиледи Наира Карапетян. Көргөзмөнүн иш-чараларынын жүрүшүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү пландары, атамекендик селекциялык жетишкендиктерди сактоо үчүн заманбап мүмкүнчүлүктөр, сүт багытындагы бодо малдын генетикалык потенциалын жакшыртуу жолдору талкууланды. Тегерек столдун катышуучулары жаныбарлардын асыл тукумдук баалуулугун баалоо методикасын киргизүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат менен алмашышты, ошондой эле Бирликтин алкагында асыл тукум ресурстары рыногунун абалын жана өнүгүү келечегин карашты. Асыл тукум малдын асыл тукумдук баалуулугун баалоо үчүн алардын генотиптик жана фенотиптик белгилерин чогултууга жана эсепке алууга, өздүк атаандаштыкка жөндөмдүү асыл тукум продукциясын өндүрүүнү өстүрүүгө унификацияланган ыкмаларды колдонуу зарылдыгы белгиленди. Наира Карапетян мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча жалпы максаттарга жетүү үчүн макулдашылган иш-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Дагы көрсөтүү