Жаңылыктар

27 May 2024 ЕАЭБдин Монголия менен соода-экономикалык өз ара аракеттешүүсү өнүгүүдө Монголиянын Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү катары — Россия менен жана бүтүндөй ЕАЭБ менен диалогун өнүктүрүү маселеси Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Москвада өткөн "Россия-монгол кызматташтыгынын актуалдуу көйгөйлөрү" эл аралык илимий-практикалык конференциясында талкууланды. ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин эл аралык өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Ежов баса белгилегендей, 2015-жылдан тартып ЕЭК жана Монголиянын Өкмөтү өз ара кызыкчылык жараткан бардык негизги тармактык багыттар боюнча меморандум форматында жигердүү өз ара аракеттенишип келет, аларга Комиссиянын тиешелүү компетенциясы бар. ЕАЭБдеги жана Монголиядагы учурдагы экономикалык кырдаал өз ара товардык жеткирүүлөрдү диверсификациялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп белгиленген. Муну товардык тең салмаксыздыктарды жоюу үчүн колдонуу зарыл, мында келечекте Бирликтин, ага мүчө мамлекеттердин жана Монголиянын ортосунда преференциалдык соода макулдашуусун түзүү чечүүчү таасирин тийгизиши мүмкүн. ЕАЭБ рыногуна монголиялык продукциянын жеткилигин жөнөкөйлөтүү үчүн улуттук жөнгө салуунун айрым ченемдерин ЕАЭБ укугу менен шайкеш келтирүү белгилүү натыйжага ээ болушу мүмкүн. Монголия 2015-жылы тиешелүү Меморандумду түзүү жолу менен ЕЭК менен өз ара аракеттенүүнү формалдаштырган биринчи мамлекет болгон.  
23 May 2024 Валентин Татарицкий: "ЕЭК актылары ЕАЭБдин дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногунун иштеши үчүн туруктуу платформаны камсыз кылды" Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий 21-23-майда Москвада өткөн "Жөнгө салуу практикасы жана дары-дармек каражаттарын каттоо – РегЛек 2024" илимий-практикалык конференциясынын "ЕАЭБде дары каражаттарынын жалпы рыногун түзүү боюнча интеграциялык процесстер" стратегиялык сессиясында билдирди. Сессия 2025-жылдын 31-декабрында Бирликтин дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногунун ишин камсыздоо боюнча иштин жыйынтыгына жана өткөөл мезгилдин аякташынын алдында, Комиссиянын актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды талкуулоого арналды, ага ылайык, ЕАЭБ рыногунда жүгүртүлүүчү бардык дары-дармектер бирдиктүү евразиялык жөнгө салууга которулушу керек. Иш-чараны Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко саламдашуу сөзү менен ачты. Сессиянын ишине ЕАЭБ мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин орун басарлары жана фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү катышышты. Алар дары-дармектердин жалпы рыногундагы иш тажрыйбаларын сунушташты, аны өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө ой бөлүшүштү. Валентин Татарицкийдин айтымында, ушул жылдын март айына карата Бирликтин эрежелери боюнча дары-дармектерди каттоого 15 000ден ашык өтүнмө берилген, анын ичинен 6500дөн ашыгы — шайкеш келтирүү жол-жобосу боюнча. 5700гө жакын каттоо күбөлүгү жол-жоболоштурулган. Ишке ЕАЭБдин бардык мамлекеттери кошулду. Бул иштердин көпчүлүк бөлүгү Россиянын үлүшүнө туура келет, анткен менен үстүбүздөгү жылы Бирликтин башка өлкөлөрүнөн да дары-дармек препараттарын каттоого жана алардын каттоо досьелерин шайкеш келтирүүгө өтүнмөлөрдүн саны кыйла өстү. ЕЭК министри 2016-2024-жылдардагы каттоо эрежелеринин эволюциясынын негизги этаптарына токтолду. Атап айтканда, алар пандемиялык жана препандемиялык вакциналарды каттоо жөнүндө жоболор менен толукталды, аларды Бирликтин талаптарына ылайык келтиргенден кийин, калган дары-дармектердин сатуунун мөөнөттөрү аныкталды, бир катар жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлдү, анын ичинде дары-дармектерди каттоо досьелерине ылайык келтирүү жол-жоболору, өндүрүүчүнүн лабораториясында "дистанциялык" сыноолорду жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү. Ошондой эле каттоо жол-жоболорунун тизмеси алга илгерилөөчү жана жогорку натыйжалуу дары-дармек препараттарынын рынокко жөнөкөйлөтүлгөн жана тездетилген кирүү жол-жоболору менен толукталды. 2023-жылы Каттоо эрежелеринде жогорку технологиялуу дары-дармек препараттары боюнча бөлүмдөр жаңыртылган, 2024-жылдын 31-декабрына чейин каттоо учурунда же каттоодон кийинки мезгилде текшерүү жүргүзүү менен GMP сертификатысыз досье тапшыруу мүмкүнчүлүгү узартылган, мурда катталган препараттар үчүн каттоо досьесинде берилүүчү документтердин саны кыйла кыскарды. 2024-жылы каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосу жаңыртылган, ал эми жылдын аягына чейин дары-дармек препаратынын таңгагына салынган буюмдарга талаптар жана эксперттик отчеттун маалыматтарынын купуялуулугун аныктоо боюнча жоболор бөлүгүндө Дагы тактоолорду киргизүү пландаштырылууда. Валентин Татарицкий баса белгилегендей, ар бир дары-дармектин жашоо циклин түзгөн ЕАЭБдин GxP-практикалар тутуму жана ушул тажрыйбаларга шайкештикти тастыктоо үчүн текшерүү процедуралары бүгүнкү күндө абдан динамикалуу өнүгүп жатат. 2018-жылы беш негизги талаптагыдай практикага (GLP, GCP, GMP, GDP, GVP) кошумча, өсүмдүк тектүү чийки заттарды өстүрүү, жыйноо, кайра иштетүү жана сактоо боюнча талаптагыдай практика (GACP) кабыл алынган, ал эми 2024-жылдын апрелинде Фармацевтикалык инспекциялардын эрежелери фармакөзөмөл тутумдарын текшерүү тартиби менен толукталган. ЕЭК министри ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өзүнүн илимий жана практикалык потенциалы боюнча өзгөчө мааниге ээ фармакопеялык кызматташтыгынын эволюциясын белгиледи. 2024-жылдын июнь-июль айларында Комиссиянын Коллегиясынын отурумунда Бирликтин Фармакопеясынын биринчи томунун үчүнчү бөлүгүн кабыл алуу пландаштырылууда, ал радиофармацевтикалык дары препараттарынын жана биологиялык (биотехнологиялык) препараттардын сапатын талдоо маселелерине арналган. Конференциянын тематикалык секцияларында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрүнүн дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жана дары-дармек каражаттар менен камсыздоону өнүктүрүү, бул чөйрөдө контролдук-көзөмөлдүк ишмердүүлүк, мыйзамдарды ЕЭК актыларына жана Бирлик өлкөлөрүндө аларды колдонуу практикасына ылайык келтирүү боюнча баяндамалары сунушталды. ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин кызматкерлери баяндамаларында конференциянын катышуучуларына кабыл алынган жана пландаштырылып жаткан каттоо жол-жоболорун өзгөртүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү, GxP тутумун өнүктүрүү жана изилдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө маалымдашты. Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин "Медициналык колдонуу каражаттарын экспертизалоонун илимий борбору" ФМБМ фармацевтика тармагындагы негизги ар жылдык иш-чаралардын бири болуп саналат. ЕАЭБ фармрыногунун субъекттери аларга дары-дармектерди жүгүртүүнүн жана укук колдонуу практикасынын актуалдуу маселелерин карашат.  
23 May 2024 Комиссиянын өнөр жай блогунун өкүлдөрү "Металл иштетүү-2024" көргөзмөсүнө катышышты Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Николай Рогожник баштаган Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун өкүлдөрү металл иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулардын, приборлордун жана инструменттердин эл аралык адистештирилген "Металл иштетүү-2024" көргөзмөсүнө барышты, анын алкагында "Станок куруунун келечеги. Тренддер жана перспективалар" пленардык отурумуна, ошондой эле тематикалык тегерек столдорго катышышты. Иш-чаранын талааларында Николай Рогожник ЕАЭБде өнөр жай кооперациясына каржылык көмөк көрсөтүүнүн жаңы механизми, ошондой эле аны пайдалануунун шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. "Евразия экономикалык комиссиясы иштеп турган мезгилде биринчи жолу өнөр жай кооперациясы чөйрөсүндө колдоонун иштиктүү механизми ишке киргизилди, ал Бирлик өлкөлөрүнүн ишканаларына маанилүү стратегиялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Николай Рогожник. Комиссиянын делегациясы Гомель станоктор жана түйүндөр заводунун көргөзмө экспозициясы менен таанышты, анда 16ГС25ФЗ үлгүсүндөгү сандык программалык башкаруу менен жогорку технологиялуу токардык станок көрсөтүлдү. Станокту чогултуу Беларусь Республикасында жүргүзүлгөн, станокто локалдаштырылган россиялык компоненттердин үлүшү 61%ды, белоруссиялык компоненттердин үлүшү – 30%ды түзгөн. Николай Рогожниктин пикири боюнча, жогорку технологиялуу токардык станок Евразия экономикалык бирлигинин технологиялык эгемендүүлүгүнө жетүү жолунда Россия менен Беларустун тыгыз кызматташтыгынын мыкты натыйжасы болуп саналат.
23 May 2024 Монголия менен убактылуу соода келишимин түзүү өз ара сооданы өнүктүрүүгө түрткү болушу мүмкүн Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин директорунун орун басары Михаил Черекаев 21-майда Улан-Батор шаарында өткөн "Монголия менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн перспективалары" илимий конференциясынын жүрүшүндө билдирди. "Евразия экономикалык бирлиги Монголияны негизги стратегиялык жана артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири катары карайт. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү максатында азыркы учурда убактылуу соода келишимин түзүү боюнча жигердүүү иштер жүргүзүлүүдө", — деди Михаил Черекаев. "ЕАЭБ жана Монголиянын соода мамилелерин өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары жөнүндө" панелдик дискуссиянын алкагында белгиленгендей, өз ара аракеттенүүнүн пайдаланылбаган потенциалын ачууга багытталган диалог сөзсүз түрдө тереңдетилиши керек. Буга чейин билдирилгендей, 2017-2021-жылдары ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы сооданын көлөмү 34%га, 1,96 млрд долларга чейин өскөн. Монголия менен убактылуу соода макулдашуусун түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан 2024-жылдын 8-майында кабыл алынган.  
23 May 2024 Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жаңы жөнөкөйлөтүүлөрдү ала алышат Комиссиянын Евразия экономикалык бирлигиндеги ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институтунун (ЫЭО) артыкчылыктарын кеңейтүүгө багытталган чечимдеринин долбоорлору, 23-майда Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Сергей Владимировдун жетекчилиги астында ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча Консультативдик комитеттин алдындагы профилдик жумушчу топтун отурумунда талкууланды. "ЫЭО — бул төмөнкү тобокелдик категориясы, — деп белгиледи Сергей Владимиров. — Биз ЫЭОго койгон талаптар алар үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдүн толук спектрин колдонуу мүмкүнчүлүгү менен толук компенсацияланууга тийиш". Алардын бири болуп ЫЭОлордун бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларын өз аянтчаларында сактоо мүмкүнчүлүгүн берүү менен байланышкан чечим саналат, бул Бирлик мамлекеттеринин экономикасынын ар кандай чөйрөлөрүндө товарларды өткөрүү жана пайдалануу логистикасын олуттуу даражада жакшыртат. Дагы бир чечим ЫЭОлорго маркаланууга тийиш болгон акциздик товарларга карата операторлорго берилген жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууга, тактап айтканда, көп жылдар бою болгон алып коюуларды алып салууга мүмкүндүк берет. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институту – бул өнөктөштүк программанын эл аралык деңгээлде таанылган стандарты, ал эми ЫЭОлор – бажылык операцияларды жана бажы контролун жүргүзүүдө белгилүү бир талаптарга жооп берген жактар катары жеңилдиктер берилген, жактардын өзгөчө категориясы. ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ 2014-жылы түзүлгөн. Ал Бирликте ыйгарым укуктуу экономикалык оператор институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
22 May 2024 ЕАЭБ Монголия менен соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдеп жана кызматташтыкты кеңейтүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Монголиянын соода-экономикалык кызматташтыгын активдештирүү маселелери 21-майда Улан-Батордо "Монголия менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн перспективалары" илимий конференциясында талкууланды. Пленардык дискуссиянын жүрүшүндө интеграция жана макроэкономика боюнча министр Сергей Глазьев чыгып сүйлөдү. "Монголия үчүнчү өлкөлөрдүн ичинен 2015-жылы тиешелүү Меморандум түзүү менен, Евразия экономикалык комиссиясы менен байланыштарды формалдаштырууга чыккан биринчи мамлекет болуп калды, – деди Сергей Глазьев. – Келерки жылы ЕЭКтин жана Монголия Өкмөтүнүн тутумдук ишине старт берилгенине 10 жыл болот, анын максаты – Бирлик өлкөлөрү менен Монголиянын ортосунда ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле өз ара сооданын натыйжалуулугун жогорулатуу жана анын өнүгүшүнө тоскоол болгон тоскоолдуктарды четтетүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу". Ошондой эле ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, меморандумду ишке ашыруу ЕЭК менен Монголиянын мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосунда, биринчи кезекте техникалык жөнгө салуу жана СФС-чаралары чөйрөсүндө тармактык өз ара аракеттенүүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн жана Монголия, Бирлик жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ортосунда убактылуу соода макулдашуусун даярдоо боюнча ишти баштоо үчүн түрткү берген. ЕЭК министри жакынкы келечекке карата негизги милдеттердин катарында ЕАЭБ менен Монголиянын соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишти күчөтүүнү белгиледи. Ал төлөмдөрдү жүргүзүүдө улуттук валюталарга өтүүнүн, өздүк төлөм-эсептөө платформаларын пайдалануунун, кооперациялык байланыштарды жандандыруунун жана геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казып алуу, чийки заттарды кайра иштетүү, ошондой эле инфраструктуралык жана транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында биргелешкен ишканаларды түзүү жолу менен биргелешкен инвестицияларды өстүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. "Соодадагы тең салмаксыздык маселеси кооперациялык байланыштарды өстүрүү, Монголияда биргелешкен ишканаларды түзүү жана ЕАЭБден корпорациялардын инвестициялары менен компенсацияланышы мүмкүн", – деп жыйынтыктады Сергей Глазьев. Соода-экономикалык кызматташтыктын ушул жана башка маселелери жогоруда көрсөтүлгөн меморандумга ылайык түзүлгөн, ЕЭК менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун көңүл борборунда болмокчу. Жумушчу топтун ишине ЕЭКтин жана Монголиянын мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрү гана эмес, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин кызыкдар министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү да жигердүү катышууда. Иш-чара Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы тарабынан уюштурулган. Конференцияга ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин дипломатиялык корпусунун, ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Монголиянын мамлекеттик органдарынын, ишкер жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты.
22 May 2024 ЕАЭБ менен Монголиянын өнөр жай кызматташтыгынын келечеги эл аралык конференцияда талкууланды Евразия экономикалык саясатынын Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев Улан-Батордо өткөн "Монголиянын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечеги" эл аралык конференциясында сөз сүйлөдү. "Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Монголиянын өнөр жай жана агроөнөр жай секторлору жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү" панелдик сессиясынын алкагында Николай Кушнарев ЕАЭБ мамлекеттеринин Монголия менен, анын ичинде өнөр жай жана технологиялык кызматташтык чөйрөсүндө көптөн берки ишенимдүү мамилелерин жана тыгыз байланыштарын, ошондой эле Монголия менен ЕАЭБдин ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууну иштеп чыгуу аркылуу өз ара иштешүүнү тереңдетүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи. "Монголиянын негизги тоо-кен өнөр жайындагы өсүшү жабдууларга, механизмдерге жана камылга бөлүктөргө болгон суроо-талапты туруктуу кармап турат. Муну менен катар Монголиянын инфраструктуралык жана транспорттук долбоорлорду өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө карата багыты технологияларды жана компетенцияларды тартууга муктаждыкты, ошондой эле энергогенерациянын жаңы объекттерин куруу зарылдыгын түзөт. Мындай суроо-талап жана муктаждыктар Монголия менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөр жайда кооперациялык кызматташтыкты тереңдетүүгө жакшы өбөлгө болуп саналат жана өнүгүүнүн жана экономикалык өсүштүн дымактуу максаттарына жетүү үчүн негизги драйверлердин бири болуп калышы мүмкүн", – деп белгиледи Департаменттин директору. Николай Кушнарев конференциянын катышуучуларын кошумча наркы жогору татаал технологиялык продукцияны чыгарууну өздөштүрүүдө, анын ичинде улуттук "Экономиканы калыбына келтирүү саясатынын" алкагында Монголиянын өнөр жайын калыбына келтирүү программасына байланыштырууда кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана механизмдери жөнүндө маалымдады. Мындай механизмдердин катарында ал илимий-технологиялык жана инновациялык кооперацияда жана технологиялар трансферинде системалык инструмент болууга мүмкүнчүлүгү бар болгон евразиялык технологиялык платформаларды белгиледи. Евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн Монголия менен өз ара иштешүүсүн өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн дагы бир мүмкүн болгон вариант болуп ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөрдөгү өнөр жай аймактарынын механизми саналат.
20 May 2024 Валентин Татарицкий: "ЕАЭБде стандартташтыруу жана метрология чөйрөсүндө бирликтик интеграцияны күчөтүү зарылдыгы бышып жетилди" Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн стандартташтыруу жана метрология жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча федералдык агенттиктин (Росстандарт) жыйынтыктоочу Коллегиясынын отурумунда айтып берди. Росстандарттын Коллегиясына 200дөн ашык адам катышты, алардын катарында – Росстандарттын борбордук аппараты жана бардык ведомстволук уюмдары, Евразия экономикалык комиссиясынын, Россия Федерациясынын министрликтеринин жана профилдик мекемелеринин өкүлдөрү болушту. Валентин Татарицкий 29-майда ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл болорун эскертип, бул мезгилде техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө көп нерсеге жетишүүгө мүмкүн болгонун жана бул процессте Росстандарт жигердүү роль ойногонун белгиледи. ЕЭК министринин сөзү боюнча, жакынкы келечекте стандартташтыруу багыты боюнча Бирликтин алкагында стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо тартибин, ошондой эле күчүнө кирген регламенттердин илимий-техникалык деңгээлин милдеттүү түрдө мезгил-мезгили менен баалоону жүргүзүү тартибин жана аларга карата стандарттардын тизмесин ишке ашыруу милдети турат. Бул документтер талаптарды актуалдуу абалда сактоого, ошондой эле аларды макулдашып жана өз убагында даярдоого багытталган. Валентин Татарицкий ошондой эле бул жылы ЕАЭБде өлчөө каражаттарын колдонууга жол берүү механизмин иштеп чыгуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктарын талкуулоо пландаштырылып жатканын айтты. Пилоттук долбоордун алкагында аныкталган укуктук кенемтелерди жөнгө салуу үчүн Бирликтин актыларын оңдоо боюнча конкреттүү сунуштар түзүлөт. ЕЭК министри, аткарылган иштерге карабастан, учурдагы реалдуулукта стандартташтыруу жана метрология чөйрөсүндө бирликтик интеграцияны күчөтүү зарылдыгы бышып жетилгенин баса белгиледи. "Бул блокторду өнүктүрүү боюнча биргелешкен дымактарды Бирликтин алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына жүктөө дурус болмок", — деп белгиледи ал. Валентин Татарицкий өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, техникалык жөнгө салуу тармагын өнүктүрүүдө санариптештирүү маанилүү роль ойнойт. Анын айтымында, "келечектеги техникалык жөнгө салууга" карай биринчи кадам бирлик аянтчасында кыйла дымактуу долбоорду – "Бирликтин алкагында санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорун ишке ашыруу болуп саналат. "Бул долбоорду түздөн-түз ишке ашырып жаткан эксперттик команда, ал эми бул толук консорциум, бүгүнкү күндө түзүлүп жаткан бирдиктүү санариптик платформаны иштеп жаткан же жаңы гана түзүлүп жаткан бирликтик сервистер менен толтуруунун перспективаларын "түптөөдө", — деди Валентин Татарицкий. — Кийин мындай тутум бизге шайкештикти баалоо процессинин өзүн санариптештирүүгө жана уруксат берүүчү документтерди берүүгө, ошондой эле техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө ишин автоматташтырууга ырааттуу кадам таштоого мүмкүндүк берет". Болуп өткөн иш-чара ошондой эле Дүйнөлүк метрология күнүнө арналган, ал жыл сайын 20-майда метрологиялык кесиптик коомдоштук тарабынан белгиленет. Бул датаны 2024-жылы белгилөө "Биз бүгүн туруктуу келечек үчүн өлчөйбүз" деген ураан астында жүрүүдө. Евразия экономикалык комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын алкагында аталган ураанды жүзөгө ашырууга кошулат.
Дагы көрсөтүү