Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

темасындагы жаңылыктар «Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу»

30 майындагы 2025 Максим Ермолович: "Атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушуулары дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатын иштеп чыгууга жардам берет" Евразия экономикалык комиссиясы Египеттин атаандаштык мекемесинин колдоосу менен Каир шаарында атаандаштык боюнча региондук уюмдардын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусун өткөрдү. Ага ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович катышты. ЕЭКтин тармактык блогунун демилгеси менен салтка айланып калган мындай иш-чаралар эл аралык региондук уюмдарга актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү кызматташтык жүргүзүүгө, иш тажрыйбасын алмашууга жардам берет. Бешинчи жолугушуунун катышуучуларынын көңүл борборунда атаандаштыкты натыйжалуу жөнгө салуу практикалары болду. "Биз региондук кызматташтыктын артыкчылыктарын илгерилетебиз, региондор аралык диалогду бекемдеп жана жайылтып жатабыз, алдыңкы атаандаштык практикаларын ар бир региондун муктаждыктарына ыңгайлаштырып жатабыз, жаңы идеяларды жаратып жатабыз, булар акыркы натыйжасында дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатына алып келет", — деп эсептейт Максим Ермолович. ЕЭК атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушууларын өткөрүүнү уланта берет. Бешинчи жолугушууга Египеттин атаандаштык мекемесинин төрагасы, ЮНКТАДдын өкүлдөрү, Чыгыш жана Түштүк Африканын жалпы рыногунун, Чыгыш Африка коомдоштугунун, Батыш Африка экономикалык жана валюталык бирлигинин, Батыш африкалык мамлекеттердин экономикалык коомдоштугунун, Араб атаандаштык желесинин, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын, БРИКСтин жана Кариб коомдоштугунун өкүлдөрү катышты.
20 майындагы 2025 Максим Ермолович: "ЕЭК Бирликтин экономикасынын жаңы багыттарын монополияга каршы жөнгө салуу үчүн укуктук талааны түзүүдө" Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Петербург эл аралык юридикалык форумунда "Монополияга каршы жөнгө салууга 35 жыл: натыйжалар жана перспективалар" сессиясында сөз сүйлөдү. ЕЭК министри Комиссиянын жана улуттук монополияга каршы органдардын Евразия экономикалык бирлигинин укуктарын өркүндөтүү боюнча натыйжалуу иштерин белгиледи. Мындан тышкары, ЕЭК мүчө мамлекеттердин негизги эл аралык аянтчалардагы атаандаштык чөйрөсүндөгү позицияларын билдирет. "ЕЭК монополияга каршы жөнгө салуу, анын ичинде Бирликтин экономикасынын жаңы багыттары үчүн укуктук талааны түзүүдө, – деп билдирди Максим Ермолович. – Мисалы, азыр биздин кесиптештерибиз менен санариптик рынокторду изилдөөгө карата жалпы ык-амалдар маселеси боюнча иштеп жатабыз. Ошондой эле жасалма интеллекттин атаандаштыктын абалына жана аны монополияга каршы органдардын ишинде колдонуу мүмкүнчүлүгүнө тийгизген таасирин изилдөөгө киришебиз". Дискуссиянын катышуучулары монополияга каршы жөнгө салууну илимий-эксперттик коштоого карата мамилелерди талкуулашты жана ЕАЭБдин Атаандаштык укук жана монополияга каршы жөнгө салуу борборунун ишмердигинин актуалдуулугун баса белгилешти. Россиянын ФМК тарабынан уюштурулган сессия атаандаштык ведомстволорунун жана бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кытай менен Малайзиянын бизнес өкүлдөрүн, атаандаштык чөйрөсүндөгү эксперттерди бириктирди.
19 майындагы 2025 Максим Ермолович: "ЕЭК менен ЕАЭБ Сотунун өз ара иштешүүсү Бирликтин укугун так түшүнүүнү түзүүгө багытталган" Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Петербург эл аралык юридикалык форумунун "ЕАЭБ Сотуна 10 жыл: Бирликтин ички рыногун өнүктүрүү жана бизнестин кызыкчылыктарын коргоо" сессиясына катышты. Максим Ермолович, атап айтканда, Комиссияга улуттуктан жогорку монополияга каршы жөнгө салуучунун ыйгарым укуктары берилгенин белгиледи. "Буга байланыштуу ЕЭК ЕАЭБдин чек ара аралык жана улуттук рынокторунда бизнес жүргүзүүнүн шайкеш жана айкын шарттарын түзүү боюнча маанилүү милдетти чечет", – деп баса белгиледи ЕЭК министри. Ал Бирликтин атаандаштык чөйрөсүндө укугун өркүндөтүү жана укук колдонуу максатында укуктук позицияларды иштеп чыгуу үчүн ЕАЭБ Сотунун консультативдик корутундуларынын жана чечимдеринин жогорку ролун белгиледи. ЕАЭБ жөнүндө келишимдин атаандаштык чөйрөсүндө бөлүмүн колдонуу практикасы боюнча илимий-практикалык комментарий даярдоого өзгөчө көңүл бурулду, бул иш менен азыр Комиссиянын профилдик блогу алектенип жатат. Сессиянын ишине ЕАЭБ Сотунун судьялары, судьялык жана юридикалык коомдоштуктардын өкүлдөрү, Бирлик өлкөлөрүнүн ишкерлери катышышты.
28 апрелиндеги 2025 ЕЭК жана Египеттин атаандаштык ведомствосу Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермоловичтин Египетке 28-апрелде жасаган жумушчу сапарынын алкагында ЕЭК менен Египеттин атаандаштык ведомствосунун ортосунда атаандаштык чөйрөсүндө Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ бул чөйрөдө өнөктөштүктү бекемдөө максатында атаандаштык саясаты жана монополияга каршы жөнгө салуу жаатында биргелешкен ишке багытталган. Меморандум кызматташтыкты жүзөгө ашыруунун конкреттүү формаларын камтыйт, анын ичинде атаандаштыктын эрежелерин бузууларды иликтөө, товардык рынокторду изилдөө тажрыйбалары менен алмашуу, ЕЭК жана Египеттин атаандаштык ведомствосу өткөргөн биргелешкен иш-чараларга катышуу, биргелешкен жолугушууларды, консультацияларды, тематикалык семинарларды жана конференцияларды уюштуруу. Меморандумга кол коюу аземинде Максим Ермолович мындай деп белгиледи: "Биз буга чейин Египет менен практикалык диалогду түзгөнбүз, ал бүгүн расмий түрдө бекемделди. Комиссия жемиштүү өз ара аракеттенүүнү бекемдөө үчүн Меморандумда көрсөтүлгөн жоболорду натыйжалуу ишке ашырууга даярдыгын ырастагым келет. Мындай өнөктөштүк – биздин өлкөлөрдө адилеттүү атаандаштыкты камсыз кылуунун ачкычы болуп саналат".
Дагы көрсөтүү

Темасындагы чечимдер «Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу»

Ченемдик документтер

24 февралындагы 2021 "Бизнес ЕЭКтин күн тартибин аныкташы керек, биз - бизнести угушубуз керек" "Атаандаштык жана мыйзам" журналында жарыяланган №1, 2021-жыл Евразия экономикалык комиссиясынын монополияга каршы блогу былтыркы жылы атаандаштыкты коргоо жаатындагы негизги ньюсмейкерлердин бири болгон. Жөнгө салуучунун пландары да масштабдуу: атаандаштыкка каршы санарип тажрыйбаларга каршы күрөшүү, адистештирилген колдонмолорду иштеп чыгуу, үчүнчү өлкөлөрдүн компанияларына ЕЭКтин ыйгарым укуктарын кеңейтүү, улуттуктан жогору деңгээлде шайкештик тутумун жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн интерактивдүү форматын киргизүү. Блоктун 2020-жылдагы ишинин негизги жыйынтыктары кандай? Жана 2021-жылга максаттары кандай? ЕЭК Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Арман Абаевич Шаккалиев баяндайт. Монополияга каршы жөнгө салуу туурасында "цифралар" менен.​
24 февралындагы 2021 ЕАЭБ санарип рынокторду жөнгө салуунун жаңы ыкмаларын өздөштүрөт - ЕЭК министри Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБдеги ишкердик чөйрөнү тынымсыз өркүндөтүп турат жана анын багыттарынын бири монополияга каршы жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат. ЕЭКте 18-февралда Монополияга каршы форумдун жүрүшүндө сунушталгандай, Евразия бирлиги монополияга каршы комплаенске карата жаңы мамилелерге муктаж, анткени учурдагы эрежелер бирдиктүү стандарттарга келтирилген эмес. Маселе санариптик рынокторго да тиешелүү, алардын өнүгүшү пандемиянын жана ага байланыштуу чектөөлөрдүн таасири астында күч алган. ЕЭК атаандаштыкты коргоо боюнча учурда кандай чараларды колдонуп жаткандыгы жана кандай өзгөрүүлөрдү даярдап жаткандыгы туурасында, «Евразия.Экспертке» болгон маегинде Комиссиянын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Арман Шаккалиев айтып берди.​
0/0