Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Комиссиясы
ЕЭК Коллегиясы
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (Министр)
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (Министр)
Ермолович Максим Леонидович
Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти
Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаменти
Фотосүрөт
Видео
Күнбарак
Өмүр баян
темасындагы жаңылыктар «Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу»
09 июлундагы 2025
Максим Ермолович ЕЭКтин ишмердүүлүгүн БУУнун Атаандаштык боюнча конференциясында тааныштырды
Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы Женевада БУУнун Чектөөчү ишкердик тажрыйбаны контролдоо үчүн көп тараптуу негизде макулдашылган адилеттүү принциптердин жана эрежелердин топтомун кароо боюнча 9-конференциясынын ишине катышты. Максим Ермолович "Атаандаштык жана аймактык экономикалык уюмдар" сессиясында Комиссиянын ишмердүүлүгүн жана анын атаандаштык маселелери боюнча регионалдык интеграциялык бирикмелердин диалогу жөнүндө демилгесин тааныштырды. "Регионалдык уюмдардын жолугушууларынын алкагында биз регионалдык деңгээлде атаандаштыкты жөнгө салуунун актуалдуу маселелерин талкуулайбыз. Буга чейин өткөрүлгөн беш жолугушуунун жыйынтыгы мындай диалогдун керектүүлүгүн жана аны кеңейтүүнүн зарылдыгын көрсөтүп турат, — деп белгиледи Максим Ермолович. — Жыйынтыктар боюнча биз регионалдык деңгээлде атаандаштыкты жөнгө салууга сереп жасоону макулдаштык". ЕЭК министри диалогдун катышуучуларынын атынан Конференцияда бул чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгү, Комиссия тарабынан регионалдык уюмдардын жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүү, бул теманы эл аралык аянтчаларда биргелешип илгерилетүү зарылдыгы жөнүндө билдирди. Ошондой эле ал регионалдык деңгээлде атаандаштыкты жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан серептин алдын ала жыйынтыктарын тааныштырды. Конференциянын алкагында Комиссиянын делегациясы ЮНКТАДдын эл аралык соода жана сырьелук товарлар бөлүмүнүн жетекчиси Лус Мария де ла Мора менен жолугушуп, анын жүрүшүндө мындан аркы кызматташуунун перспективалары талкууланды. БУУнун Конференциясы атаандаштык маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара болуу менен беш жылда бир жолу өткөрүлөт. БУУнун мүчө мамлекеттеринин профилдик органдарынын жетекчилери, жогорку кызмат адамдары бул чөйрөдө укук колдонууну күчөтүүнү талкуулашат.
09 июлундагы 2025
ЕАЭБ өндүрүүчүлөрүнүн өнөр жай товарларынын мамлекеттик сатып алууларга жетүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2020-жылы ЕЭК Кеңеши тарабынан бекитилген мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар максаттары үчүн товарлардын айрым түрлөрүнүн келип чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизген. Атап айтканда, эрежелер түтүктөр, лазерлер, микродисплейлер, медициналык буюмдардын, оптикалык аспаптардын, темир жолдун кыймылдуу курамынын жана инфраструктурасынын компоненттеринин жаңы товардык аталыштары, химиялык өнөр жай товарлары үчүн өндүрүш шарттары менен толукталган. Белгилей кетсек, бул 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө киргизилген преференциялардын, чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын шарттарында мамлекеттик сатып алууларда улуттук режимди кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдүн экинчи топтому (май айында эрежелер мамлекеттик сатып алууларга катышууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн 51 товардык аталыш менен толукталган). Кабыл алынган актылар ЕАЭБ мамлекеттеринин өндүрүүчүлөрүнө өздөрү жана өз товарлары жөнүндө маалыматтарды өнөр жай товарларынын Евразиялык реестрине киргизүүгө жана мамлекеттик сатып алууларга тоскоолдуксуз катышууга мүмкүндүк берет. Эрежелер менен мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоого жана тастыктоого бирдиктүү мамиле киргизилген. Алар мамлекет тарабынан ата мекендик жеткирүүчүлөр үчүн жеңилдиктер белгиленген же чет өлкөлүк товарларга чектөө киргизилген учурларда мамлекеттик сатып алууларда улуттук режимди камсыз кылууга жардам берет. Өзгөртүүлөр ЕЭК Кеңешинин Чечими расмий түрдө жарыялангандан күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Комиссиянын сайтына "Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаменти" бөлүмүнүн "Көп берилүүчү суроолорго суроо-жооп" кошумча барагында товар жана аны өндүрүүчү жөнүндө маалыматтарды Өнөр жай товарларынын евразиялык реестрине киргизүүнүн тартиби, Комиссиянын мындай маалыматтарды киргизүүгө өтүнмөнү карап чыгуусунун алгоритми жөнүндө маалымдама маалымат жарыяланган.
09 июлундагы 2025
Комиссиянын ведомствого караштуу купуя маалыматты өткөрүп берүү жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕЭКте чектелген жайылтуу документтери менен иштөө тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Евразия экономикалык бирлигинин алкагында атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелерине да тиешелүү. Эми атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө арызда же ушуга байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөнүн материалдарында камтылышы мүмкүн болгон купуя маалымат Комиссиянын профилдик министринин чечими боюнча мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарына өткөрүлүп берилет. Буга чейин мындай чечим ЕЭК Коллегиясы тарабынан кабыл алынган жана бул дайыма эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн монополияга каршы органдарына ведомствого караштуулук боюнча материалдарды оперативдүү түрдө өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берген эмес. Бул Бирликтин атаандаштык укугун бузуу белгилерине жооп кайтаруу процессин жайлаткан. Купуя маалыматты коргоо тартиби Комиссия тарабынан атаандаштыктын жалпы эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жашыруун маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилик жөнүндө 2014-жылдагы макулдашуу менен камсыз кылынат. Материалдарды ведомствого караштуулугу боюнча өткөрүп берүү Атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун пункту менен каралган (ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 19 тиркеме).
03 июлундагы 2025
ЕЭК жана АСЕАН атаандаштык чөйрөсүндө тажрыйба алмашышты
Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык боюнча блогунун жана АСЕАНдын өкүлдөрү 3-июлда "ЕАЭБде жана АСЕАНда атаандаштык саясаты жана укук колдонуу" онлайн форматындагы семинарда атаандаштык чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы менен алмашышты. Иш-чарага ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович катышты. Ал белгилегендей, Комиссиянын катчылык жана АСЕАНдын атаандаштык боюнча эксперттик тобу менен кызматташуусу ырааттуу мүнөзгө ээ жана эки тарап үчүн тең пайдалуу. "Биз АСЕАНдын тажрыйбасына кызыкдарбыз. АСЕАНдын катышуучу-өлкөлөрүнүн бизнес жана уюмдары тарабынан атаандаштыкты кабыл алуусунун өлкөлүк индекстерин эсептөө менен айырмаланган атаандаштык саясатын баалоо тутумуна көңүл буруу абзел. Ошондой эле, Биригүү жана жутуулардын кесепеттерин баалоонун бирдиктүү порталы кызыгууну туудурат", – деп баса белгиледи Максим Ермолович. Атаандаштык саясаты, атаандаштыкты адвокаттоо жана эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө семинардын модератору, ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Армине Акопян семинардын катышуучуларына маалымдады. Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоону контролдоо чөйрөсүндөгү тажрыйбасы жөнүндө ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Сергей Максимов айтып берди. Өз кезегинде АСЕАНдын атаандаштык боюнча эксперттик тобунун төрайымы, Камбоджанын Атаандаштык боюнча комиссиянын көз карандысыз комиссары Ли Сопоровичны семинардын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылды. Иш-чарага АСЕАНдын улуттук атаандаштык органдарынын жана ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун өкүлдөрү катышышты.
Дагы көрсөтүү
Иш-аракеттер
Чечимдер
Ченемдик документтер
Иш-аракеттер
Статистика
Пайдалуу шилтемелер
Кызматташуу тууралуу меморандумдар
Пайдалуу маалымат
Темасындагы чечимдер «Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу»
9
25.05.2021
Рекомендация Коллегии ЕЭК № 9 Об обзоре «Конкурентное (антимонопольное) регулирование на цифровых рынках»
28
05.03.2021
Решение Совета ЕЭК № 28 Об утверждении Порядка вынесения предостережения о недопустимости совершения действий, которые могут привести к нарушению общих правил конкуренции на трансграничных рынках государств – членов Евразийского экономического союза
83
30.06.2020
Распоряжение Коллегии ЕЭК № 83 О внесении изменений в состав Консультативного комитета по конкурентной политике, антимонопольному регулированию и государственному ценовому регулированию
75
23.06.2020
Распоряжение Коллегии ЕЭК № 75 О составе Консультативного комитета по государственным (муниципальным) закупкам
168
08.10.2019
Решение Коллегии ЕЭК № 168 О Консультативном комитете по государственным (муниципальным) закупкам
Ченемдик документтер
Маалымат жок
багыты боюнча материалдар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Фотосүрөт
Видео
24 февралындагы 2021
"Бизнес ЕЭКтин күн тартибин аныкташы керек, биз - бизнести угушубуз керек"
"Атаандаштык жана мыйзам" журналында жарыяланган №1, 2021-жыл Евразия экономикалык комиссиясынын монополияга каршы блогу былтыркы жылы атаандаштыкты коргоо жаатындагы негизги ньюсмейкерлердин бири болгон. Жөнгө салуучунун пландары да масштабдуу: атаандаштыкка каршы санарип тажрыйбаларга каршы күрөшүү, адистештирилген колдонмолорду иштеп чыгуу, үчүнчү өлкөлөрдүн компанияларына ЕЭКтин ыйгарым укуктарын кеңейтүү, улуттуктан жогору деңгээлде шайкештик тутумун жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн интерактивдүү форматын киргизүү. Блоктун 2020-жылдагы ишинин негизги жыйынтыктары кандай? Жана 2021-жылга максаттары кандай? ЕЭК Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Арман Абаевич Шаккалиев баяндайт. Монополияга каршы жөнгө салуу туурасында "цифралар" менен.
24 февралындагы 2021
ЕАЭБ санарип рынокторду жөнгө салуунун жаңы ыкмаларын өздөштүрөт - ЕЭК министри
Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБдеги ишкердик чөйрөнү тынымсыз өркүндөтүп турат жана анын багыттарынын бири монополияга каршы жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат. ЕЭКте 18-февралда Монополияга каршы форумдун жүрүшүндө сунушталгандай, Евразия бирлиги монополияга каршы комплаенске карата жаңы мамилелерге муктаж, анткени учурдагы эрежелер бирдиктүү стандарттарга келтирилген эмес. Маселе санариптик рынокторго да тиешелүү, алардын өнүгүшү пандемиянын жана ага байланыштуу чектөөлөрдүн таасири астында күч алган. ЕЭК атаандаштыкты коргоо боюнча учурда кандай чараларды колдонуп жаткандыгы жана кандай өзгөрүүлөрдү даярдап жаткандыгы туурасында, «Евразия.Экспертке» болгон маегинде Комиссиянын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Арман Шаккалиев айтып берди.
03 февралындагы 2021
ЕЭКтин атаандаштык боюнча министри Арман Шаккалиев менен маектешүү
Башкы - 2025-жылга чейин Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аймагында эл аралык роуминг жокко чыгарылат. Россиянын жарандары Казакстан, Армения жана бирликтин башка өлкөлөрүндө үй тарифин колдоно алышат.
14 декабрындагы 2016
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валерий Корешковдун Евразия экономикалык биримдигинде дары каражаттарынын жалпы рыногун түзүү темасы боюнча БелТА маалымат агенттигине берген интервьюсу
Дары каражаттары - Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү жалпы рыноктун иши башталышы боюнча иштерге бекем киришкен спецификалык товарлардын тобунун биринчиси. Бул тажрыйбаны колдонуу менен ЕАЭБте башка бирдиктүү рыноктор да түзүлө баштайт - каржы, энергетика, мунай-газ жалпы рыноктору ж.б. Дагы кандай баскычтарда өтүү керектиги жана жалпы дарылар рыногу кандай иштей турганы туурасында БелТА кабарчысына Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков айтып берди.
0
/
0
01 апрелиндеги 2019
Бирге пайдалуу. Армения - МИР 24
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө