Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6138
18 сентябрындагы 2018
ЕЭК Бирлик өлкөлөрүнө май чыга турган өсүмдүктөрдү өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чараларды сунуштады
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 18-сентябрдагы отурумунда ички рыноктун жана агроөнөр жай комплексинин иштөө жаатындагы маселе каралды. Атап айтканда, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө май чыга турган өсүмдүктөрдү жана суюк май-тоң май азыктарын өндүрүү жаатында өз ара аракеттенүү боюнча сунуштамалар берилип, дагы бир соода кедергисин четтетүү боюнча чечим кабыл алынды.
17 сентябрындагы 2018
ЕЭК Кеңеши газдын коопсуздугу жөнүндө Бирликтин техрегламентин кабыл алды жана тамак-аш азыктарын маркалоого карата талаптарды тактады
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 14-сентябрындагы отурумунда соода, экономиканы санариптештирүү, өнөр жай, каржы саясаты жана техникалык жөнгө салуу жааттарында чечимдер кабыл ылынды.
17 сентябрындагы 2018
Ичинен күймө кыймылдаткычтарына алым 0% деңгээлинде сакталып калды
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин мүчөлөрү ичинен күймө кыймылдаткычтардын айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк коюмунун мөөнөтүн узартышып, үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдөгү чектөө чараларын четтетүү маселелери боюнча Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен ЕЭКтин ортосундагы Өз ара аракеттенүү тартибин жактырышып, «өнөр жайлык чогултуу үчүн» алып келүү бажы алымдарынын коюмдарын Россия Федерациясынын БСУдагы милдеттенмелерине ылайык келтирүүнү макулдашты, Кытай жана Иран менен макулдашууларды ишке ашыруу боюнча «жол карталарын» бекитишти жана аң-тери буюмдарын маркалоо боюнча долбоордун ишке ашырылышынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кыла турган чечимди кабыл алышты.
13 сентябрындагы 2018
Евразия экономикалык бирлигинин тажрыйбасы ББУнун эң маанилүү документтеринде орун алды
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) иштелмелери жана Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму (ББУ) тарабынан жарыяланган ага кирген айрым документтер биринчи жолу Коопсуздуктун алкактык стандарттарынын жана эл аралык соода-сатыкты жөнөкөйлөтүүнүн жаңы редакциясына киргизилди. Алкактык стандарттар – бул бажы иши жаатындагы маанилүү эл аралык, дүйнөлүк бажы администрациялары үчүн жалпы таанылган багыттагы документ.
13 сентябрындагы 2018
ЕЭКте техникалык жөнгө салуу боюнча министр жана өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министр дайындалды
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин башчыларынын чечими менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын жаңы мүчөлөрү дайындалды: Виктор Владимирович Назаренко – ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри, Александр Михайлович Субботин – ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри болду.
12 сентябрындагы 2018
Тигран Саркисян: «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын терең интеграциясы протекционизмге карата дүйнөлүк трендди эске алуу менен мыктыланууга тийиш»
Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) терең интеграциялоо жолунда бара жатат, жана интеграциянын бул модели аларда протекционизмди күчөтүү элементтери байкалган дүйнөлүк тренддерди эске алуу менен мыктыланууга тийиш. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 12-сентябрда Владивостокто Чыгыш экономикалык форумунун алкагында өткөн «АТРдын заманбап интеграциялык күн тартиби: ачыктык же протекционизм. ЕАЭБ үчүн сабактар» аттуу дискуссиянын жүрүшүндө билдирди.
11 сентябрындагы 2018
Ыраакы Чыгыш инфраструктурасынын өнүгүшү ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн чоң мааниге ээ
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) натыйжалуу иштеши транспортту, инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүүсүз мүмкүн эмес. Муну IV Чыгыш экономикалык форумунун «Россия – Япония өнөктөштүгү»: евразиялык транзиттик потенциалды ишке ашыруу» деп аталган сессияда чыгып сүйлөп жатып, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев баса белгилеп өттү.
11 сентябрындагы 2018
ЕАЭБ менен КЭРдин соода-экономикалык кызматташтыгы тууралуу макулдашуу 2019-жылдын башында иштеп баштоого тийиш
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рынокторун либералдаштыруунун зарылдыгы, Жибек жолунун Экономикалык алкагын түзүү контекстинде ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн приоритеттүү долбоорлор жана Кытай Эл Республикасы менен соода-экономикалык кызматташуу тууралуу макулдашуунун перспективалары жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина 11-сентябрда Владивостокто Чыгыш экономикалык форумунун алкагында айтып өттү
Дагы көрсөтүү