Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Комиссиясы
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 5845
30 майындагы 2025
ЕЭКте ЕАЭБдеги бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери талкууланды
30-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин бажылык кызматташтык боюнча министри Руслан Давыдовдун төрагалыгы менен бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отуруму болду. Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине киргизилүүчү ЕАЭБдин бажылык чек арасы аркылуу контейнерлерди жөнөкөйлөштүрүп өткөрүүгө тиешелүү түзөтүүлөр талкууланды. Бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле балык кармоо жана балык продукциясы тууралуу маалымат алмашуу маселелери каралды. Жумушчу топтун катышуучулары өтө сезимтал маселелер боюнча талкууну улантууну макулдашышты. Жумушчу топтун кийинки отурумун ушул жылдын май айында көздөй форматта өткөрүү мерчемделди.
30 майындагы 2025
Максим Ермолович: "Атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушуулары дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатын иштеп чыгууга жардам берет"
Евразия экономикалык комиссиясы Египеттин атаандаштык мекемесинин колдоосу менен Каир шаарында атаандаштык боюнча региондук уюмдардын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусун өткөрдү. Ага ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович катышты. ЕЭКтин тармактык блогунун демилгеси менен салтка айланып калган мындай иш-чаралар эл аралык региондук уюмдарга актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү кызматташтык жүргүзүүгө, иш тажрыйбасын алмашууга жардам берет. Бешинчи жолугушуунун катышуучуларынын көңүл борборунда атаандаштыкты натыйжалуу жөнгө салуу практикалары болду. "Биз региондук кызматташтыктын артыкчылыктарын илгерилетебиз, региондор аралык диалогду бекемдеп жана жайылтып жатабыз, алдыңкы атаандаштык практикаларын ар бир региондун муктаждыктарына ыңгайлаштырып жатабыз, жаңы идеяларды жаратып жатабыз, булар акыркы натыйжасында дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатына алып келет", — деп эсептейт Максим Ермолович. ЕЭК атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушууларын өткөрүүнү уланта берет. Бешинчи жолугушууга Египеттин атаандаштык мекемесинин төрагасы, ЮНКТАДдын өкүлдөрү, Чыгыш жана Түштүк Африканын жалпы рыногунун, Чыгыш Африка коомдоштугунун, Батыш Африка экономикалык жана валюталык бирлигинин, Батыш африкалык мамлекеттердин экономикалык коомдоштугунун, Араб атаандаштык желесинин, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын, БРИКСтин жана Кариб коомдоштугунун өкүлдөрү катышты.
14 майындагы 2025
Андрей Слепнев: "ЕАЭБ менен Монголия убактылуу соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктап, ага кол коюу жол-жоболорун башташты"
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлиги менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода келишиминин долбоорун жактырды жана аны мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү үчүн мүчө мамлекеттерге жөнөттү. "Монголиялык тарап менен жүргүзүлгөн кошумча консультациялардын жыйынтыгы боюнча өнөктөш менен убактылуу соода келишимине кол коюу үчүн зарыл болгон жол-жоболор башталды. Документ ар бир тараптан 367 товардык субпозицияны камтыйт", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Ал макулдашууга кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин ЕАЭБ өлкөлөрү Монголиянын рыногуна дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү), эт продукциясы (чочко эти, тоок), сүт продукциясы (кургак сүт, йогурттар, сыр, май), бал, өсүмдүк майлары (күн карама, жана соя), кант, металлургиялык продукция (ферроэритмелер, прокат МК, прокат ХК, таяктар, бурчтар, түтүктөр ж. б.), мотордук транспорт каражаттары (автомобилдер, автобустар, жүк ташуучу унаалар, атайын техника, автокомпоненттер, чиркегичтер ж. б.), химиялык өнөр жай продукциясы (полимерлер, пластик плиталар жана тетиктер), шиналар ж. б. сыяктуу принципиалдуу позициялар боюнча преференциялык жеткиликтүүлүккө ээ болорун тактады. "Ошондой эле биздин рынокто монгол товарларын, анын ичинде алардын экспорттук кызыкчылыктагы негизги товарларын: эт-сүт продукциясын (жылкынын эти, бодо малдын эти, кой эти, эт консервалары, субпродуктулар, йогурттар, сыр ж.б.), жеңил өнөр жай продукциясын (атап айтканда жүн, жиптер, ошондой эле даяр трикотаж жана текстиль кийимдери) тосуп алууга кубанычтабыз", – деп баса белгиледи ЕЭК министри. Андрей Слепнев убактылуу соода келишимин түзүү өз ара сооданын андан ары өсүшү үчүн пайдалуу шарттарды түзөт жана жалпысынан ЕАЭБ мамлекеттеринин Монголия менен салттуу достук мамилелерин бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
13 майындагы 2025
ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий наамдарды өз ара таанууга даярдыктар көрүлүүдө
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы илимий наамдар жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттерине мамлекеттик ички макулдашууну жүргүзүү үчүн жөнөттү. Макулдашууда Бирликтин мамлекеттеринде ыйгарылган илимий наамдар жөнүндө документтерди алардын ээлеринин ЕАЭБдин башка мамлекеттеринде кесиптик илимий ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында түздөн-түз таануу каралган. "Макулдашуу илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга жардам берип, ЕАЭБ өлкөлөрүндө окумуштуулардын ишке орношуусу үчүн кошумча өбөлгөлөрдү түзөт. Бул инструмент таланттуу адистерди тартууга мүмкүндүк берет жана биздин мамлекеттерде инновациялардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенем", – деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов. Эске салсак, 2024-жылдын май айында ЕАЭБ мамлекеттеринде окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.
13 майындагы 2025
ЕЭК чочконун эти, бодо малдын эти, сүт жана сүт азыктары рыногун өнүктүрүү боюнча сунуштарды кабыл алды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы макулдашылган агроөнөр жай саясатын жүзөгө ашыруунун алкагында акыркы төрт жыл ичинде Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн агро-азык-түлүк секторунун бул сегменттеринин аналитикалык баяндамаларынын негизинде даярдалган чочконун эти, бодо малдын эти, сүт жана сүт азыктары рыногун өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды кабыл алды. Кабыл алынган документтерди ишке ашыруу селекциялык-асыл тукум иштеринин материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө, чочколордун, эт жана сүт багытындагы уйлардын өндүрүмдүүлүгүн эсепке алууга, селекциянын заманбап технологияларын, анын ичинде геномдук технологияларды киргизүүгө жардам берет. Сунуштамалар атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жана экспорттук потенциалдын өсүшү үчүн илимий-техникалык жана инновациялык потенциалды пайдалануу максатында Бирликтин рыногунун катышуучуларынын кооперациясына көмөк көрсөтөт. "Сунушталган чаралардын комплекстерин ишке ашыруу өндүрүштү түзүмдүк жана технологиялык модернизациялоого мүмкүндүк берет, тармактардын натыйжалуулугун жана ички, ошондой эле тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатат, ЕАЭБ мамлекеттеринин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт", — деп белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян.
12 майындагы 2025
ЕАЭБде e-CMR электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүүгө киришишти
12-майда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында e-CMR электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. Отурумдун катышуучулары пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча бир катар уюштуруу маселелерин талкуулашты, пилоттук долбоорду өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби аныкталды. Долбоорду ишке киргизүү үчүн мүчө мамлекеттердин алдында e-CMR электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагазынын бирдиктүү форматын аныктоо, чек ара аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүдө e-CMR электрондук маалыматтарынын юридикалык маанилүүлүгүн таануу маселесин чечүү жана электрондук документ жүгүртүү операторлорунун жана ишенимдүү үчүнчү тараптын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин аныктоо тапшырмасы турат. "Эл аралык автомобилдик ташууларда юридикалык жактан маанилүү электрондук документ жүгүртүүгө өтүү ылдамдыгы гана эмес, ошондой эле көзөмөлдөө механизмин киргизүү жана санариптик транспорттук коридорлордун экотутумун түзүү сыяктуу бир катар интеграциялык багыттарды толук кандуу ишке ашыруунун ийгиликтүүлүгү да сиздер менен биздин иштин жыйынтыгынан көз каранды", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Отурумга мүчө мамлекеттердин транспорт, санариптештирүү, салык жана бажылык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын, тармактык бирикмелердин, илимий уюмдардын, бизнес-коомдоштуктардын өкүлдөрү, ошондой эле ишенимдүү үчүнчү тараптын операторлорунун жана электрондук документ жүгүртүүнүн өкүлдөрү катышышты. Жумушчу топтун кезектеги отурумун 2025-жылдын сентябрында өткөрүү пландаштырылууда. Пилоттук долбоордун негизги максаты — санариптик кол тамга жана "ишеним көрсөтүлгөн үчүнчү тарап" механизмдерин колдонуу менен ар кайсы мамлекеттердин субъекттеринин ортосунда юридикалык жактан маанилүү электрондук документтерди чек ара аралык алмашуунун технологиясын практикалык иштеп чыгууну камсыз кылуу. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу транспорттук документтерди алуу жана текшерүү процесстерин тездетүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана контролдоо-көзөмөлдөө жол-жоболорун ишке ашырууда чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөт.
09 майындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Жеңиш Күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. "Бүгүн, 9-майда биз фронтто жана тылда катар туруп согушкан биздин элдердин унутулгус эрдигине таазим кылабыз, — деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. — Биздин жалпы милдетибиз — алардын баатырдык эмгеги жөнүндө эскерүүлөрдү сактап калуу жана келечек муундарга өткөрүп берүү. Жеңиштин руханий, адеп-ахлактык мааниси түбөлүккө улуу бойдон калат". ЕЭК Коллегиясынын башчысы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттерине жана премьер-министрлерине куттуктоо каттарын жөнөттү. Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев бардыгына бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
09 майындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Жеңиш парадына катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 9-майда Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналып, Кызыл аянтта өткөн парадга катышты. Параддын аягында Белгисиз Жоокердин Мүрзөсүнө салттуу түрдө гүл коюу болду.
Дагы көрсөтүү