Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6150
08 июлундагы 2025
Медициналык буюмдарды каттоо жана алардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун экспертизалоо эрежелери өзгөртүлдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 8-июлдагы отурумда Медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү бекитти. Атап айтканда, медициналык буюмдардын жаңы түрүн медициналык буюмдардын Глобалдык номенклатурасына жана Евразия экономикалык бирлигинин медициналык буюмдардын номенклатурасына киргизүү зарыл болгон учурда каттоо жол-жоболору такталды. Төмөн коркунуч класстардагы медициналык жабдууларды жана in vitro диагностикалык жабдууларды каттоо үчүн документтердин тизмеси такталды. Кабыл алынган түзөтүүлөр ЕАЭБ мыйзамдары менен белгиленген, медициналык жабдууларды каттоо жана экспертизадан өткөрүү тартибин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
08 июлундагы 2025
Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн энергиялык натыйжалуулугуна карата талаптар жөнүндө техрегламенттин күчүнө кириши жылдырылды
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Россиянын сунушу боюнча Евразия экономикалык бирлигинин "Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна карата талаптар жөнүндө" техникалык регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтүн 2028-жылдын 1-сентябрына жылдырды. Бул ЕАЭБ техрегламенттерин иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү планына ылайык даярдалып жаткан түзөтүүлөрдүн алкагында документтин бир катар талаптарын актуалдаштырууга жана экинчи деңгээлдеги техникалык регламентти ишке ашыруу үчүн зарыл болгон актыларды – энергия керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугунун стандарттарынын жана этикеткаларынын тизмегин иштеп чыгууну жана кабыл алууну аяктоого мүмкүндүк берет. ЕЭК Кеңешинин ушул эле чечими менен Комиссиянын Кеңешинин ар түрдүү энергия керектөөчү түзмөктөрдүн этикеткаларынын формаларын жана аларды жол-жоболоштуруу эрежелерин аныктаган чечиминин күчүнө кирүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-мартына жылдырылды. Ошондой эле техрегламенттин бир катар тиркемелеринде белгиленген айрым талаптардын күчүнө кирүү мөөнөтү үч жылга жылдырылды.
08 июлундагы 2025
ЕЭК Кеңешинин 2025-жылдын 8-июлдагы отурумунун жыйынтыктары
8-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Евразиялык интеграциянын, анын ичинде соода, бажы кызматташтыгы, техникалык жөнгө салуу, каржы саясаты, энергетика жана инфраструктура, санариптештирүү, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү 30дан ашык маселелер каралды. Атап айтканда, ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү үчүн товарлардын бир катар жаңы категорияларына, анын ичинде осетр жана лосось балыктарынын икрасына, велосипед рамкаларына, майлоочу майлардын айрым түрлөрүнө, майлоочу материалдарга жана атайын автомобилдик суюктуктарга, микробго каршы таасири бар косметикалык продукцияга, дезинфекциялоочу каражаттарга карата санариптик маркалоо эрежелерин белгиледи. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ташууларды көзөмөлдөө үчүн мындай пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө Макулдашууга ылайык, жүк ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбалар колдонула турган товарлардын кошумча категорияларын аныктоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул чечимди ишке ашыруу ЕАЭБде никотин камтыган мыйзамсыз продукциянын таралышын токтотууга жардам берет. ЕЭК Кеңеши медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Кабыл алынган түзөтүүлөр ЕАЭБ укугу менен белгиленген, медициналык буюмдарды каттоо жана экспертизалоо жол-жоболорун оптималдаштырууга багытталган. Мындан тышкары, ЕАЭБдин "Энергияны керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна карата талаптар жөнүндө" техникалык регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-сентябрына жылдырылды. Бул Бирликтин техрегламенттерин иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү планына ылайык даярдалып жаткан түзөтүүлөрдүн алкагында документтин бир катар талаптарын актуалдаштырууга жана экинчи деңгээлдеги техникалык регламентти ишке ашыруу үчүн зарыл болгон актыларды – энергия керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугунун стандарттарынын жана этикеткаларынын тизмегин иштеп чыгууну жана кабыл алууну аяктоого мүмкүндүк берет.
07 июлундагы 2025
ЕАЭБ жогорку технологиялуу медициналык түзмөктөрдү ташып кирүү жол-жобосун жөнөкөйлөтөт
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигине жогорку технологиялуу медициналык түзүлүштөрдү, анын ичинде заманбап магниттик-резонанстык томография тутумдарын алып келүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган чечим кабыл алды. Бул максатта ЕАЭБдин бажы аймагына алып келүүдө лицензия, корутунду (уруксат берүүчү документ) же бирдиктүү реестрден маалыматтарды берүү талап кылынбаган продукциянын радиожыштык тилкелеринин тизмеси кеңейтилген. "Тиешелүү тутумдар визуализациянын, орнотуунун жана иштөөнүн жогорку сапаты жагынан бир катар артыкчылыктарга ээ. Алардын техникалык мүнөздөмөлөрү электр магниттик тоскоолдуктардын пайда болушуна алып келбейт", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. Кабыл алынган чечим аталган товарларды ташып келүүдө уюмдардын каржылык жана убакыттык сарптоолорун азайтууга мүмкүндүк берет. Документ расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.
07 июлундагы 2025
ЕАЭБде асыл тукум мал чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу "Бүткүл россиялык талаа күнү – 2025" алкагында талкууланды
Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны сатуу боюнча инновациялык ыкмаларды киргизүү туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян Волгоград областында өткөн "Бүткүл россиялык талаа күнү – 2025" көргөзмөсүнүн алкагында "Генетика. Жөнөкөй сөздөр менен маанилүү жөнүндө" тегерек столунда айтып берди. "Азыркы этаптагы негизги багыт катары Бирлик өлкөлөрүнүн жана Комиссиянын селекциялык-асыл тукум ишине геномдук талдоонун негизинде айыл чарба жаныбарларынын асыл тукумдук баалуулугун божомолдоонун методологиясын кеңири жайылтуу боюнча биргелешкен иши болууга тийиш", – деп белгиледи Наира Карапетян. Көргөзмөнүн иш-чараларынын жүрүшүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү пландары, атамекендик селекциялык жетишкендиктерди сактоо үчүн заманбап мүмкүнчүлүктөр, сүт багытындагы бодо малдын генетикалык потенциалын жакшыртуу жолдору талкууланды. Тегерек столдун катышуучулары жаныбарлардын асыл тукумдук баалуулугун баалоо методикасын киргизүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат менен алмашышты, ошондой эле Бирликтин алкагында асыл тукум ресурстары рыногунун абалын жана өнүгүү келечегин карашты. Асыл тукум малдын асыл тукумдук баалуулугун баалоо үчүн алардын генотиптик жана фенотиптик белгилерин чогултууга жана эсепке алууга, өздүк атаандаштыкка жөндөмдүү асыл тукум продукциясын өндүрүүнү өстүрүүгө унификацияланган ыкмаларды колдонуу зарылдыгы белгиленди. Наира Карапетян мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча жалпы максаттарга жетүү үчүн макулдашылган иш-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
05 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Никол Пашинянды Армения Республикасынын Конституция Күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Никол Пашинянды жана бүткүл армян элин Конституция Күнү менен куттуктады. "Негизги мыйзам Армениянын мамлекеттүүлүгүнүн бекем тиреги болуп саналат жана өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багытын аныктайт", – деп айтылат куттуктоо катында. Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Арменияга жана анын жарандарына бакубатчылык жана жакшылык каалады.
04 июлундагы 2025
Бирлик өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексиндеги санариптик технологиялар анын натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги инструменти болуп калууда
Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян 4-июлда Волгоградда өткөн Бүткүл россиялык талаа күнү-2025 "Өсүүгө милдеттер: россиялык өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу" пленардык отурумунда билдирди. "Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн айыл чарбасы сапаттуу кайра түзүүлөрдүн босогосунда турат. Агрардык рынокту санариптик моделге трансформациялоо — айыл чарба өндүрүшүнүн тездетилген өсүшү үчүн инструменттердин бири. Дал ушул багытта ЕЭКтин жана улуттук өкмөттөрдүн күч-аракеттери топтолгон", — деп белгиледи Гоар Барсегян. Отурумда өсүмдүк өстүрүүдөгү, анын ичинде заманбап санариптик чечимдердин – учкучсуз технологиялардын, санариптик мониторинг жана роботтоштуруунун эсебинен натыйжалуулукту жогорулатуу маселелери талкууланды. Иш-чарага Россия Федерациясынын айыл чарба министри Оксана Лут жана Беларусь Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк министри Игорь Горлов катышышты. Бизнес программанын алкагында Гоар Барсегян Оксана Лут менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери каралды. Тараптар ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларацияны АӨК чөйрөсүндө ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо менен интеграциялык процесстерди тереңдетүү жана тармактын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо зарылдыгын белгилешти. Агроөнөр жай комплексиндеги кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмин ишке киргизүү үчүн сунуштарды даярдоого күч-аракеттерди биргелешип топтоо жөнүндө макулдашууга жетишилди. "АӨКтө биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө, технологиялык өркүндөтүүгө, мамлекеттер аралык соода-экономикалык байланыштарды жана өз ара инвестицияларды өстүрүүгө өбөлгө түзөт", – деп белгиледи ЕЭК министри. Гоар Барсегян ЕАЭБ алкагында айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү, жалпы агрардык рынокту жөнгө салуу боюнча жалпы максаттарга жетүү үчүн макулдашылган иш-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле ЕЭК министри "Бүткүл россиялык талаа күнү – 2025" көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына жана карап чыгууга катышты, анда заманбап айыл чарба техникасы жана жабдуулары менен таанышты.
03 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Александр Лукашенкону Беларустун Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы Александр Лукашенкону жана бүтүндөй беларус элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. "Эгемендүүлүк жылдарында Беларусь социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ийгиликтерге жетишти, анын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрү менен байланыштары тереңдеп баратат", – деп айтылат куттуктоо катында. ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасына мындан аркы экономикалык өнүгүүнү, ал эми анын жарандарына – бакубатчылык жана жакшылык каалады.
Дагы көрсөтүү