Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Фото
Видео
Багыт тандаңыз
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
17 Jan 2025
ЕАЭБдеги бажылык жөнгө салуу маселелери Бишкекте талкууланды
Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Биринчи орун басары Данияр Амангельдиев менен жолугушту. Евразия экономикалык бирлигинде бажылык жөнгө салуунун ЕАЭБ бажы транзитинин бирдиктүү тутумун киргизүү, бажы чек араларынан өтүүнү жөнөкөйлөтүү, өткөрмө пункттарын орнотууда перспективалуу технологияларды колдонуу, электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу, ошондой эле бажы маалыматтары менен алмашуу сыяктуу актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар Бирликтин бардык аймагында бирдиктүү бажылык башкарууну камсыз кылуу үчүн конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Иш сапардын жүрүшүндө Руслан Давыдов ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына барып, бажы органдарынын "Смарт Бажы" жаңы маалыматтык тутумун киргизүү процесси менен таанышты. Комиссиянын бажы блогунун башчысы кесиптештери менен мурдагы жолугушуунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну, ошондой эле мындан аркы иштердин пландарын талкуулады. ЕАЭБ бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашууга Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда Бирлик өлкөлөрүнүн лидерлери тарабынан 2024-жылдын декабрында кол коюлган.
15 Jan 2025
ЕЭК асыл тукум мал чарбасында геномдук селекцияны киргизүү боюнча ыкмаларды жактырды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы асыл тукум мал чарбачылыгында геномдук селекцияны колдонуунун эл аралык тажрыйбасы жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба жаныбарларына геномдук баа берүүнү киргизүү боюнча мүмкүн болгон макулдашылган ыкмалар жөнүндө серепти карап чыкты. Геномдук селекцияны киргизүү ЕАЭБде жаныбарлардын асыл тукумдук баалуулугун баалоо жана болжолдоо тутумун калыптандыруу менен мал чарбачылыгынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого жана тармактын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
14 Jan 2025
Тамак-аш продукциясына техрегламентке мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программага өзгөртүүлөр киргизилди
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине (ББ ТР 021/2011) мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программага өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Программадан 42 позиция алынып салынды, алардын төртөө – алардын актуалдуу эместигине, ал эми 38и боюнча тараптар мурда тийиштүү мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгышканына байланыштуу. 48 стандартты иштеп чыгуунун мөөнөтү жылдырылды, буга Казакстан Республикасы менен Россия Федерациясынын стандартташтыруунун улуттук пландарын актуалдаштыруу жана долбоорлорду оңдоо зарылдыгы себеп болду. Мындан тышкары, Программа МАМСТ иштеп чыгуу боюнча 17 позиция менен толукталган, анын ичинде жаныбарлардан алынган тамак-аш продукциясындагы ветеринардык дары каражаттарынын (фармакологиялык активдүү заттардын жана алардын метаболиттеринин) калдык санын аныктоо ыкмаларына карата. Программага өзгөртүүлөрдү кабыл алуу жөнүндө чечим ал расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.
14 Jan 2025
ЕАЭБ Япониядан, Таиланддан, Түркиядан жана Малайзиядан куюлган алюминий дисктерине демпингге каршы алым киргизет
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Япониядан, Таиланддан, Түркиядан жана Малайзиядан куюлган алюминий дискттерине карата демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Чара диаметри 13 дюймдан 20 дюймга чейинки жаңы жана мурда колдонулган, шиналар менен комплекттелген же комплекттелбеген дисктерге тиешелүү болот. Чараны колдонуу беш жылга созулмакчы. Алым өндүрүлгөн өлкөгө жараша бажы наркынын 9,38-42,82% өлчөмүндө белгиленет. Чечим ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаменти тарабынан башталган демпингге каршы иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын 1-мартында "Алюминий өндүрүүчүлөрдүн, жеткирүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн бирикмеси" ассоциациясынын арызы боюнча кабыл алынган. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аталган өлкөлөрдөн чыгарылган товардын демпингдик импортунун болушу жана Евразия экономикалык бирлигинин экономика тармагына материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган. "Демпингдик өлкөлөрдөн куюлган алюминий дискттерин өндүрүүчүлөрдүн баа саясаты биздин өзүбүздүн компанияларыбызды ички рыноктогу үлүшүн жоготуу шартында товарды сатуу баасын анын өздүк наркынын өсүшүнө жараша көтөрө албашына алып келди. Натыйжада аларды сатуу чыгашалуу, ал эми өндүрүштүн рентабелдүүлүгү терс болуп калды", – деп түшүндүрдү ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.
14 Jan 2025
ЕЭК магистралдык өткөрмө түтүктөрүнө техрегламентке мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программанын жаңы редакциясын бекитти
Евразия экономикалык бирлигинин "Суюк жана газ түрүндөгү көмүрсуутектерди ташуу үчүн магистралдык өткөрмө түтүктөргө талаптар жөнүндө" техникалык регламентине (ЕАЭБ ТР 049/2020) карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программа жаңы редакцияда бекитилди. Өзгөртүүлөр программада каралган мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун натыйжаларын, ошондой эле колдонуудагы стандарттардын тизмегине киргизилген стандарттарды колдонууну эске алуу менен техрегламентке далил базасын актуалдуу абалда кармап туруу үчүн даярдалган. Программага ылайык 24 МАМСТ иштеп чыгуу каралган, алардын 14ү – Казакстан менен Россиянын улуттук стандарттарынын негизинде. 2024-2025 – жылдары он, 2025-2026 – жылдары төрт, 2025-2027-жылдары тогуз мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу белгиленген, дагы бир МАМСТ 2029-жылга чейин иштелип чыгышы мүмкүн. Программанын жаңы редакциясында колдонуудагы документте каралган 16 мамлекеттер аралык стандарт сакталган. Мындан тышкары, Программага сегиз жаңы мамлекеттер аралык стандарттар киргизилген.
14 Jan 2025
Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү 2023-жылга өнөр жай субсидияларын берүүнүн бирдиктүү эрежелерин сактоосу жөнүндө отчетту жактырды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү өнөр жай субсидияларын берүүнүн бирдиктүү эрежелерин сактоосу жөнүндө ЕЭКтин жылдык отчету жактырылды. 2023-жылы мүчө мамлекеттер тарабынан инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү дем берүү, ошондой эле модернизациялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу боюнча өнөр жай ишканаларына колдоо көрсөтүү белгиленген. ЕЭК Коллегиясынын отурумунун жыйынтыктары боюнча өнөр жай субсидияларын берүүнүн бирдиктүү эрежелерин сактоонун натыйжалуулугун жогорулатууну улантуу пландаштырылууда.
14 Jan 2025
Коллегия декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арызды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтти
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арызды толтуруу тартибин жана бул документтин түзүмүн актуалдаштырды. Анда акциздик маркалар жөнүндө маалыматты көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Буга чейин Комиссиянын Коллегиясы акциздик товарларга карата жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууга көп жылдан бери коюлган чектөөнү жокко чыгарган. Бүгүн кабыл алынган чечим акциздик товарларга карата берилгенге чейин чыгаруу менен байланышкан, ЫЭОлор үчүн эң керектүү жөнөкөйлөтүүлөрдүн бирин колдонуу мүмкүнчүлүгүн практикалык ишке ашырууну камсыз кылат. "Кабыл алынган өзгөртүүлөр жөнөкөйлөтүлгөн арызды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет жана ошого жараша ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор үчүн жөнөкөйлөштүрөт, мындай жагдай бул институттун негизги эл аралык тенденциялардын нугунда андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт", — деп белгиледи ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов. Товарларга декларацияны бергенге чейин чыгаруу жөнүндө арыз – бул жөнөкөйлөтүлгөн бажы документи, анда бажы контролу үчүн минималдуу маалыматтар чагылдырылат жана товарлар товарларга декларациянын жалпы белгиленген формасы берилгенге чейин иш жүзүндө чыгарылат. Көрсөтүлгөн документти ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор (ЫЭО) жигердүү пайдаланышат, алар үчүн декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу берилген жөнөкөйлөтүүлөрдүн бири болуп саналат. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институту — бул өнөктөштүк программанын эл аралык деңгээлде таанылган стандарты, ал эми ЫЭОлор — бажылык операцияларды жана бажы контролун жүргүзүүдө белгилүү бир талаптарга жооп берген жактар катары жеңилдиктер берилген, жактардын өзгөчө категориясы. Ушундай эле маалыматтар товарлардын декларациясында көрсөтүлөт, аны толтуруу тартиби Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 "Товарларга декларациянын формасы жана аны толтуруу тартиби жөнүндө" чечими менен бекитилген.
10 Jan 2025
Элдар Алишеров БУУнун Статистикалык комиссиясынын төрагасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
10-январда Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров БУУнун Статистикалык комиссиясынын төрагасы, Швейцариянын Федералдык статистикалык башкармалыгынын башкы директору Жорж-Симон Ульрих менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, БУУнун Статистикалык комиссиясынын курамын кеңейтүүнүн перспективалары, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин анын кеңейтилген курамына кирүү мүмкүнчүлүгү жана ЕЭКтин байкоочу катары катышуусу каралды. БУУнун Статистикалык комиссиясы глобалдык статистикалык тутумунун эң жогорку органы болуп саналат. Ал бүткүл дүйнө жүзү боюнча БУУнун мүчө-өлкөлөрүнүн статистикалык ведомстволорунун жетекчилерин бириктирет. Комиссия — эл аралык статистикалык иш жаатында, атап айтканда статистикалык стандарттарга, концепцияларды жана ыкмаларды өнүктүрүүгө жана аларды улуттук жана эл аралык деңгээлдерде ишке киргизүүгө карата чечимдерди кабыл алуу боюнча башкы орган.
Дагы көрсөтүү
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө