Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 14
14 октябрындагы 2025
ЕЭК Фарминспекцияларды пландаштыруу боюнча колдонмону бекитти
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы тобокелдиктерди баалоонун негизинде Евразия экономикалык бирлигинин Талаптагыдай өндүрүштүк тажрыйбанын эрежелеринин талаптарына фармацевтикалык инспекциялардын шайкештигин пландаштыруу боюнча колдонмону бекитти.
14 октябрындагы 2025
Бизнес үчүн позитивдүү импульс: ЕАЭБде кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара соодалашуунун жана тике инвестициялардын көлөмдөрү өстү
Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде бизнес жүргүзүү шарттарына экономикалык интеграциянын таасирин позитивдүү баалады. 2024-жыл үчүн мониторингдин жыйынтыктары боюнча тиешелүү баяндама ЕЭК Коллегиясы тарабынан 14-октябрда жактырылган.
14 октябрындагы 2025
Евразия логистикалык күнүндө ЕАЭБде логистиканы өнүктүрүүгө бажылык жөнгө салуунун таасири талкууланды
Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов Европа бизнес ассоциациясы жана Трансъевразиялык ташуулар боюнча координациялык кеңеш тарабынан уюштурулган "Евразиялык логистика күнү" эл аралык форумунун пленардык сессиясына катышты. Өз сөзүндө ал Комиссиянын бажы блогунун евразиялык логистиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча иши жөнүндө кеңири айтып берди.
14 октябрындагы 2025
ЕАЭБдин күйүүчү жаратылыш газына карата техрегламентине өзгөртүүлөрдү ишке киргизүүнүн тартиби аныкталды
Евразия экономикалык комиссиясы 14-октябрдагы отурумунда ЕАЭБдин "Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин бекитти.
13 октябрындагы 2025
ЕЭК ЕАЭБге жана анын мүчө мамлекеттерине карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларынын реестрин актуалдаштырды
Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан үзгүлтүксүз мониторингдин натыйжалары боюнча, "Соода" порталында Евразия экономикалык бирлигине жана анын мүчө мамлекеттерине карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларынын реестринин жаңыртылган версиясы жарыяланды. Азыркы учурда реестрде ЕАЭБдин тышкы соодасы үчүн тоскоолдуктарды түзүшү мүмкүн болгон 280 чара белгиленген. Тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Монголия менен өз ара соодада тоскоолдуктарды аныктоо маселелери боюнча жакында өткөрүлгөн семинардын алкагында жаңы соода тоскоолдуктары катталды. Чектөө Монголия тарабынан стратегиялык азык-түлүк товарларын (буудай уну, буудайдын үрөнү, ичүүчү суу, сүт жана малдын эти) импорттоого уруксат берүү менен байланышкан тартипти колдонууга тиешелүү. Ошол эле учурда Өзбекстан акциздерге байланыштуу административдик чараны жарым-жартылай жокко чыгарды. Импорттолуучу ак шекер үчүн акциз салыгы 2025-жылдын 1-октябрынан тартып жоюлган. Белгилей кетсек, Комиссия Өзбекстан Республикасы менен 2024-2026-жылдарга карата Евразия экономикалык комиссиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн биргелешкен иш-чаралар планынын алкагында чектөө чараларын алып салуу боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүп келет. Комиссия үчүнчү өлкөлөр менен соодадагы чектөө чараларын аныктоо жана четтетүү боюнча иштерди улантууда. Чектөө чарасы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын порталындагы атайын форма аркылуу билдирүүгө болот.
13 октябрындагы 2025
Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБ глобалдык чакырыктарды жеңүү үчүн бирдиктүү транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзөт"
Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 13-октябрда Москвада өтүп жаткан "Евразия логистикалык күнү" эл аралык форумунун пленардык сессиясынын алкагында билдирди. Иш-чаранын уюштуруучулары Европа бизнес ассоциациясы (ЕБА) жана Трансъевразиялык ташуулар боюнча эл аралык координациялык кеңеш (ТТКК) болушту. Арзыбек Кожошев ЕАЭБ үч артыкчылыкка багытталганын белгиледи: товарлардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу, транспорттук тутумдун натыйжалуулугун жана байланыштуулугун жогорулатуу, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү. Бул максаттар эл аралык координация, инфраструктуралык долбоорлор жана тоскоолдуктарды жоюп, глобалдык логистика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан санариптик технологияларды киргизүү аркылуу ишке ашырылууда. Транспортту санариптештирүү, атап айтканда, электрондук коштомо кагаздарды, навигациялык пломбаларды киргизүү жана интеллектуалдык транспорт тутумунун концепциясын ишке ашыруу аркылуу эл аралык логистиканын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатып, аны үзгүлтүксүз кылып, административдик тоскоолдуктарды азайтат. Жыйынтыгында мунун баары өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет, деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Ошол эле учурда ЕАЭБ глобалдык демилгелер, анын ичинде "Бир алкак – бир жол", Түндүк деңиз жолу жана Транскаспий маршруту долбоорлору менен өз ара иштешүү боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө. Балтикадан Каспий аркылуу Индия океанына "Түндүк – Түштүк" коридорун өнүктүрүү тездеп жатат, ал эми Астрахань жана Актау портторун модернизациялоо жана жаңы темир жолдор жүк агымынын өсүшүнө оң таасирин тийгизүүдө. "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасы геосаясаттын, экономиканын жана технологиялардын чакырыктарына туш болуп, жигердүү трансформация баскычында турат. Анткен менен келечекке көз караш оптимисттик маанайда: биргелешкен демилгелердин, санариптештирүүнүн жана эл аралык кызматташтыктын аркасында регион дүйнөлүк транспорт тутумунун негизги түйүнү болуп калышы мүмкүн", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.