Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6148
25 июнундагы 2025
Валентин Татарицкий Беларустун өнөр жай министринин орун басары Андрей Кузнецов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
Беларустун улуттук оператору менен транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттор тутумдарынын администратору ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий жана Беларусь Республикасынын өнөр жай министринин орун басары Андрей Кузнецов Минскте өткөн жумушчу жолугушууда талкуулашты. Беларустун улуттук операторунун ("ЦНИИТУ" ААК) жана электрондук паспорттор тутумунун администраторунун ("Электрондук паспорт" АК) өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында аныкталган бир катар дискуссиялык темалар каралды. Атап айтканда, электрондук паспорттор тутумунун алкагында колдонулуучу бирдиктүү маалымдамаларды жана классификаторлорду даярдоо жана жүргүзүү тартиби маселелери талкууланды. Электрондук паспортторду тариздөө максатында Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 018/2011) техникалык регламентинин талаптарына шайкештикти баалоо тууралуу документтерде чагылдырылган маалыматтар менен алмашууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар конструктивдүү кызматташуунун жүрүшүнө канааттангандыгын билдиришти жана анын мындан аркы кадамдарын аныкташты. Жолугушууга "Электрондук паспорт" АК башкы директору Илья Минкин, "ЦНИИТУ" ААК башкы директору Андрей Косовский, Беларус мамлекеттик стандартташтыруу жана сертификаттоо институтунун директору Александр Скуратов катышты. Беларустун улуттук оператору менен администратордун ортосунда Электрондук паспорттордун маалыматтарын алмашуу боюнча маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө убактылуу макулдашууга 2024-жылдын ноябрында кол коюлган.
25 июнундагы 2025
Наталья Петкевич жана Гоар Барсегян Бирликтин алкагында өнөр жайды жана АӨК өнүктүрүүнү талкуулашты
25-июнда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары, ЕЭК Кеңешинин төрагасы Наталья Петкевич менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Тараптар Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жайды жана АӨК өнүктүрүүгө байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, кооперациялык байланыштарды чыңдоого, тармактарды технологиялык өнүктүрүүгө жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. ЕАЭБдин өнөр жай долбоорлоруна каржылык көмөк көрсөтүү механизмин ишке ашырууга Беларустун катышуусу боюнча сунуштар, технологиялык платформалардын ишин өркүндөтүү, ошондой эле өнөр жайда импортту алмаштыруунун жана өнүктүрүүнүн бирдиктүү программасын иштеп чыгуу боюнча демилгелер каралды. "Евразия экономикалык жолу" декларациясын аткаруу боюнча милдеттер, "ИННОПРОМ. БЕЛАРУСЬ" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүн даярдоо талкууланды. Мындан тышкары, тамак-аш азыктарын жана дары-дармек препараттарын өндүрүү үчүн микроорганизмдердин штаммдарын түзүүнүн мамлекеттер аралык программасын иштеп чыгуу маселелери козголду. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар талкууланган бардык багыттар боюнча үзгүлтүксүз диалогду улантуунун маанилүүлүгү жөнүндө бир пикирге келишти.
24 июнундагы 2025
КЭРде өндүрүлгөн ысык калыптанган тигишсиз түтүктөргө демпингге каршы алым беш жылга узартылды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы КЭРде өндүрүлгөн ысык калыптанган, дат басууга туруктуу болоттон жасалган тигишсиз түтүктөргө карата демпингге каршы алымдын таасирин 2030-жылдын 9-июнуна чейин кошо алганда узартты. "Чечим Ички рынокту коргоо департаменти тарабынан 2024-жылдын 25-сентябрында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн түтүктөрдү өндүрүүчүлөрдүн арызынын негизинде, колдонуудагы чаранын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу башталган демпингге каршы кайра иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынды", — деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Арыз "Волжский трубопроводный завод" АК, "Первоуральский новотрубный завод" АК жана "Челябинский трубопрокатный завод" АК тарабынан берилген. КЭРде өндүрүлгөн ысык калыптанган, дат басууга туруктуу болоттон жасалган тигишсиз түтүктөргө карата демпингге каршы алым Евразия экономикалык бирлигинин Коллегиясынын 2019-жылдын 3-декабрындагы № 218 чечимине ылайык аныкталган. Алымдын өлчөмү бажы наркынын 15,5%ын түзөт. Чаранын аракети кайта иликтөө жүргүзүү мезгилине узартылган.
24 июнундагы 2025
Ваагн Казарян Минскте Евразиялык илимий-практикалык мектептин алкагындагы иш-чараларга катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян Минскте "Дүйнөлүк экономика мейкиндиги: идеялар, стратегиялар, өз ара аракеттенүү" Евразиялык илимий-практикалык мектебинин алкагында өтүүчү ЕЭКтин "Евразия экономикалык бирлигинин бажы-тарифтик жөнгө салуу чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуу" үчүнчү моделинин ишин (ВКС режиминде) ачты. Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн жүздөн ашуун студент катышты. Иш-чаранын максаты Евразия экономикалык комиссиясынын ишин кайталоо аркылуу КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын арасында евразиялык интеграцияны жайылтуу — соода боюнча Консультативдик комитеттин (бажы-тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу жана коргоо чаралары боюнча подкомитеттин) аналогун өткөрүү болуп саналат. "ЕЭКтин бажы-тарифтик жөнгө салуу маселелери боюнча салттуу моделин ишке ашыруу жаштардын Комиссиянын ишмердүүлүгү менен таанышуусунун эң сонун мисалы болуп саналат. Катышуучулар ЕАЭБдеги интеграциялык процесстерди тереңирээк түшүнүү үчүн эл аралык соода сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү көндүмдөрүн алышат", – деп белгиледи Ваагн Казарян.
24 июнундагы 2025
Темир жол транспорту чөйрөсүндөгү техрегламенттерге стандарттардын тизмеси жаңыланды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 24-июнда өткөн отурумда Бирликтин "Темир жол кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө", "Жогорку ылдамдыктагы темир жол транспортунун коопсуздугу жөнүндө" жана "Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттерине стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. Тизмелердин айрым жоболору такталды жана деталдаштырылды, редакциялык жана техникалык так эместиктер четтетилди. Бул бардык кызыкдар субъекттер: темир жол транспортун даярдоочулар, шайкештикти баалоо боюнча органдар жана ЕАЭБдин техрегламенттеринин талаптарына шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу сыноо лабораториялары тарабынан темир жол чөйрөсүндө техрегламенттерди жүзөгө ашыруунун бир түрдүү практикасынын белгиленишине өбөлгө түзөт. Кабыл алынган өзгөртүүлөр ЕЭК Коллегиясынын чечими расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет жана 2025-жылдын 15-январынан тартып келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылат.
24 июнундагы 2025
ЕАЭБ өлкөлөрү Бирликтин жалпы каржы рыногун түзүүгө карата мамилелерди талкуулашты
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетте Евразия экономикалык бирлигинин жалпы каржы рыногун андан ары түзүүгө, мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө жана өркүндөтүүгө карата мамилелер талкууланды. Отурум ЕЭКтин штаб-квартирасында Комиссиянын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун төрагалыгы алдында өттү. ЕАЭБ мамлекеттеринин 2024-жыл үчүн каржы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет жактырылды. "Отчетто Комиссия каржылык жөнгө салуучулар менен биргеликте жүргүзгөн, банк жана камсыздандыруу секторлорундагы жана баалуу кагаздар рыногундагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иштер чагылдырылган", – деп белгиледи Бахыт Султанов. – Каржы рыноктору чөйрөсүндө жөнгө салууга жана көзөмөлгө карата шайкеш келтирилген талаптарды түзүү ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүүнүн зарыл шарттарынын бири болуп саналат". Отурумдун катышуучулары Бирликтин жалпы каржы рыногун түзүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тапшырмасын аткаруунун алкагында ЖЕЭК тескемесинин долбоорунун жаңы редакциясы каралды, ага каржылык уюмдардын ишин жөнгө салууга ар кандай деңгээлдеги мамилени колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жана шайкештөө мөөнөттөрүн актуалдаштырууга тиешелүү жоболор киргизилген. Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ЕЭК Кеңешинин Бирликтин мамлекеттеринин глоссарий жана баалуу кагаздар рыногунда брокерлерге жана камсыздандыруу уюмдарына ЕАЭБ жалпы каржы рыногуна уруксат берүү чөйрөсүндө талаптарды белгилөө боюнча мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштар жөнүндө сунуштамаларды жактырышты. Ошондой эле, 2025-жылы Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун алкагында Комиссия тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте даярдалган Бирлик мамлекеттеринин рейтинг тармагынын маселелерин иштеп чыгуу жөнүндө баяндаманын долбоору каралды.
24 июнундагы 2025
ЕЭК курулуш кесиптери үчүн квалификациялык талаптар боюнча сунуштамаларды даярдады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы "Курулуш чөйрөсүндө эң көп талап кылынган кесиптерге квалификациялык талаптар жөнүндө" сунуштаманы кабыл алды. Документ ЕАЭБ өлкөлөрүндө кесиптик стандарттарды унификациялоого жана курулуш иштеринин сапатын жогорулатууга багытталган. Сунуштама Стратегия-2025ти ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу үчүн иштелип чыккан жана курулуш тармагынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен квалификациянын ар кандай деңгээлиндеги жумушчулар үчүн билимдердин жана көндүмдөрдүн минималдуу тизмесин белгилейт. "Сунуштаманы кабыл алуу – ЕАЭБ алкагында бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам. Бирдиктүү стандарттар Бирликтин бардык өлкөлөрүндө куруучуларды даярдоонун бирдей деңгээлин камсыздоого жардам берет, бул жыйынтыгында инфраструктуралык долбоорлордун сапатына жана объекттердин коопсуздугуна оң таасирин тийгизет", – деп документке ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов комментарий берди. Квалификациялык стандарттар улуттук талаптарды иштеп чыгуу үчүн үлгү болуп калат жана өлкөлөрдө кесиптик окутуу программаларын даярдоодо колдонулушу мүмкүн. Буга чейин ЕЭК Коллегиясы билим берүү, саламаттыкты сактоо, автомобиль транспорту жана ТЖКЧ чөйрөлөрүндө кыйла талап кылынган кесиптерге квалификациялык талаптар боюнча сунуштамаларды кабыл алган.
20 июнундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев: "Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын реалдуу секторун өнүктүрүү үчүн мыкты шарттарды түзүүгө умтулат"
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 20-июнда XXVIII Петербург эл аралык экономикалык форумунун пленардык отурумунун ишине катышты. Комиссиянын Коллегиясынын башчысы ошондой эле "ЕАЭБ экономикасынын реалдуу секторунун синергиясы замандын чакырыктарына жооп катары" сессиясында чыгып сүйлөдү. Бакытжан Сагинтаев өз баяндамасында реалдуу сектор Евразия экономикалык бирлигинин ар бир өлкөсүнүн экономикасында маанилүү ролду ойноп, товарларды өндүрүүнү жана кызмат көрсөтүүлөрдү, калкты иш менен камсыз кылууну жана туруктуу өнүгүү үчүн негизди камсыз кыларын баса белгиледи. "2024-жылы Бирликте өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,5%га көбөйдү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара жеткирүүлөр 8,1%га, негизги капиталга инвестициялар 7,5%га өстү", – деп билдирди Бакытжан Сагинтаев. ЕАЭБ алкагында өнөр жай операциясын дымактуу өнүктүрүү үчүн 2030-жылга чейин өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары аныкталды. "Негизинен басым ишканалардын кооперациялык байланыштарын өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен илим сыйымдуу өндүрүштөрдү локалдаштыруу аркылуу жасалат, – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы. Жыйынтыгында Бакытжан Сагинтаев аларды чечүү Бирлик өлкөлөрүнүн экономикаларынын реалдуу секторун өнүктүрүү жана өз ара жана тышкы сооданын көлөмдөрүн өстүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө өбөлгө түзө турган бир катар милдеттерди белгиледи. ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгилегендей, Бирликтин динамикалуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча жалпы аракеттердин негизине евразиялык интеграциялык бирикмесинин ар бир катышуучу-өлкөсүнүн артыкчылыктары киргизилген. Бул экономиканын өсүшү, жумуш орундарын түзүү, инвестицияларды тартуу, технологиялык өнүгүү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн продукцияларынын эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
Дагы көрсөтүү