Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6150
07 майындагы 2025
ЕАЭБ Иорданияга, Ливанга жана Самоага тарифтик преференциялардын бирдиктүү тутумун колдонуучу — өлкөлөр статусун кайтарып берет
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутумун колдонуучу — өнүгүп келе жаткан жана начар өнүккөн өлкөлөрдүн тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди. Кеп ЕАЭБ бир тараптуу тартипте бир катар товарларга алып келүү бажы алымдарынын чендерин төмөндөтүү же нөлгө түшүрүү түрүндө тарифтик преференцияларды сунуштаган мамлекеттердин тизмесин актуалдаштыруу жөнүндө болууда. Кабыл алынган чечим экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүүлөрүн талдоого негизделген жана ЕАЭБдин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутумун колдонуучу – өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн категориясына Иорданияны, Ливанды жана Самоаны киргизүүнү карайт (2021-жылга чейин бирликтик тутумдун бенефициарлары болуп саналышкан). Мындан тышкары, Дүйнөлүк банк тарабынан даярдалган кирешелердин деңгээли боюнча өлкөлөрдү классификациялоо жөнүндө жаңыртылган маалыматты эске алуу менен, тутумду пайдалануучулардын катарынан Маршалл Аралдары Республикасын жана Эль-Сальвадор Республикасын алып салуу, ошондой эле Бутан Королдугунун жана Сан-Томе жана Принсипи Демократиялык Республикасынын преференциялык статусун начар өнүккөн өлкөлөрдөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр статусуна кайра карап чыгуу чечими кабыл алынды. "Бүгүнкү чечим Бирликтин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутумун администрациялоо боюнча ЕЭКтин ырааттуу ишинин уландысы болуп саналат жана өнүгүп келе жаткан жана начар өнүккөн өлкөлөрдүн экономикалык өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин алар менен соодасын андан ары жогорулатууга өбөлгө түзөт", — деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев. Экономикалык операторлорду тышкы соода ишмердигин жүргүзүүнүн өзгөрүп жаткан шарттарына адаптациялоо максатында ЕЭК Кеңешинин чечими менен тиешелүү өткөөл мезгилдер каралган. ЕАЭБдин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутуму начар өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Аны колдонуунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 47 чечими менен бекитилген. ЕАЭБдин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутумун колдонуучу-өлкөлөрдүн тизмелери Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечими менен бекитилген. ЕАЭБдин бажы аймагына алып кирүүдө тарифтик преференциялар берилүүчү өнүгүп келе жаткан же начар өнүккөн өлкөлөрдөн чыгарылган товарлардын тизмеси Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 13-январындагы № 8 чечими менен бекитилген.
05 майындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Конституция Күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Садыр Жапаровду жана бүткүл Кыргыз элин Конституция Күнү менен куттуктады. Куттуктоо катында: «Конституция мамлекеттүүлүктүн бекем негизи, Кыргыз Республиканын туруктуу өсүп-өнүгүүсүнүн ишенимдүү кепили болуп саналат, – деп айтылат. – Так Конституция аркасында Кыргызстандын эли алдыга ишенимдүү кадам шилтеп, улуттук биримдигин чыңалтып, өзүнүн укуктарына жана кызыкчылыктарына коргоону камсыз кылат». Бакытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасына жана анын жарандарына экономиканын гүлдөөсүн жана бейпилдикти каалаганын айтты.
29 апрелиндеги 2025
БРИКСтин алты мамлекети "Жашыл Евразия" үчүнчү климаттык конкурсуна билдирме беришти
30-апрелде Евразия экономикалык комиссиясы жана жаңы долбоорлорду илгерилетүү боюнча Стратегиялык демилгелер агенттиги тарабынан уюштурулган "Жашыл Евразия" үчүнчү эл аралык климаттык конкурсуна билдирмелерди кабыл алуу аяктайт. Азыркы учурда документтер Евразия экономикалык бирлигинин бардык беш өлкөсүнөн, ошондой эле ЕАЭБдин Кытай, Индия, Иран жана Өзбекстан сыяктуу негизги соода өнөктөштөрүнөн келип түштү. Мындан тышкары, Түштүк Африка, Эфиопия, Болгария, Молдова, Тажикстан жана Сенегалдын өкүлдөрү билдирме беришип, конкурстун географиясын кыйла кеңейген. "Бул жылы келип түшкөн билдирмелердин сапаттык жакшырышын да белгилегим келет. Эксперттерге жана конкурстун президиумуна мыктыларын тандоо оңой болбойт: эң жогорку орундарга талапкер болуу жана дүйнөлүк деңгээлде масштабдуу болуу үчүн дээрлик бардык долбоорлор татыктуу көрүнөт", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Сынактын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи, ошондой эле алардын долбоорлорунун бет ачары Минскте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешти өткөрүүгө арналган Евразия экономикалык форумунун алкагында өтөт.
29 апрелиндеги 2025
ЕЭК жана Иорданиянын Өкмөтү кызматташтык жөнүндө меморандумга ылайык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүдө
Евразия экономикалык комиссиясынын, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана Иордания Хашимит Королдугунун соода-экономикалык диалогунун перспективаларын ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Микаел Беллуян жана Иордания Хашимит Королдугунун Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Халид Абдулла Шавабка талкуулашты. Микаел Беллуян ЕЭК ишти активдештирүү боюнча, анын ичинде кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында, мурда иорданиялык тарап тарабынан айтылган сунуштарды колдой турганын ырастады. ЕЭК Департаментинин директору 2025-жылы биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумун өткөрүүнү демилгеледи, анын күн тартибине соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана биргелешкен иш-чаралардын планын түзүү боюнча практикалык маселелерди киргизүү сунушталды. Мындай иш-чаралар Иорданиянын расмий чөйрөлөрүнүн жана ишкер коомдоштугунун өкүлдөрү үчүн евразия экономикалык күн тартиби боюнча тармактык семинарлар болушу мүмкүн. Халид Абдулла Шавабка бул сунуштарды колдоп, иорданиялык тарап ЕЭКтин өз ара аракеттешүүсүнө жана демилгелерине ачык жана аларга жогорку деңгээлде кошулууга даяр экенин кошумчалады. Жолугушуунун катышуучулары кызматташтыкты активдештирүү маселелерин иштеп чыгууну макулдашышты, бул үчүн ЕЭКтин Иорданиянын Соода жана өнөр жай министрлиги менен өз ара иштешүүсүн түзүү пландаштырылууда. Микаел Беллуян Иорданиянын Россиядагы Элчисин 2025-жылдын июнь айында Минскте өтө турган Евразия экономикалык форумуна катышууга чакырды. ЕЭК менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандум 2017-жылы түзүлгөн. Документке ылайык тараптар регионалдык экономикалык интеграция; экономикалык өнүгүүнү жана макроэкономикалык кырдаалды талдоо; бажылык жөнгө салуу; техникалык жөнгө салуу; санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу; финансы; транспорт; энергетика; агроөнөр жай комплекси; атаандаштык саясаты жана монополияга каршы жөнгө салуу; өнөр жай; интеллектуалдык менчик; маалымат технологиялары; кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жана инвестициялар; ишкердикти өнүктүрүү; мамлекеттик сатып алуулар сыяктуу багыттар боюнча; жана өз ара кызыкчылык туудурган башка багыттар боюнча кызматташтыкты ишке ашырууга ниеттенишет.
29 апрелиндеги 2025
Гоар Барсегян: "ЕАЭБ өлкөлөрү Өзбекстан Республикасы менен кооперациялык байланыштарды активдүү өнүктүрүшүүдө"
28-29-апрелде Ташкентте Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян "ИННОПРОМ. Борбордук Азия" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты. Көргөзмөнүн негизги иш-чарасы "Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөр жай өнөктөштүгү: алдыңкы технологиялардын негизинде интеграция" пленардык сессиясы болду, анда Гоар Барсегян Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өнөр жай кызматташтыгынын артыкчылыктары жана Өзбекстандын ишканалары менен кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөдү. "ЕАЭБ өлкөлөрү Өзбекстан Республикасы менен кооперациялык байланыштарды активдүү өнүктүрүшүүдө. Машина куруу, учак куруу, химия жана жеңил өнөр жай тармактарындагы биргелешкен долбоорлор келечектүү болушу мүмкүн. Аларды ишке ашырууга жана бул багыттар боюнча өндүрүштү өстүрүүгө ЕАЭБ өлкөлөрү да, Өзбекстан да кызыкдар", – деп белгиледи Гоар Барсегян. Көргөзмөнүн талааларында Гоар Барсегян Казакстан Республикасынын өнөр жай жана курулуш министри Ерсайын Нагаспаев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. ЕАЭБ алкагында кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Мындан тышкары, Гоар Барсегян "Tashtib-Tex" ЖЧКсы Ташкент текстиль комбинаты" ишканасына барып, анын жүрүшүндө жеңил өнөр жай чөйрөсүндө жана ЕЭК менен Өзбекстан Өкмөтүнүн 2024-2026 – жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
29 апрелиндеги 2025
ЕЭКте ЕАЭБ агроөнөр жай комплексинде санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча көйгөйлөрдү жана биргелешкен аракеттерди талкуулашты
Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Евразия экономикалык бирлигинин алкагында агроөнөр жай комплексинде санариптик экономиканы өнүктүрүү маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү. ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, асыл тукум жаныбарлардын жана селекциялык жетишкендиктердин сорттору, ошондой эле агроиндустриянын интерактивдүү картасы боюнча маалыматтар менен алмашуу маселелерине токтолуп, ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык тутумунун алкагында санариптик экотутумду түзүү жөнүндө айтып берди. "2026-жылдын 1-июнунан тартып айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана тындыруу эрежелери жөнүндө макулдашууну практикалык ишке ашыруу башталат, бул айыл чарба продукциялары менен электрондук сооданы өнүктүрүүгө жаңы дем берет", — деп маалымдады тегерек столдун катышуучуларына Наира Карапетян. Тегерек столдун катышуучулары өсүмдүк өстүрүүчүлүктө жана мал чарбасында санариптик чечимдерди, анын ичинде так дыйканчылык технологияларын, фермаларды автоматташтырууну ж. б. киргизүү тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Иш-чара ЕАЭБдин агроөнөр жай комплексин санариптик трансформациялоонун маанилүүлүгүн жана экономиканын бул секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында натыйжалуу экосистеманы түзүү үчүн мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттеринин зарылдыгын тастыктады. Тегерек столго ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба министрликтеринин, бизнесинин өкүлдөрү, эл аралык эксперттер катышышты.
29 апрелиндеги 2025
ЕЭКте ЕАЭБ алкагында асыл тукум мал чарбасында мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин талкуулашты
Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаменти MVC: Дан – Комбикормдор – Ветеринария "AGROBRICS+" эл аралык көргөзмөнүн алкагында "Асыл тукум мал чарбачылыгы чөйрөсүндө компетенциянын евразиялык борборлорун түзүү" тегерек столун өткөрдү. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик башкаруу органдарынын, бизнес-бирликтеринин, илимий мекемелеринин өкүлдөрү БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун катышуусунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн асыл тукумдук баалуулугун болжолдоо технологиясын, анын ичинде геномдук анализдин негизинде колдонууну кеңейтүү боюнча мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүү багыттарын жана механизмдерин талкуулашты. Спикерлер тарабынан сунушталган жана дискуссиянын катышуучулары тарабынан колдоого алынган геномдук селекциянын евразиялык тутумунун концепциялары жана моделдери, ошондой эле биргелешкен селекциялык-генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана тажрыйба алмашууга карата мамилелер асыл тукум мал чарбачылыгындагы евразиялык компетенциялар борборлорунун базасында селекциялык-асыл тукум иштерин координациялоо жана аналитикалык камсыздоонун алкагында ишке ашырылышы мүмкүн. "Тегерек столдун ишинин жыйынтыктары Комиссиянын аянтчасында геномдук селекцияны жана жогорку натыйжалуу репродуктивдик технологияларды кеңири жайылтуунун негизинде Бирлик мамлекеттеринин мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү үчүн мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн макулдашылган механизмдерин андан ары карап чыгуунун жана иштеп чыгуунун предмети болуп калат", – деп жыйынтыктады ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян.
28 апрелиндеги 2025
ЕЭК жана Египеттин атаандаштык ведомствосу Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту
Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермоловичтин Египетке 28-апрелде жасаган жумушчу сапарынын алкагында ЕЭК менен Египеттин атаандаштык ведомствосунун ортосунда атаандаштык чөйрөсүндө Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ бул чөйрөдө өнөктөштүктү бекемдөө максатында атаандаштык саясаты жана монополияга каршы жөнгө салуу жаатында биргелешкен ишке багытталган. Меморандум кызматташтыкты жүзөгө ашыруунун конкреттүү формаларын камтыйт, анын ичинде атаандаштыктын эрежелерин бузууларды иликтөө, товардык рынокторду изилдөө тажрыйбалары менен алмашуу, ЕЭК жана Египеттин атаандаштык ведомствосу өткөргөн биргелешкен иш-чараларга катышуу, биргелешкен жолугушууларды, консультацияларды, тематикалык семинарларды жана конференцияларды уюштуруу. Меморандумга кол коюу аземинде Максим Ермолович мындай деп белгиледи: "Биз буга чейин Египет менен практикалык диалогду түзгөнбүз, ал бүгүн расмий түрдө бекемделди. Комиссия жемиштүү өз ара аракеттенүүнү бекемдөө үчүн Меморандумда көрсөтүлгөн жоболорду натыйжалуу ишке ашырууга даярдыгын ырастагым келет. Мындай өнөктөштүк – биздин өлкөлөрдө адилеттүү атаандаштыкты камсыз кылуунун ачкычы болуп саналат".
Дагы көрсөтүү