Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 12

08 октябрындагы 2025 ЕЭК жана АСЕАН өлкөлөрүнүн эксперттери атаандаштык маселелерин талкуулашты ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Армине Акопян АСЕАНдын атаандаштык боюнча эксперттик тобунун 35-отурумунун атайын сессиясында Евразия экономикалык комиссиясынын Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы менен атаандаштык маселелери боюнча кызматташтыгынын айрым жыйынтыктары жана өз ара иштешүүсүнүн перспективалары жөнүндө айтып берди. "ЕЭК-АСЕАНдын атаандаштык боюнча атайын сессияларын өткөрүү жакшы салтка айланды. Бул бизге ырааттуу диалог жүргүзүүгө жана кызматташтыкты практикалык тегиздикте өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Армине Акопян. Сессиянын жүрүшүндө Комиссия тарабынан үстүбүздөгү жылдын июль айында Евразия экономикалык бирлигинде жана АСЕАН өлкөлөрүндө атаандаштык саясаты жана укук колдонууга арналган семинардын натыйжалары талкууланды. Семинардын жыйынтыгы боюнча ЕЭК жана АСЕАН ишмердүүлүгүнүн өзгөчө кызыгууну жараткан багыттары белгиленди. Алар, атап айтканда, АСЕАНдын улуттук атаандаштык органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн ийгиликтүү форматтарына, алардын ишин баалоо методологиясына, укук колдонуунун бир катар өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү. АСЕАНды Комиссия жыл сайын өткөргөн атаандаштык маселелери боюнча аймактык уюмдардын жолугушууларынын жыйынтыктары, ошондой эле бул чөйрөдө ЕЭКтин ыйгарым укуктарын түзүү тажрыйбасы кызыктырды. "ЕАЭБде жана АСЕАНда интеграциянын ар кандай деңгээлдерине, ЕЭК менен АСЕАНдын атаандаштык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарындагы жана функционалдуулугундагы айырмачылыктарга карабастан, эки интеграциялык бирикменин бир максаты бар – ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды камсыз кылуу, – деп баса белгиледи Армине Акопян. – Бул максатты ишке ашыруу үчүн биз бири-бирибиздин мыкты тажрыйбаларды үйрөнүүгө жана аларды өз ишибизге киргизүүгө даярбыз". Отурумдун катышуучулары семинар жана консультация форматында, ошондой эле атаандаштык маселелери боюнча интеграциялык регионалдык уюмдардын диалогуна катышуу аркылуу дискуссияларды улантуу жөнүндө Комиссиянын сунушун колдошту. Иш-чарага АСЕАН мамлекеттеринин атаандаштык органдарынын, ошондой эле АСЕАН Катчылыгынын өкүлдөрү катышышты.
08 октябрындагы 2025 Руслан Давыдов: "Санариптик бажы инструменттери ЕАЭБге балдар үчүн товарларды мыйзамсыз алып кирүүдөн коргой алат" Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов Минскте өткөн "Антиконтрафакт-2025" Эл аралык форумунун тематикалык сессиясында ЕАЭБ мейкиндигинде колдонулуп жаткан жана балдар үчүн товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө каршы келечектүү чаралар катары каралып жаткан санариптик инструменттер жөнүндө айтып берди. ЕЭК бажы блогунун башчысы санариптештирүүнүн үч негизги инструментин баса белгиледи: навигациялык пломбалар, товарлардын санариптик маркаланышы жана товарларды Бирликтин бажы чек арасы аркылуу, ошондой эле Бирликтин ичинде өткөрүүдө электрондук документ жүгүртүү. Руслан Давыдовдун сөзү боюнча, санариптик маркалоо ЕАЭБ өлкөлөрүндө кеңири колдонулууда. Ар кандай товардык топторду маркалоо менен камтуу деңгээли мамлекеттер боюнча ар кандай болушу мүмкүн, бирок иш жүргүзүлүп жатат жана товардын конкреттүү бирдигинин жүгүртүлүшүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. ЕЭК министри эскертип өткөндөй, навигациялык пломбалар 2026-жылдын февралынан тартып "бешилтикте" колдонула баштаган — тиешелүү чечимди Комиссиянын Коллегиясы кабыл алган. Товарларды ташууда электрондук документтерди киргизүү санариптик экотутумду түзүүдө жана товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун жакшыртуу боюнча андан аркы иштерде логикалык кадам болуп саналат. "Бул инструменттерди киргизүү келечекте товарлардын кыймылы жөнүндө чоң маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет, алар бажы органдары тарабынан гана эмес, башка кызыкдар контролдоочу түзүмдөр тарабынан талданат, бул шектүү жана кооптуу жеткирүүлөрдү, анын ичинде балдар үчүн товарларды аныктоого жардам берет", — деп белгиледи Руслан Давыдов. Чыгып сүйлөгөн сөзүндө ЕЭК министри ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын тапшырмасы боюнча Комиссия ЕАЭБге товарлардын ташылып келишин декларациялоонун мониторингин жана талдоону жүзөгө ашырат жана бул талдоонун натыйжалары мыйзамсыз продукцияны ташып келүүгө каршы күрөштө пайдалуу болуп чыкты деп кошумчалады. "Ушул жылдын июль айында Комиссиянын Коллегиясы ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине бажы декларациясынын 31-графасынын толтурулушун текшерүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү сунушун кабыл алган – кеп импорттолуучу кийимдердин жана бут кийимдердин толук сүрөттөлүшү жөнүндө болууда. Эгерде декларацияда артикул, модель, өндүрүүчү жана соода маркасы көрсөтүлбөсө, анда алып келүүнүн мыйзамдуулугун контролдоо кыйла оорлой тургандыгын биз түшүнөбүз", – деди Руслан Давыдов. Ал ошондой эле ЕАЭБдин бардык мүчө өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын контрафакт жана фальсификат менен күрөшүүдөгү аракеттерди синхрондоштуруу боюнча биргелешкен жигердүү ишинин зарылдыгын баса белгиледи.
08 октябрындагы 2025 Максим Ермолович Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин төрагасынын орун басары Болат Самбетов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович 8-октябрда Астанада Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин Төрагасынын орун басары Болат Самбетов менен атаандаштык чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулады.   Тараптар Казакстандын аткаруу өндүрүшүнө жана сот аткаруучулардын статусуна тиешелүү мыйзамдарын жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле кээ бир аткаруу маселелерине токтолду, анын ичинде Комиссиянын атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуучуларга карата кабыл алынган чечимдерин жүйөлөштүрүлгөн сунуштамаларга жана мажбурлап аткарууга байланыштуу маселелерге. Ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Комиссиянын атаандаштык чөйрөсүндөгү чечимдерине жана иш-аракеттерине ЕАЭБ Сотуна даттануу бөлүгүндө акыркы түзөтүүлөр каралды. "Жолугушуунун жыйынтыгы — мындан аркы биргелешкен иштин негизги багыттары жана монополияга каршы жөнгө салуудагы кыйынчылыктарды чечүүнүн мүмкүн болгон форматтары жөнүндө макулдашуулар болду", – деп белгиледи Максим Ермолович. Мындан тышкары, тараптар Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин жана Максим Ермоловичтин "5+1" форматындагы 2025-жылдын октябрында Брестте өткөрүлүшү белгиленген кеңешмесинин күн тартибин талкуулашты. 
08 октябрындагы 2025 Гоар Барсегян "Алтын күз — 2025" иш-чараларына катышты Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай министри Гоар Барсегян 8-октябрда "Алтын күз — 2025" россиялык агроөнөр жай көргөзмөсүнүн ачылыш аземине жана пленардык сессиясына катышты. Иш-чарада айыл чарба өндүрүшүн тездетип өстүрүү максатында агрардык рынокту санариптик моделге трансформациялоо куралдары, чакан, орто жана ири бизнес ишканаларында жаңы технологияларды киргизүү механизмдери талкууланды. Комиссия ишкерлерге регионалдык экономикага жигердүү катышуу үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөрдү кошо алганда, мүмкүнчүлүктөрдү берип жаткандыгы белгиленди. Көргөзмөнүн иштиктүү программасынын алкагында Гоар Барсегян АӨК компанияларынын алдыңкы иштеп чыгуулары менен таанышты. "Алтын күз – 2025" иш чараларына Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, РФ айыл чарба министри Оксана Лут, РФ санариптик өнүктүрүү министри Максим Шадаев, тармактык жана коомдук уюмдардын, ассоциациялардын, бирликтердин, агроөнөр жай тармагындагы ишканалардын лидерлери катышышты.
07 октябрындагы 2025 Валентин Татарицкий: "Бирликтин техникалык жөнгө салуу тутуму рынокту кооптуу жана контрафакттык продукциялардан коргоого олуттуу салым кошууда" Продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы турууга багытталган жөнгө салуучу чараларды иштеп чыгууда ар кандай чөйрөлөрдүн жана компетенциялардын өз ара байланышын жана алардын арасында техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумунун ордун Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий Минскте өткөн XIII Эл аралык "Антиконтрафакт-2025" эл аралык форумунун пленардык отурумунда белгиледи. ЕЭК министри билдиргендей, Евразия экономикалык бирлигинде кабыл алынган 52 техникалык регламенттердин 48и жана алар менен байланышкан 8800дөн ашык мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайы жана бизнеси тарабынан колдонулуп, продукциянын жалпы рыногу үчүн негиз түзүлдү. "Коопсуздуктун жогорку деңгээлин сактоо жана илимдин, технологиялардын, өндүрүштөрдүн, сыноо базасынын өнүгүшүнүн заманбап деңгээлине шайкеш келүү үчүн Бирликтин укугуна техрегламенттердин илимий-техникалык деңгээлине баа берүү механизми киргизилген. 2029-жылга чейин биз Бирликтин 29 техникалык регламентине баа берүүнү пландаштырганбыз", - деп баса белгиледи ЕЭК министри. Ал бирликтик рынокко ак ниетсиз өндүрүүчүлөрдү жана кооптуу продукцияларды чыгарбоого өбөлгө түзгөн иштерге кеңири токтолду. "Стратегия-2025ти ишке ашыруу мезгилинде аккредитациялоо боюнча аккредитацияланган органдардын, сыноо лабораторияларынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча аккредитациялоо тармагында чоң иштер жасалды. Бирликтин Бирдиктүү реестринде - мындай 2800 уюм бар. Учурда аккредитациялоо боюнча улуттук органдар ак ниетсиз лабораторияларды жана сертификаттоо боюнча органдарды реестрден чыгарып жатканын көрүп турабыз, өлкөлөр менен мындай реестрге кирүү критерийлерин күчөтүү боюнча иш алып баруудабыз. Азыр Комиссиянын аянтчасында бул сунуштарды талкуулап жатабыз", - деп белгиледи Валентин Татарицкий. Милдеттүү талаптардын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жөнүндө айтып жатып, ал өлкө деңгээлинде алардын көзөмөл саясатын ишке ашырууга бир нече жөнгө салуучулар тартылганына көңүл бурду. Азыркы учурда Бирлик мамлекеттеринде алардын жалпы саны - 35. Анын пикиринде, рынокто продукциянын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөчү органдардын иши күчөдү. Муну Бирлик өлкөлөрүнүн техрагламенттеринин талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө улуттук органдарынан Комиссияга өз ара иштешүүнүн белгиленген деңгээлинин алкагында келип түшкөн маалыматтар тастыктап турат. Ошону менен бирге спикер аны өнүктүрүү боюнча иштердин комплексин, анын ичинде эки профилдик макулдашуунун алкагында: продукциянын жалпы коопсуздугу жөнүндө жана техрегламенттерге мамлекеттик көзөмөлдүн жалпы принциптери жана мамилелери боюнча иштердин комплексин белгиледи. "Биз беш өлкөнүн көзөмөл органдарынын синхрондуу жана ыкчам жооп кайтаруу механизминин үстүндө көп жана системалуу иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн туура схемасын куруу абдан маанилүү", – деп ишенет Валентин Татарицкий. ЕЭК министри Бирликтин рыногун шайкеш келбеген продукциядан натыйжалуу коргоону камсыз кылуу маселелери боюнча диалогду колдоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. "Боз" бизнес менен күрөшүүдө шайкештикти баалоо инструменттерин, анын ичинде объективдүү зарыл болгон жерлерде мындай баалоонун формаларын күчөтүү аркылуу ишке киргизүү зарыл. Мындай муктаждык техникалык регламенттерди шайкештикти баалоонун жаңы типтүү схемаларына ылайык келтирүүдө талданат", - деп спикер билдирип, иштин бардык айтылган багыттары Декларация-2030ду ишке ашыруу планында каралгандыгын белгиледи. Жыйынтыктап айтканда, Валентин Татарицкий бардык кызыкдар адамдарды тобокелдиктерди жана артыкчылыктарды комплекстүү талдоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү талкууларга кошулууга чакырды. Бул кооптуу жана контрафакттык продукциялар менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн керек.
07 октябрындагы 2025 Руслан Давыдов: "ЕАЭБдин Бажы кодексине тамеки продукциясынын жалган транзитине каршы күрөшүүгө багытталган түзөтүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда"   Евразия экономикалык бирлигинин алкагында тамеки продукциясынын жалган транзитине жана жалган экспортко каршы күрөшүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясы көрүп жаткан чаралар жөнүндө Минскте өткөн "Антиконтрафакт-2025" форумунда никотин камтылган продукциялар рыногуна арналган сессияда ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов айтып берди. ЕЭК министринин сөзү боюнча, Бажы кодексине тиешелүү түзөтүүлөр даярдалды жана жогорку деңгээлдеги даярдыкта турат. Руслан Давыдов дискуссиянын катышуучуларына ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөө механизминин киргизилиши жөнүндө маалымдады, ал 2026-жылдын 11-февралынан тартып иштей баштайт. "Тамеки продукцияларын мыйзамсыз алып кирүүгө жана жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча иштин маанилүү бөлүгү – Комиссиянын аянтчасында профилдик жумушчу топтун иштеши, – деп баса белгиледи ЕЭКтин бажы блогунун башчысы. - Ал өткөн жылы бизнестин демилгеси менен түзүлгөн, анын негизги милдети ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз тамеки жана никотин камтылган продукцияларды мыйзамсыз алып өтүүгө тыюу салуу маселелери боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат". Сессияга ошондой эле санариптик маркалоонун операторлору, тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөр, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана Беларустун жана Казакстандын профилдик ассоциацияларынын жана коммерциялык эмес уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Эл аралык "Антиконтрафакт" ассоциациясынын чечими менен контрафактылык жана жасалма продукцияны ташып келүүгө олуттуу салым кошкондугу үчүн Руслан Давыдов "Контрафакт менен күрөшүүгө сиңирген эмгеги үчүн" төш белгиси менен сыйланды.
07 октябрындагы 2025 Максим Ермолович: "ЕЭК заманбап дүйнөнүн тез өзгөрүп турган реалдуулугуна ыңгайлашууда" Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович 7-октябрда Астанада өткөн "Монополияга каршы подиум: атаандаштык чөйрөсүндөгү негизги чакырыктар жана тренддер" XI Евразия монополияга каршы форумунун пленардык сессиясына катышты. Максим Ермолович Комиссия тарабынан атаандаштык саясатын заманбап чакырыктарга ыңгайлаштыруу боюнча көрүлүп жаткан негизги багыттарды жана чараларды маалымдады. Анын ичинде жөнгө салуу процессинин ачык- айкындуулугун жана алдын-ала божомолдуулугун камсыз кылуу, ЕЭКтин демилгелүү аракеттеринин жаңы инструментин - сектордук изилдөөлөрдү киргизүү максатында Евразия экономикалык бирлигинин укуктарын өркүндөтүү боюнча иштер тууралуу билдирди. "Заманбап чакырыктарга адекваттуу жана ыкчам жооп берүүгө методологиянын жана практиканын синергиясы мүмкүндүк берет – академиялык көз караш жана илимий экспертиза улуттук жана улуттуктан жогорку атаандаш органдардын практикалык мамилеси менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө болушу керек. Атаандаштыкты адвокаттоо боюнча иш-чаралардын алкагында ушул артыкчылыктан улам, биз илимий-методологиялык демилгелерди жигердүү илгерилетип жатабыз", - деп белгиледи Максим Ермолович. ЕЭК министри блоктун атаандаштык боюнча бир катар демилгелерине өзүнчө токтолду. Алардын арасында - мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин атаандаштык ведомстволору менен актуалдуу маселелерди чечүү үчүн билим берүү курстарын, кеңешмелерди "5+1" форматында өткөрүү, атаандаштык маселелери боюнча аймактык уюмдардын диалогу. Евразиялык монополияга каршы форум евразия континентинин улуттук жана чек ара аралык рынокторунда атаандаштыкты коргоо жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун жана бизнестин ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн жогорку деңгээлдеги кесиптик аянтча болуп саналат.
Дагы көрсөтүү