Жаңылыктар
/
Жеке жактар үчүн товарларды алымсыз алып келүүнүн 1000 еврого чейинки босогосунун аракети 2023-жылдын 1-апрелине чейин узартылды
Жеке жактар үчүн товарларды алымсыз алып келүүнүн 1000 еврого чейинки босогосунун аракети 2023-жылдын 1-апрелине чейин узартылды
23.09.2022
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 23-сентябрдагы отурумунда жеке жактар үчүн товарларды алымсыз алып келүүнүн 1000 еврого чейинки босогосунун аракетин 2023-жылдын 1-апрелине чейин узартуу чечими кабыл алынган.
Буга чейин Комиссиянын Кеңеши ташуучулар же почта аркылуу ташылган, ошондой эле аба же жөө тартипте ташуудан башка, транспорттун бардык түрлөрү менен ташылып келген товарлар үчүн алымсыз алып келүүлөрдүн босогосун 1000 еврого чейин көтөргөн. Мындай босого убактылуу негизде ушул жылдын 1-октябрына чейин белгиленген.
Аталган чараны узартуу санкциялык басымдар орун алган шарттарда жарандарды колдоого жана зарыл товарлардын жана кескин керектүү импорттун тартыштыгынан качууга мүмкүндүк берет.
Маалымат
Буга чейин кабыл алынган чечимдерге шилтемелер:
- товарларды багаж менен же жөө тартипте алып келүү боюнча чечим;
- товарларды ташуучулар же почта жөнөтүүлөрү менен алып келүү боюнча чечим.